ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (21-декабрдан 27-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Тынчтык жана тынчтык… Так ушул ураан сизди ийгиликке жетелейт. Эмоцияга бат алдыргандыгыӊыз жана шашмалыгыӊыз баарын бузат, андыктан өзүӊүзгө болгон көзөмөлдү күчөтүӊүз. Апта ортосунда ар кыл маселелер келип чыгат, аны жылдыздар бирөөлөрдөн кеӊеш сурабай, ички туюмдун жардамы менен чечишиӊизди эскертишет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жан дүйнө согушуна даяр болуӊуз. Сарсанааӊызды эч кимге айтпай жашыруун кармаӊыз. Апта ортосунан тарта сизди толкунданткан оюӊузду ишке ашырууга өтүӊүз. Кылчактап отурбай ишке киришсеӊиз жашооӊузда өзгөрүү болот. Апта соӊунда сырткы келбетиӊизге, ден соолугуӊузга кам көрүӊүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жума окуяларга жана чакырууларга бай болот. Адамдар менен сүйлөшүү, ишке байланыштуу жолугушуулар сиздин пайдаӊызга чечилет. Жаӊы маалыматтар менен акыл кампаӊызды байытууга жетишесиз. Шаршембиден тарта жумуштагы тапшырмаларды аткарасыз. Бейшемби, жума күндөрү шашылыш чечим кабыл алуудан алыс болуӊуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Күчтүүлүк менен ишиӊизде демилге көтөрүп чыгып, аны эмгек менен айкалыштырсаӊыз, жакынкы аралыкта жаркын келечек күтөт. Аптанын экинчи жарымында жумушуӊуз солгундай баштайт. Бирок ишти таштап салбай, баарына чыдайсыз. Бул учурда жактырган адамыӊыз көӊүлүӊүздү алып, ар тараптан колдоп жаныӊызда болуп, сүйөрүн далилдейт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Азыр маанилүү деп эсептелген иштердин баарын аткаруу үчүн ыӊгайлуу мезгил. Кесиптештердин кызыкчылыгы менен сиздики туура келбей талаш-тартыш жаралышы мүмкүн. Дос-тааныштарыӊыз менен биргелешип алып барган ишиӊиздин пайдасын көрөсүз. Жума күнү чөйрөӊүздө жаӊы адамдар пайда болот, алар менен кызыктуу иштерди баштоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул жумада эмнени каалап, эмнени максат кылышыӊызды ачыктайсыз. Дүйшөмбү, шейшембиде ишиӊиздин жаӊы өӊүтү ачылат же таптакыр башка багыттагы жумушка аттанасыз. Кызыктуу таанышуулар да күтүлүүдө. Ишемби, жекшемби күндөрү жакындарыӊызга, үй-бүлөӊүзгө камкордук менен көӊүл бурасыз. Алардын сиз жөнүндө ойлору кубандырып, жашоого шык берет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Баштаган ишиӊизди орто жолго таштап салбай аягына чыгарыӊыз. Арты ийгиликтүү болот. Айланаӊыздагылар сиз менен баарлашкан кызыктуу жана пайдалуу деп эсептешет, ошондуктан кеӊеш сурап кайрылгандар көп болот. Жеке жашоодо токтоо жана чыдамкай болушуӊуз керек экендигин жылдыздар эскертишет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Өз күчүӊүзгө ишениӊиз. Ойлоруӊузду ишке ашырууга мезгил келип жетти. Ден соолукта маселелер жаралат, аны күчөп кете элегинде тезинен чечиӊиз. Бул апта чөнтөгүӊүз үчүн ийгиликсиз болот. Эс алуу күндөрү досторуӊуз менен жолугушасыз, туугандарыӊыз менен көрүшөсүз. Алар сизге жагымдуу белек даярдап койгону көӊүлүӊүздү көтөрөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башталышында жаӊы эч нерсе сатып албаӊыз, андан көрө эски буюмдарды орун которуштуруп койсоӊуз, жаӊырып калгандай көрүнөт. Адамдар жөнүндө жаман ойлорду ойлой берген адатыӊыздан кутулуӊуз. Ар кайсыны айтып досторуӊуздун ачуусуна тие берүүдөн качыӊыз, антпесеӊиз эски таарынычтар козголот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чач жасалгаӊызды алмаштырып, гардеробду баштан аяк жаӊыртып, үйдү оӊдоп-түзөө менен алектениӊиз. Жашоодогу мындай өзгөрүү жүрөгүӊүздө да болот. Түбөлүк сиздин жаныӊызда болчу сүйүктүүӊүздү жолуктурасыз. Апта соӊунда романтикалуу кече өткөрүүнү пландайсыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта чарчаткан жана оор жумалардан болот. Майда-чүйдөгө көӊүл бура берсеӊиз, нервиӊиз чыӊалып ооруканага чейин барасыз. Өзүӊүздүн кызыкчылыгыӊызды жумушта да, үйдө да коргой билиӊиз. Кыжалат болгон ойлоруӊуздан хоббиӊиз алып чыгат, ал гана эмес хоббиӊизге байланыштуу сунуш да түшөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта бою жумушта да, үйдө да керектүү адам болосуз, бардыгы сиздин катышууӊуз менен чечилип, жуманын башынан аягына чейин эрикпейсиз. Фантазияӊызга чек койбоӊуз. Шаршембиде бир нече идея келет. Аны ошол боюнча таштап койбой жакшылап иштеп чыгыӊыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан