Жаӊы жылдык дасторконго кандай салат, закускелерди даярдасам деп рецепт издеп жатасызбы? Туура кыласыз. Майрамдык менюну эртерээк түзүп, өзгөчө даамдарды даярдаган туура. Астрологдор Маймыл жылынын дасторконуна эч кандай чектөө коюлбаганын айтышат. Андыктан каалаган даам, азыктар менен дасторконду жайнатсаӊыз болот. Анан да бул жаныбар жакшы көргөн мөмө-жемиштерди, жашылчаларды коюуну унутпаӊыз!
Быйыл Жаӊы жыл майрамы иш күнүнө туура келгендиктен оӊой жана бат даярдалуучу салат, закускелердин рецепттерин сунуштайбыз.
«МАЙМЫЛ» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Колбаса – 200 грамм
Помидор – 2-3 даана
Кириешки – 70 грамм
Сабиз – 2 даана
Сыр – 100 грамм
Майонез – 2-3 аш кашык
Кооздоо үчүн көк чөп, зайтун
Даярдоо ыкмасы:
1. Колбаса, помидорду төрт чарчы түрүндө туурап алабыз. Помидордон чыккан ширени бөлүп салабыз.
2. Сыр менен сабизди өз-өзүнчө сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Эми колбаса, помидор, кириешки жана сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдын жарымын идишке салып, майонез кошуп аралаштырабыз.
4. Аралашманы тарелкага салып, маймылдын башынын формасына келтиребиз. Эми көзү болчу жерге эки рюмканы коюп, төбөсү тарапка сүргүчтөн өткөрүлгөн сабизди, тумшук жагына сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелейбиз. Эми эки рюмканы алып, анын ордун сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр менен толтурабыз. Андан соӊ зайтун ашынан сүрөттөгүдөй кылып көзүн, кашын, оозун жасап коёбуз. Салатыбыз даяр! Эгер колбасаны сүйүүчүлөрдүн катарына кирбесеӊиз, анда аны сууга бышырылган малдын же тооктун эти менен алмаштырсаӊыз болот.
«КҮН ЖЕЛЕСИ» ЗАКУСКЕСИ
Керектелүүчү азыктар:
Сыр – 250-300 грамм
Жумуртка – 2 даана
Сарымсак – 1 тишче
Майонез – 1 аш кашык
Кооздоо үчүн көк пияз, паприка, күнжүт
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Сыр, сууга бышырылган жумуртка, сарымсакты сүргүчтөн өткөрүп, майонез кошуп аралаштырабыз.
2. Эми бул аралашмадан аз-аздан алып тоголоктойбуз да, майда тууралган көк пиязга, күнжүткө, паприкага оонатабыз. Буларды майда тууралган калемпир, сабизге алмаштырсаӊыз да болот.
«КУЛПУНАЙ» ЗАКУСКЕСИ
Керектелүүчү азыктар:
Туздалган балык – 150 грамм
Сыр – 100 грамм
Картошка – 250 грамм
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Грек жаӊгагы – 35 грамм
Көк пияз – 35 грамм
Кызылча ширеси – 40 грамм
Күнжүт – 2 аш кашык
Татымына жараша туз, кооздоо үчүн петрушка
Даярдоо ыкмасы:
1. Балыкты тазалап, майда туурайбыз. Буга сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр, грек жаӊгагын, майда тууралган көк пиязды кошуп аралашма даярдайбыз.
2. Сууга бышкан картошкага 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп эзип, андан чакан токочторду жасап, ортосуна 1 чай кашык аралашма салып, кулпунайдын формасына келтирип, 5 мүнөткө муздаткычка салабыз.
4. Закускебизди өӊүнө чыгаруу үчүн кызылчанын ширесине «кулпунайларды» малып, үстүн май менен майлап, күнжүттөн себелеп, сабагын петрушкадан жасайбыз.
ИСПАН САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Консерваланган тунец балыгы – 200 грамм
Төө буурчак – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Картошка – 2-3 даана
Пияз – 1 баш
Помидор – 2 даана
Зайтун майы – 1 аш кашык
Уксус – 1 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч, көк чөптөр
Даярдоо ыкмасы:
1. Сууга бышырылган картошканы, жумуртканы жана помидорду чоӊ-чоӊ кылып туурап алабыз.
2. Пиязды жарым шакекче түрүндө туурап, кайнак сууга бир сыйра жууйбуз.
3. Эми консерваланган төө буурчакты, бир нече бөлүккө бөлүнгөн тунец балыгын жана пиязды кошобуз.
4. Үстүнө зайтун майы менен уксустун аралашмасын куябыз.
5. Салатты көк чөптөр менен кооздоп дасторконго коё берсеӊиз болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg