Баястан: «БИЗДИ ДА ТОЙГО ЧАКЫРА БАШТАШТЫ»

Бир кезде рэп дегенде Тата Улан менен Добрду элестетер элек. Анан да бул жанрды азчылык гана сүйүп укчу. Азыр рэп десе жаштар Бегиш менен Баястанды айтып, ырларын баса калып угушат. Мурун эки жигитти бири-биринен айырмалай алышпаса, учурда алардын фанаттары көбөйдү. Ошол эки жигиттин бири, куюлуштуруп рэп окуп алгач Көчө акыны деп таанылган, келечектеги дарыгер, аз-саз сүйлөгөн Баястанды кепке тарттык.

– Кандайсыӊ, Баястан? Акыркы кезде эстрада ырчылары менен дуэттериӊер көп жазылып жатат. Дуэтке ким кызыкдар болуп жатат?
– Рахмат, жакшы. Ооба, былтыртан баштап поп музыкасынын аткаруучуларынан дуэт жаздырууга сунуштар көп түшүп жатат. Менимче, биз менен жаздырган чыгармалар ырларга көрк берип жатат окшойт.
Дуэттен сырткары өзүбүз деле токтоп калбай иштеп жатабыз. Эсиӊиздерде болсо керек, бир кезде «02.14» деген топ бар болчу. Ал топ көпкө жетпей чачырап, достордон Бегиш экөөбүз эле калганбыз. Азыр кайра рэп айтуучулар чогулуп, бул багытты жандандыруу максатында жаӊы студия ачып, кызуу иштеп жатабыз.
– Ырлар кантип жаралат? Ким муза болуп, себепчи болот дегендей...
– Биздин студияда бит (аранжировка) жасаган бала бар. Ал бизге аранжировкасын сунуштайт, жакса ошого текст жазабыз. Же бизде идея жаралып, «мындай кылгыбыз келип жатат» десек, жаныбызда отуруп эле бит жазып берет.
– Тойлордо рэпке бийлегиси келгендер чыгып жатабы? Дегеним, тойго чакыруу болобу?
– Мындан 3-4 жыл мурун тойго чакыруу болчу эмес. Анткени бизди көбүнчө жаштар укчу. 1 жылдан бери тойлорго чакыруулар түшө баштады. Бул деле рэптин элге сиӊип баратканынан кабар берет. Албетте, биз эстрада ырчыларындай болуп тойдон көп акча чогулта албайбыз. Азыр жакшылап эмгектенип, тапкан каражатыбызды кайра эле чыгармачылыгыбызга жумшап жатабыз. Кудай буюрса, кийин ушул эмгегибиздин үзүрүн көрө баштасак керек.
– Бир кезде Бегиш экөөӊөрдү бир рэпер «мууздап салам» деп коркутпады беле. Тиматинин Филипп Киркоровго чакырык иретинде жаздырган «Давай, до свидания» деген ыры да талкуу жараткан. Ошондой коркутуулар дале болобу?
– Туура, биз жаӊы рэп окуй баштаганда андай чакырыктар болчу. Бирок азыр андайларга көӊүл бөлбөйбүз. Айрымдар ошентип өздөрүнүн атын чыгаруу үчүн пиар да кылышат. Сиз айтып жаткан Тиматинин Киркоровго каршы чыгарган ыры жөн гана пиар деп ойлойм.
– Дүйнөлүк рэперлер клиптерине кымбат машиналарды, алтын чынжырчаларды, баштык толгон акчаларды тартышат эмеспи. Силерде андай
«понтторго» кызыгуу барбы?
– Бизде да ошондой жашоо шарт болсо, биз деле мактанып клиптерди тартмакпыз. Америкалыктарда жашоо жакшы, ошондой байлык бар. Биз андай деӊгээлге жете элекпиз. Анан да чет өлкөлүктөр рэп айтууда уят сөздөр менен сөгүнө беришет. Биз ошентип сөгүнүп чыксак болбой калат. Кыргыз болгондуктан өзүбүздүн менталитетке туура келген, элди ынтымакка чакырган темада рэп окуйбуз. Биздин чыгармачылыгыбыз кыргыз жыттанып турушу керек.
– Кимдерге карап түздөнөсүӊөр?
– Байкасаӊыздар, мурункуга караганда деӊгээлибиз бир кыйла көтөрүлдү. Себеби азыр кыргыз рэперлеринин башын бириктирген чоӊ студия бар. Анда жаӊы эмгектерибиз жаралат, клиптер тартылат. Өзүбүз деле мындан ары өсүш үчүн чет элдик рэп маданиятынан кабардар болуп турабыз. Маалымат алган сайын өзүӊ да таасирленип, ар кандай идеялар келе баштайт экен. Өзүм болсо T. I. (Ти Ай) деген америкалык рэперди тажабай угам.
– Кыргызстандан сырт жактарга рэп баттлга (беттешүүгө) катышасыӊарбы?
– Мындан 2 жыл мурун Назгүл Токтакунова, Бек Исраилов, Бегиш болуп Казакстанга барып келгенбиз. Ал жактан казак туугандар менен «беттешип» теӊ чыкканбыз. Бирок, чынында, биз жеӊгенбиз. Казак туугандар өз жеринде уят болбойлу деп теӊ кылып коюшту окшойт.
– Ылдам рэп окуш үчүн машыгасыӊарбы?
– Ооба, рэпти бат окуш үчүн тилди машыктыруу керек. Бул да оӊой иш эмес. Ага адамдын каалоосу жана аракети жумшалат. Рэпти так, бат окуш үчүн китептерди шар окуп даярданабыз. Анан музыкадагы ритмге түшсөӊ ылдам окуп кете бересиӊ.
– Университетте окуп, чыгармачылык менен жүрүп эс алууга убакыт табылабы?
– Азыр катарынан эмгектерибизди жаратып жүрүп бош убактым дээрлик болбойт. Бирок музыка мен үчүн алмашкыс эс алуу. Клубдарды жаман көрөм. Бир аз бошой калсам фитнес менен машыгам, баскетбол ойноп турам.
– Маек соӊунда күйөрман кыздарыӊды кызыктырган суроону узатайын. Сүйлөшкөн кызыӊ барбы? Жок болсо, кыздар кантип көӊүлүӊдү тапса болот?
– Сүйүүгө кабылганымдан бери сезимге олуттуу карайм. Ушуга чейин бир да сүйлөшкөн кызыма жеӊил ойлуулук менен мамиле кылган эмесмин. Ар бирин келечектеги жубайым катары көрчүмүн. Тилекке каршы, андай болбой калды. Чынында, сүйүүдөн көп күйдүм, кыйналдым.
Эми кызыккан кыздарга маалымат бере кетейин (күлүп). Учурда жүрөгүм бош, эч ким менен сүйлөшпөйм. Жөнөкөймүн, кыздар да ошондой болсо дейм. Кыз деген ыймандуу болуш керек. Эгерде ата-энесин сыйлай алса, башка адамды да сыйлай алат деп ойлойм. Менин жүрөгүмдү багындырыш үчүн мындай же тигиндей эрдик кылыш керек деп айта албайм. Жер тоголок дешет го, балким, эч кандай эрдиги жок эле маӊдайга жазган болсо, мени жактырган кыз менен келечегибиз бир болуп калар.
– Маегиӊе рахмат!

Атасынын кичинекей рэпер уулу. "Бала кезимден эле апамдын шуруларына кызыкканым бекеринен эмес экен".

"Жай сайын көлгө барып эс алуу мага энергия тартуулайт".

"Иниме учкашып эшек минген күндөрдөн бир элес".

"Кичинекей балдарга аябай жакынмын. Ошон үчүн педиатр кесибин тандасам керек".

"Бегиш досум экөөбүз тез-тез урушуп, кайра эле нааразычылыгыбызды бетке айтып жазылып кетебиз".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
sezimai93
2015-12-21 09:43:45
Жакшы маек куруп бериптир азаматсын Ийгилик !
+1
Senuchunzhashaim
2015-12-21 12:51:42
Жакшы, токтоо муноз жигит окшойт, берген интевьюсу жакты. Ишинерге ийгилик жигиттер, силер менен бир гана сыймыктануу керек. Уважаю. Очпогон жылдыздардан болгула.
+1
aizirek...
2015-12-21 13:12:36
жагат мага жагат. Ийгилик каалайм
0
amanatym
2015-12-21 15:12:06
мага жакпайт булар
-6
Afina
2015-12-21 16:39:17
суйом да ырларын))) ийгилик каалайм)))
+1
jama9210
2015-12-21 17:53:00
Бул бала 02.14 тобунда ырдачу беле?
-2
pretty2014
2015-12-21 23:43:36
Азаматсын,сага ийгилик,жакшы чыгып атасынар.
+2
lazygirl
2015-12-21 23:54:19
Ушуга чейин бир да сүйлөшкөн кызыма жеӊил ойлуулук менен мамиле кылган эмесмин. Ар бирин келечектеги жубайым катары көрчүмүн.

Ушул сөздөрү жакты да) Азамат !
+5
Deniza88
2015-12-24 02:17:34
Красавчик
-1
gulperi.kg
2015-12-27 20:17:35
молодец.
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан