БАНК КЫЗМАТЫНАН КОЛДОНУУДА УКУГУӉУЗДУ КОРГОЙ БИЛИӉИЗ

Банк кызматынын керектөөчүлөрү ар дайым өз укуктарын коргой алышы кажет. Керектөөчүлөр өз укуктарын билүү менен ар кандай тобокелчиликтердин алдын алып, коопсуз, туруктуу жана мыйзам ченемдүү финансылык тейлөө кызматтарына ээ боло алышат. Ал эми банк кызматын колдонуучулар кандай так эреже же укуктарды билүүгө тийиш деген маселенин тегерегинде маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын банктарга тышкы көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн инспектору Бактияр Жакыпбаев менен маектештик.

– Саламатсызбы?! Банктык тейлөө кызматынын керектөөчүлөрү деп кимдерди айтабыз? Алгач маегибизди ушундан баштасак...
– Саламатчылык! Керектөөчүлөрдүн катарына юридикалык жана жеке тараптар кирет. Ошондой эле жеке адамдардан түзүлгөн топтор да кирүүгө укугу бар. Максаттуу катары керектөөчүлөрдү 3 топко бөлсө болот:

  • Биринчиси – аманатчылар, банкта аманат сактагандар;
  • Экинчиси – карызгерлер, банктан насыя алгандар;
  • Үчүнчүсү – жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн жүргүзгөн операцияларын, юридикалык жана жеке ишкерлер тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөрдү жана которууларды айтсак болот. Буга кошумча банктарда пластикалык карточкалар менен жүргүзүүчү операциялар (интернет банкинг) жана которуулар (өлкө ичинде же чет өлкөгө), сейф сактоо кызматы, баалуу кагаздар менен жүргүзүүчү операциялар, чет өлкөлүк валютаны алмаштыруу операциялары жана башкалар кирет.

– Керектөөчүлөр эӊ негизгиси эмнеге көӊүл бөлүшү керек? Мисалы, тигил же бул жаран банкка аманат салуу үчүн кайрылайын деп жатат дейли...
– Банк жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган банктык эмес финансы-кредит мекемесинде банктык аманат келишимин түзүүдөн мурда аманатчы төмөнкүлөргө көӊүл буруусу зарыл:

  • Лицензиянын болушуна жана өзгөчө операциялардын чектелүүсүнө же токтотулуусуна;
  • Ишенимдүүлүктүн болушуна (финансылык абалы жана Кыргыз Республикасынын рыногунда анын орду, КРнын Улуттук Банкынын экономикалык ченемдерин аткаруусу);
  • Аманаттар/кредиттер боюнча пайыздык чендерге;
  • Тейлөө үчүн тарифтердин өлчөмүнө (комиссия, айып пул жана башка төлөмдөр);
  • Келишимдин шарттарына (мөөнөткө, кредитти камсыздоо жана башка);

– Аманат келишими боюнча шарттарда, аманат түрү (мөөнөттүү, талап боюнча төлөнүүчү), аманат суммасы, валюта, жайгаштыруу мөөнөтү, сый акы чени, мөөнөттүү аманаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу шарттары, мөөнөттүү аманатты толуктоо жана чегерилген пайыздарды капиталдаштыруу мүмкүнчүлүгү камтылган.
Бирок аманатчыларга эскертүүчү нерсе, банк тарабынан аманаттар боюнча сунушталган жогорку чендер, банкта көйгөйлөрдүн орун алышын тастыкташы мүмкүн.
Аманатчы мындан тышкары, КРнын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, кепилдик жагдай келип жеткен учурда ар бир аманатчыга аманаттар боюнча пайыздарды кошо алганда, жалпысынан 100 миӊ сомдон ашпаган компенсация төлөнүп берилерин билүүгө тийиш.
Келишим шарттарына, аманатка пайыздарды чегерүү жана төлөп берүү тартибине, тараптардын укуктарына жана милдеттерине көӊүл бурууга тийиш.
Аманатчы аманат салынгандан кийин анын колунда эсебине акча каражаттардын келип түшкөндүгү фактысын тастыктаган документ болушун унутпоосу зарыл. Бул документ банктык аманат келишим шарттары боюнча акча каражаттарын кайтарып бергенге чейин сактоо зарыл.
– Ал эми насыя алууну каалаган керектөөчүлөр эмнеге көӊүл бурушу керек?
– Насыя алуу чечимин кабыл алганга чейин:

  • Насыянын максаттуу багытын аныктап, насыя алуу зарылчылыгына жана кредиттик келишимге ылайык аны өз учурунда төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүсү керек;
  • Сунушталып жаткан насыянын, анын ичинде насыя алуу жана анын ордун жабуу менен байланыштуу бардык төлөмдөр жөнүндө шарттар менен таанышып чыгуусу;
  • Насыянын пайыздык ченине көӊүл буруусу зарыл;
  • Жылдык эффективдүү пайыздык чен өлчөмүнө көӊүл буруп, анда банктын пайдасына насыя алуу менен байланыштуу карызгердин төлөмдөрү эске алынышы керек;
  • Насыянын абсолюттук маанидеги толук наркына көӊүл буруу зарыл, анда кредиттик келишим түзүү учурунда үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кошо алганда кардардын чыгашалары эске алынат.

– Сиз айткан эрежелерди эске алуу менен кредиттик келишимге кол коё берсе болобу?
– Карызгер кредиттик келишимге кол коюудан мурда анын шарттары менен кылдат таанышуусу зарыл. Кредиттик келишимге кол койгонго чейин карызгер төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Юридикалык кеӊеш алуу үчүн өз каалоосу боюнча келишимдердин долбоорлорун талап кылууга;
  • Эгерде кредиттик келишимдин шарттары түшүнүксүз болсо, банктын кызматкерлеринен аны түшүндүрүп берүүсүн өтүнүүгө.
  • Кредиттик келишимдин шарттары менен таанышып чыккандан кийин карызгер кредит алуунун бардык ыӊгайлуу жана ыӊгайсыз жактарын салыштыруусу зарыл.
  • Кардардын каалоосу боюнча келишим мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт. Кредиттик келишимдин тексти өздөштүрүүгө жана түшүнүүгө мүмкүн болгондой так жана жеткиликтүү болуусу тийиш.
  • Келишимге кол коюуда карызгер келишим шарттарына ылайык алган акча каражаттарын кайтарып берүүдө андан ары пайда болушу ыктымал көйгөйлөрдөн четтөө үчүн сунушталып жаткан насыянын бардык шарттарын тактап алуусу зарыл.
  • Кредиттик келишимге кол койгондон кийин карызгер акча каражаттарын алганга чейинки мезгил ичинде аны алуудан баш тартууга укугу бар. Ал эми кредиттик келишимге кол коюу менен, анын бардык шарттарына макул экендигин жана аларды аткаруу боюнча милдеттемелерди өзүнө алгандыгын эске тутуусу зарыл.
  • Мындан тышкары карызгер эгерде кредиттик келишимге ылайык өз милдеттемелерин талаптагыдай аткарбай койсо, КРнын мыйзамдарына ылайык банктар, күрөө предметин (анын ичинде кыймылсыз мүлккө: үй же квартира) өндүрүү боюнча кайрылуусу ыктымал. Ушуга байланыштуу кредиттик келишимге жана банктын башка документтерине карызгер бул келишимдин шарттары түшүнүктүү экендигин, ал төлөмдөр тууралуу жана аларды качан төлөө зарылчылыгын, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин толук түшүнгөндөн кийин гана кол коюуга тийиш.

– Эгерде убакыт өткөндөн кийин керектөөчү келишимдин шарттарын өзгөрткүсү келсе эмне кылуу керек?
– Керектөөчү менен коммерциялык банктын ортосундагы мамиле КРнын Жарандык кодексинин 2-беренесинде белгиленген. Ага ылайык, эки тараптын теӊ катышуучулары келишимдин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттенмелерин белгилөөдө жана келишимдин мыйзамдарга карама-каршы келбеген кандай гана болбосун шарттарын аныктоодо эркин болушат. Ушуга жараша керектөөчү коммерциялык банкка түздөн-түз кайрылып, келишимдин өзгөртүү себептерин жазуу түрүндө түшүндүрүүсү зарыл. Кошумчалап коюучу жагдай, коммерциялык банктар өз аброюн жана ошондой эле кардарлар менен жакшы мамилени түзүү максатында экинчи тарап менен макулдукка барат. Бирок коммерциялык банктардын иш жүргүзүүсү пайда табууга умтулган. Банктар ошондой эле башка кардарларга милдеттенмелери бар жана бул себептерге байланыштуу банк келишимдин шарттарын максатка ылайык өзгөртүүсүн карайт.
– Аманатчы жана насыя алуучулардан башка керектөөчүлөр эмнелерди билүүгө тийиш?

  • Операция жүргүзгөндөн кийин (банктан акча которууда, банктан же алмаштыруу жайынан чет өлкөлүк валютаны сатып алууда) аны айкындоочу документтерди талап кылыӊыздар (кассалык чек, кабарландыруучу кат, квитанция жана башка);
  • Келишимдин шарттарына жана сиздердин милдеттериӊиз көрсөтүлгөн жагдайларга өзгөчө көӊүл буруӊуз;
  • Башка банктардын банкоматтарында тейлөөдө тарифтерине жана комиссиялардын өлчөмдөрүнө көӊүл буруӊуз;
  • Пластикалык карточкаларга болгон коопсуздук эрежелерин жана ошого байланыштуу конфиденциалдуу маалыматты сактоону талап кылыӊыз. Мисалы, эгерде сиз карточканы жоготуп алсаӊыз, Кардарларды колдоо борборуна кайрылып картаны жабуусун сураныӊыз.

– Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча кандай иш-аракеттер коммерциялык банктар тарабынан жүргүзүлүп жатат?
– Кыргызстандагы кээ бир банктар жана финансылык кредиттик мекемелер «SMART» сертификатына ээ, бул сертификат ыктыярдуу түрдө банк тарабынан алынат жана бул мекеме керектөөчүлөрдүн коргоо принциптерин колдоп жатканын билдирет. Бул принциптер Smart Campaign негизин түзөт жана өз ичине төмөнкү тармактарды камтыйт: кардарлардын мүмкүнчүлүгүн эске алуу жана алардын талаптарына ылайык продуктуларды жаратуусу, өтө эле көп милдеттеменин алдын алуу, маалыматтын ачыктыгына, баа түзүүдөгү жоопкерчиликке, кардарлар менен урматтуу жана адилеттүү мамилелерди түзүү, кардарлар боюнча маалыматтарды коргоо жана доо арыздарды караштыруу тартибин жана аларды жөнгө салуучу иштерди камтыйт.
Мындан башка кызыктыруучу суроолор боло турган болсо, коммерциялык банк боюнча маалыматты банктын өзүнөн, ошондой эле банктын интернет сайтынан жана Улуттук Банктын расмий интернет сайтындагы (www.nbkr.kg), «Банк тутуму» бөлүгүнөн кошумча маалыматтарды алууга болот.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан