Таэквондо (WTF) ассоциациясынын президенти Алексей Пак: «ИШКЕРДИКТИ АКЧАМ ЖОК БАШТАГАМ»

Ийгилик сыры

Алексей Филиппович Пак улуту корей болсо да, өзүн Кыргызстандын чыныгы патриоту деп эсептейт. Бирок патриотмун деп куру сөз менен көкүрөк какпай, аны жасаган иши менен айгинелейт.

– Баары балалыктан башталат эмеспи. Маегибиздин башын сиздин балалыгыңыздан баштасак...
– Менин балалыгым Өзбекстандын Үргөнч шаарында өттү. Мектепте 8-класска чейин жакшы эле окучумун, бирок өткөөл куракка келгенде окуу экинчи планга калып, рок музыкасына кызыгып кеттим. Чачымды узун өстүрүп дегендей.
Аскер кызматын өтөп жүргөндө, келечекте кайсы кесиптин ээси болорумду кененирээк ойлондум. Ошол өспүрүм кезимде эле негедир Кыргызстандын берекелүү жери, тарыхы абдан кызыктырчу. Армиядан келгенден кийин түйүнчөгүмдү түйүп, Кыргызстанга баса бердим. Атам аябай каршы болуп: “Сен бөлөк эл, бөлөк жерде бизсиз жашай албайсың” деп мени оюмдан айнытууга аракет кылды. Бирок атамдын ушул айткан сөзүнө намыстанып, өзүм бутка турууну чечтим. Бул жакка келгенден кийин аскерден алган лейтенант наамым менен милиция кызматкери болуп ишке орноштум. Бир жарым жылча иштегенден кийин Казакстандагы Чымкент милиция мектебине окууга жиберишти. Окуумду аяктаган соң Кыргызстанга келип, кесибим менен иштөөнү туура көрдүм.
– Бөтөн жерде кыйынчылыктар аз болбосо керек...
– Кыйынчылыктар башымдан көп эле өттү. Ошол кезде алган 210 рубль маянам батирге жана тамак-ашка араң жетчү. Аябай кыйналганда отуруп алып, атамды угуп үйдө эле калып калбай деп өзүмчө кыжалат болгонум менен, кайра барууга намыстанчумун. Арзаныраак болот деп Кара-Балтадан батир алып да жашап жүрдүм. Көп жолу жумуштар менен шаарда кармалып калып, автобекетке түнөгөн күндөрүм болду. Чыныгы кыйынчылык мен үчүн Союз тараганда башталды. Ошондо жумушумду таштап, талаа жумуштарына иштөөгө туура келди. Кадимкидей эле чөп отоп, картошка айдап дегендей. Талаадагы жумушумду жеңилдетүү үчүн эмгек куралдарын жасап алууга жөндөмдүү элем. Кадимки эле чөп отогондо белиң талып кетет го. Ал эми мен кичинекей отургучту жамбашыма байлап алчумун. Ошентип, күнгө күйүп, шамалга колу-бетим кесилип жүрүп, минтип келечегимди кура албасымды түшүндүм. Анан ошол жерден мага укмуштуудай идея келди. Ал спортко байланыштуу иш баштоо эле.
1993-жылы тааныш балдар менен биргеликте Таэквондо ассоциациясын уюштуруучуларынын бири болуп калдым.
Ар бир ишти баштоого каражат сарпталат эмеспи. Бирок мен бул ишке акчам жок эле кириштим. Кыскасы, пландаган иш ийгиликтүү болорун алдын ала көрө билгендигим жана түрдүү идеяларым бүгүнкү ийгиликке алып келди.
Кыргыз элинде «жети өлчөп бир кес» деп айтылат эмеспи. Анын сыңарындай, мен бир ишти баштаарда ийне-жибине чейин пландамайынча баштабайм.
– Ийгилигиңиздин сыры ушунда окшобойбу?
– Ийгилигимдин сыры мында же тигинде деп айта албайм. Бирок адам баласы алдыга койгон максатына жетүүгө чындап киришип, жалкоолуктан алыс болсо, эч качан ийгиликтен куру калбайт деп айта алам. Ошондой эле ар бир адам реалдуу идеяларга бай болушу керек. Анан, албетте, талыкпас эмгек.
– Ишиңизди спорт жаатында баштап калганыңызга караганда, өзүңүз да спортко кызыксаңыз керек?
– Мектепте окуп жүргөндө эле спортко кызыкчумун. Таэквондонун (WTF) өнүгүүсү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм.
– Сөздү атаңызга берген убадаңыз тууралуу улантсак. Ийгиликке жетишкен соң атаңызга бардыңызбы?
– Учурда ата-энем жана эки бир тууганым Орусиянын Санкт-Петербург шаарында турушат. Кыргызстанга келгенимден 8 жылдан кийин атам мени издеп келди. Ошондо менин колумду бекем кысып, “кыргыз эли-жери сени кабыл алыптыр, уулум, азаматсың!” деди.
– Акча болгон жерде кримдүйнөсү жанаша жүрөт эмеспи. “Кээ бир ишкерлер бизнесинин коопсуздугу үчүн атайын кримдүйнө менен байланышта болушат” деп угуп калам...
– Мындай учурларда дипломаттык жол менен иш алып барам.
– Сактык үчүн ашыкча акчаңызды Швейцария банктарына салсаңыз керек?
– Мен банкка акча салбайм. Акча дайыма айланып турушу керек.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик.

  • Туулган жылы – 1964-жыл
  • Туулган жери – Өзбекстан, Үргөнч шаары
  • Билген тилдери – Орус, кыргыз, англис тилдери
  • Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы
Бахияна Сатылганова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан