Сылык сүйлөп, жүзүнөн жылмаюу кетпеген алып баруучу, актёр Турусбек Жумалиев «Арт-Өнөр» аттуу студия ачып, өзүнүн тажрыйбасын, билимин жаштарга үйрөтүп келет. Анын колунан тарбия алган айрым окуучулары тасмаларга тартылышса, айрымдары эл аралык сынактардан байгелүү орундарга жетишип, ийгиликтерди багындырып келет.
«3 жылдан бери жүздөгөн шакирттерди тарбияладым. Эми жаӊы жылга карата концерт берели деп жатабыз» деген Турусбек мырза буларга токтолду: «Жаӊы жылды утурлай шакирттерим менен жаӊы программадагы эстрадалык сатира, пародия, ыр-бий коштолгон концерт беребиз».