СПОРТЧУЛАР ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТАРЫН АЛЫШАТ

«Супер-Инфо» гезитинин мурунку спорт кабарчысы Базарбек Абдураимов 2 жылдан бери спорт жаатында наам тапшыруу аземин колго алып жүрөт. 25-декабрда бул маараке экинчи ирет өткөнү турат. Кесиптешибиз алдыдагы пландары тууралуу ойлору менен бөлүштү.
«Спорт жаатында мындай азем Индияда гана болот экен. Буюрса, биз дүйнө боюнча экинчилерден болуп спортчуларды сыйлоо аземин өткөрүп жатабыз. Чет өлкөдө ийгилик жаратып, туубузду көтөргөн азаматтарыбыз абдан көп. Ошондуктан спортчуларыбыздын эмгегин баалап мындай аземди уюштурдук.
Бул ирет да азем кызыл килем менен ачылып, концерт менен коштолот. Анан былтыркыга караганда быйыл масштабдуу болмокчу. Аземге саясатчылар, меценаттар жана Орусиянын Олимпиада чемпиону Виктор Маркин катышмакчы
».

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
hanisa
2015-12-22 09:33:48
Ушуга караганда акчалай колдошсо болбойбу
Байкуштар оз акча лары менен мелдешке барышат
+1
megadon.kg
2015-12-23 08:16:47
акча жоок дешет бирок мындай ысырапкерчилике табышат.ее кудай озун баарына ыйман бер ошодон коро елге зекет берсе болмок
+1
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан