«Кыргызстан», «Карындаш», «Баары бир» аттуу ырларды укканда бет кабын чечпеген Тата Улан эске түшөт. Курч сөздөрдү кураган рэпер акыркы учурда көрүнбөй кетти. Анын азыркы тапта эмне менен алектенип жүргөнүн сурап, жооп алдык.
– Улан мырза, кандайсыз? Акыркы учурда дайыныӊыз билинбей кетти...
– Саламатсыӊарбы? Мен башынан эле ушундай темп менен келе жатам. Эргүү келсе ыр жазып, аны аткарып калам. Башкалардай болуп «айына мынча ыр жаздырышым керек, бир жылда баланча клип тарттырышым керек» деп жан талашпайм. Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылардын көбү ыр жаздырдыӊбы, демек, сен иштеп жатасыӊ, жаздырбасаӊ жоксуӊ деген чек менен жашашат. Чыныгы чыгармачыл адам бир жылда бир же үч жылда бир ыр жаратышы ыктымал. Мен ошондой ырчылардын катарына кирем.
– Ысык-Көл тууралуу ырыӊыздан кийин сизге эргүү келбей жатат окшойт...
– Ал ырдан кийин «Эркиндик» аттуу ыр жаздырдым. Азыр дагы башын баштап койгон ырларым бар. Бүтүп калса элге тартуулайм.
– Чыгармачылыкты жыйыштырайын деген оюӊуз жокпу?
– Андай оюм жок. Чыгармачылыкка аралашып жатканда үтүктү сайса да ырдай турган деӊгээлге жетейин деп максат койгон эмесмин (күлүп).
– Учурда эмне менен алексиз?
– Үй-бүлөмдү каржылап, эл катары эле турмуш кечирип жатам.