Түркмөнстан президенти Атамбаевге: «СИЗДИН ЭЛ АРАЛЫК АРЕНАДАГЫ КӨЗ КАРАШЫӉЫЗ БИЗ ҮЧҮН АБДАН БААЛУУ»

Президент Алмазбек Атамбаев 11-15-декабрь күндөрү иш сапары менен Түркмөнстан, Кувейт жана Катар мамлекеттерине барды. Өлкө башчынын сапары адегенде Түркмөнстанда башталып, аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуп, «Нейтралитет саясаты: Тынчтык үчүн эл аралык кызматташтык, коопсуздук жана өнүгүү» аталышындагы конференциянын ачылышына катышты. Бердымухамедов Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен билдирди. «Сиздин бул конференцияга келгениӊизге кубанычтамын. Сиздин эл аралык аренадагы көз карашыӊыз биз үчүн абдан баалуу»,- деген оюн билдирди.
Андан соӊ президент Атамбаев Кувейтке сапар тартты. Расмий сапардын алкагында ал Кувейттин биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри, Араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фондунун төрагасы шейх Сабах Халед аль-Хамад аль-Сабах менен жолугушуп пикир алмашты. 13-декабрда Алмазбек Атамбаев Кувейттин премьер-министри шейх Жабер Мубарак аль-Хамад аль-Сабах менен жолугушту. «Мамлекеттерибиз үчүн өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду чогуу ишке ашыра алабыз деп ишенем. Ошондой эле Кувейт ишкерлеринин кыргыз өлкөсүнө келишин күтөбүз»,- деди президент. Мындан сырткары Кувейт мамлекетине болгон сапарда президент Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилигинин ачылыш аземине катышты. Мындан соӊ ажо Катар мамлекетине сапар алып, ал жактын эмири Тамим бин Хамад аль-Тани менен жолугушту.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
KyrgyzstanTugoiloru
2015-12-25 21:16:40
Атамбаевти коп кылган жакшлыктары жана адамкерчиликтуулугу учун абдан урматтайм.
-1
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан