БАШЫ КҮН САНАП ЧОӉОЮП ЖАТКАН РАХМАНБЕРДИГЕ ПРЕЗИДЕНТ АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ БЕРДИ

Гезитибиздин өткөн санында башы күн санап чоӊоюп бараткан 2 жаштагы Рахманберди Шырдакбеков тууралуу кеӊири баян жарыялаганбыз. Маалым болгондой, Рахманберди гидроцефалия (суюктук көп топтолгондуктан баш мээсинин кадыресе өөрчүүсүнүн бузулушу) илдетинен жабыркап келет. Баланын атасы Алмазбек Рысбаев: «Кыймылдабайт, сүйлөбөйт. Башы чоӊойгон сайын көзүнүн териси тартылып баратат. Ошонун айынан көрбөй да калды. Кыймылсыз жата бергендиктен аркасынын, башынын терилери оюлуп, ириӊдеп кеткен. Көп ыйлайт, кайсы жери ооруп жатканын да билбейбиз»,- деп аянычтуу тагдырын баяндаган. Ал чет мамлекетте баласын айыктырууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, бирок ал жакка каражаты жетишсиз экенин билдирүү менен коомчулуктан жардам сураган эле. Бир катар окурмандарыбыз гезит жарыяланган соӊ Рахманбердиге жардам берүү ниетин билдирип кайрылып жатышат. Бул кабар өлкө башчысына да жетип, 15-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Рахманбердинин дарылануусуна 100 миӊ сом бөлүп берди. Мындан тышкары өлкө башчы Саламаттыкты сактоо министрлигине балага медициналык жардам көрсөтүү маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Рахманбердинин айыгып кетүүсүн тилейбиз.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
mirana9395
2015-12-21 10:54:48
100мин эмес коп эле берсе болмок, бирок ошонусуна да шугур Аллахым озу шыпаасын берсин.
+1
jypar.i
2015-12-24 17:29:30
mirana9395, кыйын боло бересиңер, андай кыйын болсоңор, акча чогултуп кошуп берип койгула, Аллахым деп Кудайды бетиңерге кармай бербегиле да, андай тилегиң болсо биякка жазбай, ичиңден суранып кой
-1
begimai1989
2015-12-21 13:35:33
Аллахым колдоп жакшы бодуп кетсин
+6
aidai88
2015-12-21 20:24:55
Дартын берген кудайым,шыпаасында кошо берсин. Бала жаратканым озу шыпаасын берсин,ата-энесине сабыр канаат тилеймин.
+3
hanisa
2015-12-22 09:31:10
100мин сом эмнеге жетет:(
Эне-атасына сабыр берсин Аллахым
-4
jypar.i
2015-12-24 17:30:21
hanisa,сен өтө бай болсоң керек 100миң сага акча болбосо, кошуп кой
-1
jansezim26
2015-12-22 19:56:50
бербесе бербеди дешет,берсе аз берди дейт.адамга эмне жагат озу.айыгып кетсин.
+2
jamakeev2015
2015-12-22 20:28:40
6 миллионунчуга бап эткизип коп акча карматат ооруларга болсо эптеп эле бирдеме, оордун алмаштырып койсо пайдалуу болмок
-1
mirana9395
2015-12-27 22:00:48
jamakeev2015,кошулам
0
jansezim26
2015-12-22 20:49:44
мындай ооругандар Кыргызстанда толтура,ар бирине президент бере албайт да.анда бардыгы конуп алат.берсин деп.бут дуйно боюнча кайрымдуулук фонддору иштейт.
+1
jypar.i
2015-12-24 17:34:00
jansezim26, туура,биздин элдин пейлин көрдүңбү, отуруп алып антип койбойбу, минтип койбойбу деп жаза беришет, андай болсо өздөрү көчөгө чыгып чогултуп кошуп беришпейби, Баягы "акырын басса аксак, катуу басса таскак" деп бир кайнене келинин жактырбагандай болуп жатышат да. Бербей койсо, анда эмне дешет эле
-1
jansezim26
2015-12-22 20:50:57
эми 7миллионунчу канча жылда бир келет кудай билет.
-1
BubleGum
2015-12-23 18:21:52
Аллах шыпаа берсин! Ата-энесине сабр берсин!!!
0
omka100514
2015-12-25 08:50:42
жакшы болгон турбайбы, эми Батыралиев нейрохирургдарды тызылдатып иштете турган болду, убагында пункция кылбай эле шунтирование кылып бергенде байкуш бала мынчалык кыйналмак эмес. Аллахым шыпаасын берип, даарыгерлер жакшы даарылап берип айыгып кетсин
0
begai93
2015-12-27 04:29:47
Кудайым ай озун шыпаасын бере кор! Бечара ата энесине эле кыйын даа
0
Mirlan.so
2015-12-27 16:37:29
100мин сом аз да !!Алла шыпасын берсин!!!
+1
mirana9395
2015-12-27 21:58:40
jipar.i Аллахтан жардам сурабай анан сенин атынды айтып жардам сурайлыбы,колум да болгондо жардам бермекмин жок учун эч болбосо Аллахым жардам берсин деп суранып жатам.А сенин созуно тушунбодум Аллахым деп Кудайды бетинерге кармай бергиле дегенин эмнеси?аркимдин созун кара кылып озундукун ак кылгандан коро наристеге биринчи Аллахтан шыпаасын сурап анан безилдеп суйлосон.
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан