228 МИӉ СОМГО 2 ПЛАНШЕТ САТЫП АЛЧУДАЙ КЫРГЫЗСТАН БАЙБЫ?

Каржы министрлиги планшет жана кресло сатып алганы жатат. Бул боюнча билдирүү мамлекеттик сатып алуулар порталына 11-декабрда жарыяланган.
Андагы маалыматка караганда, министрлик 228 миӊ сомго 2 даана планшет алууну пландоодо. Анда ар бир планшет 114 миӊ сомго туура келет. Мындан сырткары 284 миӊ сомго 10 кресло сатып алуу боюнча жарыя берилген.
Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева: «Каржы министри бүгүнкү болуп жаткан кырдаалга жараша иш кылышы керек. Мамлекеттин карызы 3 миллиард доллардан ашты. Министрлик муну жакшы билет. Бул тендерди өткөрбөй эле коюуну сунуштайм, андан көрө ал каражатты мугалимдердин, дарыгерлердин кем-каржысына жумшаган оӊ»,- деп чыкты.
Министр Адылбек Касымалиев бул планшеттер кызматкерлерге абдан керек экенин айтып, тендерди өткөрбөй коюу маселесин да карай турганын билдирди. Төрага Асылбек Жээнбеков: «Керек болсо коркпой эле айткыла, коркуп атсаӊар, демек, силерге кереги жок»,- деди. Министр планшеттер кагаз иштерине байланыштуу жумуштарды кыйла жеӊилдетерин айтып актанды. Дегеле планшеттер Кыргызстанда ар кандай баада. Эӊ арзандары 4 миӊ сомдун тегерегинде. 50-60 миӊ сомдун тегерегиндеги баада мыкты планшеттерди алууга болот. «Apple» компаниясынын эӊ акыркы үлгүдөгү планшеттери деле 114 миӊ сомго жетпейт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Mervi
2015-12-21 14:34:25
Кыргыз элим, куйуп эле кетебиз да ушундай кылыктарын укканда...
+3
yoma.kg
2015-12-21 17:43:24
«Керек болсо коркпой эле айткыла, коркуп атсаӊар, демек, силерге кереги жок» - эн туура айтылган, молодец Жээнбеков, финансы министринин муунжунун бошотуптур да!
+1
asel.bahtierova
2015-12-21 18:47:10
Мына силерге аэропорттон тушкон ар бир жарандын 15$ кайда кеттип жатканы, эмне кагаз иштери планшетсиз бутпой калыппы, анда ушул маалга чнйин эч кандай ишти бутурбопсунорда, кызык киминердин баланар планшет деп ыйлаптыр..............
+5
zhumagul89
2015-12-22 06:36:49
Эмне дештида билбей калдым мээм токтоп,соз жок.
+1
Yu-piter
2015-12-22 12:11:42
Адылбек Касымалиев ошол планшеттерсиз ишиңер бүтпөй калдыбы. Жаш баладай абдан керек дегениңерге караганда Жаңы жылга бирөөгө убаданы чоң бергенсиңер го. Планшеттин ордуна ноутбук болбойбу. Же сөзсүз планшет керекпи? Кыскасы элита сөөрөйлөр жана жепутаттар силерге аз калды. Элди эми алдай албайсыңар.
+6
misster88
2015-12-22 16:35:53
Уят ээ ошону кантип айтты элге, 228 минге эки планшет алабыз деп.
+1
sayana
2015-12-22 17:57:25
Элдин сабыры жетчу чегине жетишине аз эле калган окшойт ))).
+3
Oazis89
2015-12-22 20:07:26
акчанар ашып жатса ооруп жаткандарга бергиле сооп болот
+1
jaark.23
2015-12-23 01:04:40
кооп баратасынар силер..
Депутаттар 22 000 креслодон баш тартып коюшту кымбат деп. Силер камырабай 28400 креслодо отуруп ищтегинер келеби? Тапкан экенсинер
+1
amanatym
2015-12-23 14:02:14
биздин чонтогубузго карап анан иш кылгылачы.
+1
joni_91
2015-12-25 10:08:17
Башка иш жок бекен
+1
begai93
2015-12-27 04:32:17
Ии бети жоктооор!!!! Соз жок да силерге!!!
0
Talgat87
2015-12-27 09:18:00
Subway surf оюну азарт болуп калган го буларга. Арзан планшет катып поезд сузуп кетет же мент кармап алат
+1
asko55
2015-12-27 16:26:06
Ошну ошентип сарптабай андан коро ,парталга чыккан кыйналган уйбулолорго,балдары ооруп сакайуусуга акча таппай жургондорго жардам колун сунса жакшы болмок..
+1
Aikyn93
2016-01-14 22:08:31
жеген акчаларынан бир ааз чыгарып сатып алышпайбы уят депутаттар
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан