БИР БҮРКҮМ

  •   Жогорку Кеӊештин жыйынында оӊ рулдуу унаалардын жүк жана жүргүнчү ташуусуна тыюу салууну 2018-жылга чейин киргизбөө сунушталды. Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек.
  •   Баткен облусунда аялдардын 50,7 пайызы, Ош шаарында 47,1 пайызы жана Ош облусунда 48,1 пайызы күйөөлөрүнүн зомбулук көрсөткөндөрүнө макул экени атайын иликтөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болду.
  •   Кыргызстанда 15 жаштан 24 жашка чейинки аялзатынын 93,1 пайызы үй-бүлөлүк жашоосуна канааттанышат. Мындай жыйынтык көп индикаторлуу иликтөөнүн жыйынтыгында маалым болгон.
  •   Кыргызстанда ар бир онунчу жаш бала ата-энесиз жашап жатат. Алардын көбүнүн ата-энеси тирүү.
  •   №50-СИЗОдон качкан кылмышкерлер боюнча кылмыш ишин тергөө бүтүп, Свердлов райондук сотуна өткөрүлдү.
  •   Кыргыз Республикасында калктын 58 пайызы бойго бүтүүдөн сактануу ыкмаларын колдонушпайт. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин отчётунда белгилүү болду.
  •   Дүйнөнүн 43 өлкөсүнүн балдары катышкан билим олимпиадасында кыргыз жеринен барган Чыӊгыз Тилебалдиев химия сабагы боюнча  3-орунду ээледи.
  •   «2016-жылдан тарта мамлекет унаа номурларын чыгарууну өз колуна алат. Андан жылына 100-200 миллион сомдун тегерегинде акча түшүп турат»,- деди Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nargiz_96
2015-12-23 22:52:03
2016 жыл астротолго кана суукуйар?эмки санда чыгат дединер эле
0
admin_superstan
2015-12-24 10:20:10
nargiz_96, саламатсызбы!
"Саясат" эмес, "Жылдыз төлгө" рубрикасына чыккан))
http://www.super.kg/article/show/34517/
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан