ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОЙ ТУРГАНДАР КОРДОП ЖАТЫШАТ

«Карышкырга кой кайтартып» деген лакап бар кыргызда. Бул сөз төмөндө баяндалуучу окуяга бап келет. SUPER.KG сайтынын «Элдик кабар» рубрикасына окурман Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин аӊчылыкта жүрүп атып өлтүргөн, жарадар кылган тоо текелер менен түшкөн сүрөттөрүн жиберген. Прокуратура кызматкери дагы бир шериги менен улам бир жерде атып өлтүргөн текени минип алып, мүйүздөн кармап, ок тешип кеткен жарасын көрсөтүп, айтор, акмакчылыгына маашырлана ой-да сүрөткө түшүп, анысын интернеттеги өздүк баракчасына жарыялап мактанган экен. Коомчулук бул көрүнүштү катуу сынга алды. Чиновник: «Сүрөттөр 2012-2013-жылдары тартылган, анда мыйзамдуу түрдө аӊчылык кылганбыз. Ички иштер министрлиги берген уруксат кагазына ылайык эки мылтыгым бар. Алардын бири менен аӊчылыкка чыгып, эки-үч жыл мурун бир кийик аткам. Өзүм Аӊчылык департаментинде мүчөмүн»,- деген жообун берди. Баарынан кызыгы, Акимбаевдин жанында сүрөттө Искендер Жолдошев деген адам экени, анын Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясында иштээрин аталган мекеменин басма сөз кызматкери Анарбек Авазбеков тактады. Башкача айтканда, кызматы боюнча жаратылышты коргой турган адамдар кордоп жүрүшөт.
Чиновниктердин жоругу коомчулукта сынга кабылгандан кийин Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияда комиссия түзүлүп, чиновниктердин жоругу мыйзамдуубу же браконьерликпи, иликтей баштады. Балким, бул аӊчылык мыйзамдуу болгон деп жыйынтык чыгарып коюшат. Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышында аӊчылык кылууга 2030-жылга чейин тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталып, бирок аӊчылыкка чыгып эс алууну жактырган депутаттар колдобой коюшкан. Интернет булактарында Кыргызстанга келип аӊчылык кылып кетүүгө чакырган жарнамалар көбөйүп барат. Андыктан жакынкы арада өлкөбүздөгү ансыз деле азайып бараткан жапайы жаныбарлардын абалы жакшырат деп айтууга тил барбайт. Депутат Дастан Бекешев бизге: «Тоо текелерди атууга мораторий киргизиш керек. Мен бул маселени карап чыктым. Аларды атууга уруксат берүүдөн мамлекетке болбогон эле суммадагы акча түшөт экен. Ал да тигиге-буга, жаныбарлардын шарттарын жакшыртканга деген шылтоо менен жок болуп кетет»,- деген оюн билдирди.
Карышкырлар сыяктуу чарбага зыян келтирбеген соӊ тоо теке, кийик, элик дегендерди атууга дегеле тыюу салса болбойбу? Жогорку Кеӊештин депутаттарынын арасынан ушул ишке көӊүл бөлүп, аягына чыга турган азамат табылар бекен?

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
balzak
2015-12-21 11:12:52
мындай койгойлорду чечуу журналистер силердин жардамынар менен мумкунчулук болот,алга!!
+2
dubai
2015-12-27 00:45:55
бизде нефть,газ жок болсо,экономикабыз томонку денгээлде,мактана турганыбыз бир гана жаратылыш экологиябыз да!ошону да барктабайбыз..
0
asy777
2015-12-27 04:14:14
супер инфо азаматсынар
0
ZAIYR
2015-12-27 15:07:42
Тиги суротто текенин арт жакынан бекем кармап алып "эметип" ататканга окшоп калыптыр.)) фассс :D УЯТ эй
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан