«Манас» аэропорту 2016-жылдын 1-январынан тарта жүргүнчүлөрдөн 15 доллардан аэропорттук жыйым алып баштайт деген маалымат коомчулукту бир силкинтти. Азыркы эсеп менен алганда бул 1140 сомдун тегерегиндеги сумма. Доллардын күн санап көтөрүлүп баратканын эске алсак, анда бул сумма да өзүнчө бир авиабилеттин баасына жетиши мүмкүн. Жарандарына орточо 13 миӊ сом эмгек акы төлөгөн өлкөнүн мындай жаӊыча «салыгы» оӊой акча эмес.
«АЭРОПОРТТУК ЖЫЙЫМ МУРДА ЭЛЕ БАР БОЛЧУ»
Жөн жерден элдин жонунан кайыш тилгиси келип турган «Манас» аэропорту менен байланыштык. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Алия Курбанова: «Аэропорттук жыйым жаӊы баштала турган көрүнүш эмес. 2001-жылы президенттин буйругу менен аэропорттук жыйымдар күчүнө кирген. Башкача айтканда, ошол жылдан тарта эле аэропорттун жүргүнчүлөрүнөн 10 доллардан алынып келген. Ал сумма билеттин баасынын суммасында мурдатан эле болгон. Аэропорттук жыйым ички каттам менен жүргөн жүргүнчүлөрдөн алынбайт. Чет өлкөгө уча тургандардан алынат. Коомчулукта ички каттамдардан да алынат деген ойдон улам түшүнбөстүктөр болууда»,- деп билдирди. Эмнеликтен дагы 5 долларга кымбаттаганын сураганыбызда: «Жыйымдар аэропорттун инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат жана мекеменин карызын жабууга колдонулат»,- деди.
60 ТЫЙЫНДЫ ЭСКЕ САЛГАН 15 ДОЛЛАР
Интернеттеги социалдык тармактарда аэропорттук жыйымды 15 долларга көтөрүү жаӊылыгын Бакиевдердин уюлдук байланышка 60 тыйындан кошкон салыгына окшоштургандар көбөйүүдө. Эсиӊиздерде болсо, 2010-жылдын 1-февралынан тарта ар бир чалуу үчүн 60 тыйындан алына баштаган. Мындай «салыкты» Кыргызстандын уюлдук байланышты колдонгон ар бир жараны эмне үчүн, кимдин же кайсы мекеменин жыртыгын бүтөө үчүн төлөп жатканын ал кезде мамлекеттик мекемелер тийиштүү түшүндүрө албай шайы оогон. Ал эми байланыш операторлору каржылык маселелерден улам ушундай жолго барууга аргасыз экендиктерин айтышкан. Коомчулукка жардамга оппозиция келген. Алар 60 тыйын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин чөнтөгүнө кетип жатканын айтып чыгышкан.
ЧЕТ ЖЕРДЕН УЧУП КЕЛСЕ ДА АКЫ АЛЫНЫШЫ МҮМКҮН
16-декабрь күнү транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев Жогорку Кеӊештин жыйынында чет жакка учуп кетип жаткандардан гана эмес, учуп келгендерден да аэропорттук жыйым алуу каралып жатканын билдирди. Депутат Сайдулла Нышанов: «Өкмөттүн аэропорт аркылуу Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө учуп кетип жаткан ар бир жүргүнчүдөн 15 доллардан акы алуу сунушун колдойм. Чет өлкөдөн кыргыз жерине учуп келип жаткан чет элдик жарандардан да акы алууну киргизип койсо болот. Себеби биз башка мамлекеттерге учуп барганда аэропорттон акы алышат»,- деди.
БАШКА ЖАКТА ДА УЧКАНЫӉ ҮЧҮН АКЧА ТӨЛӨЙСҮӉ
Ошол эле аэропорттун маалымат кызматынын билдиришинче, эл аралык каттамдар боюнча күнүнө «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан чет өлкөлөргө 26нын тегерегинде каттам жасалат. Болжолдуу түрдө 2800 адам күн сайын чет өлкөлөргө учуп кетет. Эгер алардан 10 доллардан алынды деп эсептесек, күнүнө 28 миӊ доллар, айына 840 миӊ доллар, жылына 10 миллион 80 миӊ доллардын тегерегинде аэропорттун капчыгына түшүп турат экен.
Манас аэропортунун басма сөз кызматкери: «Аэропорттук жыйымдарды алуу Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө орун алган. Айрым өлкөлөрдө 50 долларга чейин алынат»,- деп кошумчалады. Маселен ошол эле АКШ, Британия, Германия сындуу алдыӊкы өлкөлөрдө да мындай көрүнүш бар. Аэропорттук жыйым ал жактарда да инфраструктура, кызматкерлердин айлыгы өӊдүү маселелерди чечүү үчүн жумшалат.
Бирок АКШнын аэропортторундагы тейлөө менен биздин «Манас» аэропортунун сервисин дегеле салыштырып болбойт. 2001-жылдан тарта учкандардан жылына
миллиондогон аэропорттук жыйым алынып келатканы менен, «Манастын» олуттуу өзгөрүп кеткени байкалбайт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg