ЮНИСОН: «Үшүбө, Кыргызстан!» Энергияны жана ресурстарды үнөмдөөнү үйрөнүӊүз

Адистердин жөнөкөй сунуштарын колдонуп жылуулоодон кийин жылуулуктун сыртка чыгып кетүүсү өткөн жылга салыштырмалуу Жол-Колот айылындагы үй-бүлөнүн электр кубатын сарптоосу 34,8 пайызга, ал эми Чоӊ-Кызыл-Суу айылындагы үй-бүлөдө 41,1 пайызга азайган. Кандайча дейсизби? Анда сөз башынан болсун.

Акыркы жылдарда Кыргызстандын аймагында жаӊы үйлөр абдан көп курулууда. Калк жашоо турмушун оӊдоого тырышып, чоӊ жана кооз үйлөрдү салууга же жашап жаткан үйлөрүн оӊдогонго аракеттенишүүдө. Аны менен үйдө ыӊгайлуулук жаратуу үчүн зарыл болгон заманбап энергия үнөмдөөчү материалдарга жана энергияны жаӊылоо булактарына болгон суроо-талап да өсүүдө.ө
Белгилүү болгондой, үй шартын комплекстүү кароо керек. Буга суу, жылуулук жана жарык кирет. Мында бардык ресурстарды натыйжалуу гана эмес, үнөмдүү пайдалануу да маанилүү.
Андыктан үй ээлеринин жашоо шартын жакшыртууга жардам берген энергияны жана ресурстарды үнөмдөөгө үгүттөө ЮНИСОН коомдук фондунун негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Бул жылы ЮНИСОН АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргызстанда «Үшүбө, Кыргызстан II» маалыматтык билим берүү кампаниясынын экинчи фазасын баштады. Ал калктын күздөн-кыштан жеӊил чыгуусуна багытталган. Кампания өлкөнүн эӊ алыскы 500 айылын камтыйт. Бул айылдардагы тургундар энергокомпаниялар менен болгон өз ара мамиле жасоодогу өз укуктары тууралуу маалымат алышат жана жашоо үчүн жакшы шартты кантип түзүү тууралуу билишет. Бул үйдөгү энергияны үнөмдөөгө гана эмес, жер титирөө шарттарын эске алуу менен үйлөрдү туура курууга, үйдү нымдан сактап, туура желдетүүгө да тиешелүү болот.

Дарика Сулайманова,
ЮНИСОНдун инженери:
– Жылуу, ыӊгайлуу үйгө ээ болуп, ошол эле учурда жылытууга жана ысык сууга аз каражат жумшоону баарыбыз эле каалайбыз. Бирок курулушта биринчи кезекте монтаждоо, куруу ишинин сапатына көӊүл буруу керек. Андай болбогондо көк дат, нымдуулук, сыз менен байланышкан көйгөй сөзсүз болот. Көпчүлүк учурда адамдар терезени жөн гана алмаштырып коюшат да, бөлмөдө дем болуп жатканын кийин байкашат. Нымдуулук канчалык көп болсо, адамдын ден соолугуна терс таасир этүүчү сыз, көк дат да ошончолук көп болот. Энергия үнөмдөөчү үйдү ишенимдүү курганга бир жолу көбүрөөк сарптаган жакшы. Бул жумшалган инвестициялар көп күттүрбөстөн өз натыйжасын берет. Сиз ыӊгайлуу, жакшы шартта жашай баштайсыз, үйүӊүз коопсуз болот.
ЮНИСОНдун эксперттеринин окутуу учурунда келтирген жүйөөлөрүнө мекендештерибиз да макул. Алсак, мектеп мугалими Айчүрөк Орозбаева жакында эле курган үйүнө пластик терезе койгонуна карабастан бөлмөлөр муздак болуп, терезелер тердеп жатканын айтат. «Орнотуу учурундагы кылдаттыктарды жана материалдын профилинин өзгөчөлүктөрү тууралуу да билүү керек тура. Мындай учурлар биздин айылда көп эле. Көпчүлүгү заманбап технологияларды сатып алуу эӊ башкысы деп ойлошот, орнотуу жана профилинин түзүлүш өзгөчөлүктөрү жөнүндө эч ким эч нерсе билбейт. Көрсө, бул абдан маанилүү турбайбы»,- деп белгиледи үй ээси.
Кампаниянын тренерлерине окутуунун башка катышуучусу, Жаӊы-Жол айылынын тургуну да өзүнүн ыраазычылыгын билдирди: «Үйүбүздүн дубалдарынын ички жагы кышында тердейт, бул дубалдарды начар жылуулоо менен байланыштуу окшойт. Пайдалуу маалыматтары үчүн окутуучуларга ыраазычылык билдирем. Биз бул кеӊештерди жана алган билимибизди сөзсүз түрдө пайдаланабыз».
Техникалык кызматтардан сырткары энергокомпаниялары менен өз ара мамиле кылууда калктын өз укуктарын билүүсү абдан маанилүү. Ошондуктан бул өткөрүлүп жаткан кампаниянын башкы багыттарынын бири – элеттиктердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук борборлордун ишмердигинде мыйзамсыз салынган айып пулдар же контролёрлордун мыйзамсыз аракеттери боюнча ЮНИСОН коомдук фондуна кайрылган учурлар арбын. Абоненттер укуктук маселелерди жакшы билбегендиктен, мындай учурларда эмне кылууну биле беришпейт. «Үшүбө, Кыргызстан II» кампаниясынын тренерлеринин кеп-кеӊештери укуктук маселелерди талдаганга жардам берет, демек, алардын укуктары корголот.

Жаныбек Кулумбетов, ЮНИСОН коомдук фондунун Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдук борборунун (ЭКУК КБ) координатору:
– Учурда биздин борборлор республиканын бардык аймактарында иштеп, калкка өз укуктарын коргоо боюнча талдаганга жардам берүүдө. Биз энергокомпаниялардын сапаттуу тейлөө борборлору менен активдүү кызматташып жатабыз. Калкка колдоо көрсөтүп, жардам бергенине байланыштуу биздин тармак калктын ишенимине ээ болууда. Бул тууралуу ЭКУККБга кайрылуулардын саны өзү айтып турат. Алсак, 2011-2015-жылдар аралыгында бизге элден 7,5 миӊден ашык кайрылуулар жана даттануулар келип түштү. Электр кубатын пайдалануу үчүн аларга айып пул түрүндө негизсиз салынган 9 миллиондон ашык сом кайтарылып берилди.
«Үшүбө, Кыргызстан II» кампаниясын баштоо өткөн жылы ийгиликтүү ишке ашырылган биринчи долбоордун логикалык уландысы экендигин белгилеп кеткибиз келет. Анда кампаниянын көӊүлү кыш мезгилинде үй-бүлөнүн бюджетин пландоо боюнча калкка пайдалуу маалыматтарды бергенге багытталган эле. Белгилүү болгондой, энергия ресурстарын пайдаланганы үчүн жарандарыбыздын чыгымдары кышында өсүп кетет, мында натыйжалуу пландоо абдан зарыл. Элет жеринде негизги киреше булагы ири мүйүздүү малды кармоо болуп саналат, аларды багып кароо да оптималдуу шарттарды талап кылат.
Дагы бир маанилүү учур үй-бүлөнүн ден соолугун бекемдөө болду, кампаниянын алкагында маалымат жолугушууларынын катышуучулары кышында иммунитетти көтөрүү жана суук тийүүдөн коргонуу тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты.
Эл мындай пайдалуу маалыматтарга суусап тургандыктан, учурда аларга кызыктуу тренингдер өткөрүлүп, пайдалуу маалыматтар камтылган брошюралар таратылууда.
Үйдү жылуулоо жана ресурстарды пайдалануу укугуӊуз тууралуу кененирээк маалыматты ЮНИСОНдун кеӊселеринен жана www.unison.kg сайтынан ала аласыз.

Байланыш телефону:
(0312) 901216.

Макала ЮНИСОН коомдук
фонду тарабынан каржыланды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан