Алихан Садыралиев: «СУЛТАН ДАЙЫМА СУУДАН КУРГАК ЧЫГАТ»

Бир тууган

Бир тууганың кичинеңден баштап сенин таянар жөлөгүң, ата-энеңден кийинки эле жакының экени талашсыз. Ырчы Султан Садыралиевдин бир тууган агасы Алихан бир боор иниси тууралуу окурмандарга кеп салып берет.

Бир тууган Садыралиевдер:
Жакшыгүл 37 жашта.
Таттыгүл 35 жашта.
Бурул 33 жашта.
Алихан 29 жашта.
Султан 24 жашта. Султандан башкасынын баары үй-бүлөлүү.

«СТУДЕНТ БОЛГУЧА АТА-ЭНЕМ МЕНЕН ЧОГУУ ЖАТЧУ»
– Султан биздин үй-бүлөнүн кенжетайы, аябай эрке. Менден улуу үч эжем бар. Кичинесинде үчөөнү тең сен дечү.
Кичинебизде атам-апам үйдө жок болуп калганда шишкебек бышырып жеп, оюбузга келгенди жасай берчүбүз. Бирок Султан атамдар келгенде ийне-жибине чейин айтып, уруштурчу. Эрке, көк бет, өжөр, анан да бетке айткан, өз күнөөсүн такыр моюнуна албаган сапаты азыркыга чейин кала элек. Кыскасы, бардык жерде суудан кургак чыгып кетет. Үстүңө чакалап суу куйса да суу болбойсуң деп тамашалап калам.
Султандын кичине кезинде Чал куйрук деген аты бар болчу. Анысын атам сатып жибергенде, бир жума ыйлаган. Сатып алган кишинин үйүн таап барып “менин атымды бер” деп далай жолу талашкан. Төрт жашынан тарта домбра чертип, той-топурларда, мектептеги кечелерде ырдай баштады. Дагы бир кызык, 10-классты бүткүчө ата-энемдин коюнуна жатып жүрдү. 11-классты бүткөндө Бишкекке окууга бармай болду. Атам менен апам “Бишкекте үйүбүз же туугандарыбыз болбосо, ал жактан сени ким карайт?”- деп айтышса да “жок, мен Бишкектен окушум керек” деп айтканынан кайтпай койгон. Мына ошол өжөрлүгүнө, аракетине, талантына продюсери Динара Эсенгулованын эмгеги кошулуп, кыргыз элине аты таанылып отурат.

«БИР ООРУСА КАТУУ ООРУЙТ»
– Эрке иним бир жолу Бишкекте окуп жүргөндө катуу ооруп, ооруканага жатып калды. Таласта жүргөн мен да сыркоолоп калдым. Ата-энем мени ооруканага жаткызып коюп эле Бишкекти көздөй шашып жөнөштү. Султанга келишсе, досу Мирбек Иманбеков карап жаткан экен. Иним экөөбүз ынак өскөнгөбү, айтор, алыста болсок да бири-бирибиздин кубанычыбызды, кайгыбызды сезип турабыз. Султан анча-мынча суукту да тогото бербейт. Бирок бир ооруса албарсты басып жаткандай болуп сүйлөнүп, бир башкача ооруйт. Ошондуктан ал ооруп калса, дайыма жанында болгонго аракет кылам.
Эжелерим эрте турмушка чыгып кеткендиктен, Султан экөөбүз кир жууп, үй жыйнап, тамак жасап эле чоңойгонбуз. Иним күнүмдүк оокат-аш жасоодон кыйналбайт.

«МЕНДЕН ЭМНЕ ЖАРДАМ КЕРЕК?» ДЕП ЭЛЕ ТУРАТ»
– Султан экөөбүздүн телефон аркылуу казакча сүйлөшүп жатканыбызга таң калып жатсаңыз керек. Негизи, биз эки тилди тең колдоно беребиз. Султан Бишкекте жүргөндүгүнө байланыштуу казак тилин унутуп баратат. Ошондуктан кээде казакча сүйлөшүп калабыз. Апабыз казак кызы болгону менен, атабыз кыргыз. Атамдын “өз жерибизге, элибизге барып жашайлы” деген кеби менен 1999-жылы Казакстандан Таласка көчүп барганбыз. Ал жактын климаты апамдын ден соолугуна жакпай, ооруй бергенинен улам 2005-жылы кайра Казакстанга кеттик.
Эски үйдү бузуп, жаңы үй салдырып жатканда Султандын аты жаңыдан чыгып жаткан кез эле. Бизге телефон чалып “менден эмне жардам?” деп калды. Эртерээк үйдү бүтүрүү керектигин айтсам, эртеси күнү “кой, бул үйгө менин да колум тийсин” деп жетип келип калыптыр. Ал үйүбүз 2007-жылы бүттү.
Негизи, Султан ата-энеме белек-бечкек алып барып көңүлүн алганды жакшы көрөт. Эжелерим, жезделерим менен тез-тезден байланышып, колунан келген жардамын аябайт. Азыр эки жээнимди Бишкекке алып келип окутуп, тарбиялап жатат. Үйлөнүүдөн да мурун Султандын негизги максаты Бишкектен үй алып, ата-энемди бул жакка алып келүү. Себеби ата-энебиз картайган сайын кичүү баласынын колуна барсак деп жатат. Атам да “Кыргызстанга келип жашасам” деп ниеттенип жүрөт.

«МУРДУНУН ЭМЕС, ДОМБРАСЫНЫН СЫНГАНЫНА ЫЙЛАГАН»
Таласта жашап жүргөн кезибизде Кайрат Примбердиев кошунабыз болчу. Султанга “сен казаксың!” деп тийишип, кези келсе мушташып жүрүп кийин жакын досторго айланып кетишти. Көнгүчөктү бир топ эле кыйналды. Бир жолу тойго барып ырдап, той бүткөндө домбрасын көтөрүп келе жатса, таластык балдар “эй, казак” деп тийишиптир. Казак дегенге арданган Султан “мен казак эмесмин, кыргызмын. Чиркей деген урууданмын” деп алар менен мушташа кетип, үйгө мурду менен домбрасы сынып келген. “Мурдум сынганы го эч нерсе эмес, домбрам сынып калбадыбы!.. Эми эмне кылам?” деп ыйлап алган. Бул окуядан көп өтпөй комуз, кыл кыяк үйрөнө баштады.
Султан өтө намыскөй. Бир жаман сөз укса эле ардана кетип балдар менен урушуп жатып калчу. Көрүп калсам болушар элем. Инимдин ушул мүнөзү атамдыкына окшош. Султан тентектигинин айынан бир жолу өзүнөн кичүү баланы сабап коюп, ал баланын ата-энеси үйгө келип чатак салышкан. Атам “кой, ай” десе да болбой “сен казак балаңды тыйбайсыңбы!” деп кыйкыра беришкенинен, ачууланган атам үйдөн мылтыгын көтөрүп чыгып асманга атып, ызы-чууну бир заматта токтоткон.

«НАРКОЗСУЗ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТКАН»
Султан теннис, баскетбол, күрөш, кыскасы, спорттун көп түрү менен машыкчу. 10-классында күрөш боюнча мелдешке чыгып, сол колун эки жеринен сындырып алган. Ошондо “балдарды көп урчумун, Кудай мени жазалады” деп ыйлаганы эсимде. Тентектигине ачууланган атам “бейбаштын колун наркозсуз операция жасагыла” деп дарыгерлерге уруксат берет. Ошентип, наркозу жок эле операция жасаттырган. Колу көпкө чейин гипсте жүрүп, ичке болуп калган болчу. Намыскөй иним колу айыккандан кийин физикалык көнүгүүлөрдү жасап жүрүп булчуңдарын калыбына келтирип алды. Бирок ошол боюнча күрөшкө кайтып барган жок. Султан бой жетип өткөөл куракка келгенде, бир кызды жактырып калды. Анын көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн күнүгө чачын суулап, шекер менен катырып, суукта баш кийимин кийбей мектепке жөнөйт. Атам эки жолу “башыңа кий, суук өтөт!” деп эскертсе да укпады. Дагы ушинтип кетип бараткан жеринен атам кармап келип “башыңа кийесиңби жокпу?” деп башын мешке кактаган. Ушунча кыйналса да, өжөрлүк мүнөзү калган жок.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
минура
2010-02-05 09:03:14
sultan korunboi ketpe biz seni sagynyp kalabyz . Sende atkaruu cheberchilik un talant bar. Talantyna taazim!!!!!!!Sen SUPERSIN!
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан