ЛӨЛҮЛӨР КУРСАГЫН ТОЙГУЗУУ ҮЧҮН ГАНА ЖАШАШАБЫ?

Репортаж

Бишкектин көчөлөрүнөн, айрыкча эл көп жүргөн жерлерден лөлүлөрдү баарыбыз эле жолуктурабыз. Алардын айрымдары жалгыз жүрүшсө, айрымдары бир баласын колуна көтөрүп, экинчисин жетелеп алган болот. Жасаган ишин байкаган болсоңуз, арча түтөтүп аластоо же кайыр суроо. Мына ошол айымдар кайдан келишкен? Алардын жашоо-турмушу кандай нукта? Мындай суроолорго жооп издеп көрөлү.

Сапарыбызды биз издеген каармандар көп жүргөн “Ош базарынан” баштадык. “Берекет” соода түйүнүнө кире бериштен арчасын түтөтүп жүргөн айымды жолуктурдук. Аты Зарина экен. Кепке тартсак алгач макул болбой жаткан Зарина акыры бизге сырын айтып берди.

“БЕШ ЖАШЫМДАН БЕРИ АРЧА ЫСЫРЫКТАЙМ”
– Зарина, улутуңуз ким? Кайдан келгенсиз?
– Мен лөлүмүн, Самарканддан келгем. Ал жакта деле ушинтип арча менен элди аластап жан бакчумун. Самаркандда биздин минтип иштешибизге уруксат бербейт, кубалайт. Ачка калсаң да боору оорушпайт. Ошондон улам бул жакка келгенбиз. Бул жерде адамдар жакшы. Буюм-тайымдарын аластап берсең акча беришет. Ошентсе деле милиция кызматкерлери документтерибизди текшерип тажатышат. Кыргызстандын аймагына кирип келатканыбызда чек арадан бизди аябай текшеришет. Менин паспортумду кечээ милиция кызматкерлери алып кетишти. Каттоо мөөнөтү бүтүп калган окшойт. Эми аны биз жашаган үйдүн кожейкеси айып төлөп алып берет го.
– Каякта, кимдер менен турасыз?
– Эски автобекеттин жанында батирде турабыз. Күнүнө 50 сомдон төлөйбүз. Андан сырткары айына электр жарыгы үчүн 100 сомдон беребиз. Мен болсо күйөөсү жок кыздар менен чогуу жашайм. Күйөөм Орусияга иштегени кетип, ал жактан ооруп келип дүйнө салды. Артынан балам дагы ооруп каза болду.
– Канча жашыңызда турмушка чыккансыз? “Лөлүлөр кызын турмушка берерде атасы кыздыгын алат” дешет го?
– 24 жашымда турмушка чыккам. Бизде кыз күйөөгө чыкканга чейин жигит менен сүйлөшпөйт. Ата-энеси кызын сүйлөштүрбөй туруп эле ылайыктуу бирөөгө улуу-кичүүсүнө карабай берип жиберет. Бирок күйөөм экөөбүз сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. Ал эми «кызынын кыздыгын атасы алат» деген сөз калп.
– Азыр канчадасыз?
– Канчада экенимди так айта албайм. Анткени паспортумду милициялар алып кеткен деп жатпаймынбы. Паспортумду көрсөм айтып бермекмин.
– Ата-энеңиз эмне иш кылышат? Арча менен ысырыктоону канча жашыңыздан баштадыңыз эле?
– Канча жашымда экени эсимде жок, ата-энем мен кичине кезде эле каза болуп калышкан. Мен Самарканддагы лөлүлөрдүн колунда чоңойгом. Болжол менен бешке чыккандан тарта арча менен ысырыктап акча таба баштадым.
– Мисалы, короо шыпырып, талаа жумуштарын аткарып дегендей башка жумушта иштесеңиз болбойт беле...
– Мен андай кыла албайм. Анткени лөлү­лөрдүн баары эле ушундай жумуш аткарат да. Мени багып өстүргөн аялдардын баары кайыр сурашат же арча ысырыкташат. Ал эми эркектери бала багып үйдө отурушат. Бизде салт ушундай. Кыздар турмушка чыгарда күйөөлөрүбүздү багабыз деп касам ичебиз да.
– Акча бербей койгондорго бирдеме деп сүйлөп жаман көрөсүңөр го. Эмне деп айтасыңар?
– Мен эч нерсе деп айтпайм. Ысырыктап бир сом алам. Ошого эле ыраазымын.
– Акча таппай калсаңар же аз таап калсаңар эркектериңер урушпайбы?
– Анда күйөөлөрүбүз сабайт. Аялдар күй­өөлөрүнө эч качан өйдө карап сүйлөбөйт. Мисалы, менин күйөөм жок болгону менен, мага жардамдашып, көз салып турган аял-күйөө бар. Өткөндө алар “акча таап келбейсиң” деп экөөлөп сабашты. Башым жарылып, ооруканага барып тиктирип келдим.
– Сабаса башка жакка кетип калбайсызбы?
– Кетип кайда барам? Кетип калганда деле башка жактан ушундай күндү көрөм да. Кичинеден акча топтоп жатам. Бул жактан тамак-аш, самын алып Самаркандга кетебиз жакында.
– Мектепке барып билим алган жок белеңиз?
– Бизде окушпайт. Окуйлу деп мектепке барган күндө деле киргизишпейт. Кичине кезибизден эле кайыр сурайбыз. Кээ бирлер акча табыш үчүн калп эле майып болуп алышат. “Ош базардын” аркы башында коляскада бир кыз отурат. Ал сопсоо эле лөлү. Апасы акча тапсын деп калп эле майыпка айлантып койгон.
Андан аркы жолубуз Заринанын айтуусу боюнча калп эле майып болуп коляскада отурган кызды издөө менен уланды. Бирок ал кызды таба алган жокпуз. Лөлүлөрдүн жашоо-турмушу менен жакындан таанышып, үйүндө отурган эркектери менен баарлашуу максатында алар орун алган эски автобекет жакка бет алдык. Сураштырсак ошол жердеги үйлөрдүн көбүндө эле лөлүлөр жашайт экен. Биз дарбазасын тыкылдатып эмне ой менен келгенибизди түшүндүрсөк эле кожоюндары “мурун жашашчу. Көчүп кеткендерине көп болду” дей беришти. Кезектеги дарбазаны тыкылдатып жатканыбызда жаныбыздан өтүп бараткан байке сөзгө аралашты.

“АКЧАНЫ КАЙДАН АЛЫШАТ, БИЛБЕЙМ”
– Тыкылдатып убара болбой эле койгула. Баары бир чыгышпайт.
– Байке, сиз кимди айтып жатасыз? Бизге лөлүлөр керек эле.
– Мен дагы ошолорду айтып жатам. Атым Алтынбек. Лөлүлөргө кошуна болгондуктан, булар менен жакшы тааныш болуп калдым. Кээде чогуу сыра да иче коёбуз. Азыр үйүндө жалаң эркектер бар. Аялдары күндүзү иштешет да. Чоочун бирөөгө эшиктерин ачышпайт. Кичине балдарынын кармаган акчаларын көрсөң андай акчалар жада калса менде жок. Акчаны кайдан алышат, билбейм. Күркөгө кирип “мени карызга жазып коюңузчу” десем булар чоң-чоң банкадагы сыра, колбаса алышат. Жегендери күнүгө манты, чүчпара, эт. Лөлүлөрдүн жашоосун карап туруп кээде маанайым чөгө түшөт. Мен тытынып иштесем да эч нерсеге жетпейт.

Алтынбек байке менен сүй­лөшүп турсак жаныбыздан чаар баштык асынган лөлү өтүп калды. Бирок ал айым бизге комментарий берүүдөн таптакыр баш тартты. Ошентсе да лөлүлөр жашаган үйлөрдү көрсөтүп берип, бизге акыл үйрөтүүгө да жетишти. «Бул үйдө кесел чыгыптыр. Биз дарыгербиз» десеңер эшигин ачышат. Болбосо ачышпайт» деди. Бул айымдын бизге жардам бергиси келип чын пейилден айтып жатканына рахматтан башка эч нерсе айта албай жылмайдык.
Аңгыча бир дарбазадан жоолукчан аял чыгып калды. Өзүн Зина деп тааныштырган эже үйүн лөлүлөргө батирге берет экен. Сүрөткө тартпоону өтүнгөнү менен, лөлүлөр жөнүндө билгендерин айтып берүүдөн качкан жок.

“КУРСАКТАРЫ ТАКЫР ТОЙБОЙТ”
– Зина эже, биз лөлүлөрдүн жашоо-тур­мушу жөнүндө билсекпи дедик эле. Сиздин үйдү батирге алып жашашат турбайбы. Бирөөсү менен сүйлөшсөк кандай болот?
– Жок, айланайын, кереги жок. Буларың аябай коркок келет. Бир-эки адам тийишип же милициялар кайра-кайра келип койсо эле качып кетишет. Мага квартирант керек да, туурабы. Жашаш керек дегендей.
– Үйүңүздү лөлүлөргө батирге берүүдөн коркпойсузбу?
– Киргизерде документтерин текшерип туруп алам. Балким, террорчудур кайдан билем? Анан бир күнү мени өлтүрүп кетсин. Буларды чек арадан укмуш текшерип, үч айлык мөөнөт менен өткөрүшөт.
Бишкекке келгенден кийин эки ай тытынып иштешет да, тамак-аштарын жыйып алып Самаркандга жөнөп кетишет. Бул жерге курсагын тойгузуу үчүн эле келишет. Анткени башка жакка караганда бизде тамак-аш арзан экен да. Лөлүлөрдө баламды окутайын, үй, машина алайын деген жок. Тапкандарын жалаң курсагына жумшашат. Бизчилеп үч маал тамак менен чектелишпейт. Качан көрбө чылкылдаган майлуу тамак жеп отурган болушат. Ошон үчүн оорушпайт, анан кышында калың күрмө кийишпейт.
Анан таптакыр сабатсыз калк келишет. Кээ бирлери 3-класска чейин окушса окушат, окушпаса жок. Сактанса болорун билбей эле аялдары биринин артынан бирин төрөй беришет. Мына кечээ эле Жамиля деген келин бешинчи баласын төрөдү. Ооруканадан чыгарып кеткенге ороо-чулгоосу жок. Мен бердим төшөнчүсүн. Эркектери аялдары төрөгөндөн беш-он күндөн кийин балдары көп болсо бир-экөөнү кошуп берип кайыр суратып жумушка чыгарып жиберишет. Аялдары бир ооз сөз кайрый турган болсо аябай сабашат. Мен арачаласам да болушпайт. Милиция кызматкерлери келип эки миң сом айып салганда гана токтобосо токтобойт.
– Аялдарынын тапкандары жашоолоруна кантип жетсин? “Эркектери үйүндө жөн отурушпайт баңгизат сатышат” деген маалымат чын окшойт?..
– Баңгизат саткандар меникиндей батирде жашабай калышсын. Алар кычыраган кымбат мейманканаларда жашашат да. Менде жашагандар баңгизаты жок эле эптеп жандарын баккандар.

ЛӨЛҮ ЭМЕС, ЛЮЛИ
Лөлүлөрдүн негизги аталышы – люли. «Люли» деген сөздү фарсы тилинен которгондо «бий жана ыр менен алектенген адам» дегенди түшүндүрөт. Кыргыздар – лөлү дешсе, өзбектер – люли, тажиктер – жуги деп аташат.
Лөлүлөрдүн өз мекени жок болгондуктан, аларды дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдөн кезиктирсе болот.
Кыргызстандагы лөлүлөр жө­нүндө айтсак, алардын билим деңгээли илгертен эле төмөн. Билимдүү болуп, чоң кызматтарга иштеп кеткендери аз.
Лөлүлөрдүн тили тажиктердикине окшош.

Сүйүн Кулматова, Максат Маматов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Joldoshbek
2010-02-03 14:45:18
MMM. Лолулор деген калкты мен омурумдо биринчи жолу окудум. Мен коргон кайырчыларды жалан эле тажик же озбектер болсо керек деп ойлочумун. Корсо башка турбайбы. Ким билет, коргондон коро элегин коп дегендей, дагы канча улуттун аттарын уга элекпиз.
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан