Путин: «БИЗ ДОСТОРБУЗ, БАЙЛАНЫШТЫ МЫНДАН АРЫ ДА ТЕРЕӉДЕТЕБИЗ»
Президент Алмазбек Атамбаев 21-декабрда Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышты. Сессияда өлкө башчы Орусия президенти Владимир Путин, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жана Беларустун президенти Александр Лукашенко менен биргеликте аймактык коопсуздук, стабилдүүлүк, эл аралык терроризмге каршы туруу маселелерин талкуулашты. Орусиянын президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, тараптар байма-бай жолугушуп, түрдүү маселелерди талкуулап жатышканын белгиледи. Ушул эле күнү Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушту. «Биз достордон болгондуктан байланыштарыбызды мындан ары тереӊдетүү үчүн аракет жумшоого даярбыз. Тез-тез жолугушуп турабыз, анын ичинде интеграциялык кызматташуунун алкагында дагы бул жагдай көбүрөөк пикир алмашууга түрткү берет»,- деди Путин. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазы экендигин билдирди. Президент Жаӊы жыл алдында дайыма жакшылыктан үмүт кыларын айтты. «Келерки жылы Орусия элинин да, биздин элибиздин да иши илгерилей беришине Жараткан жол ачсын»,- деди өлкө башчысы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Asel.24.07.93
2015-12-28 11:07:07
Мен ойлойм Атамбаев туура кылат деп)
+11
dasta
2015-12-28 14:05:25
Кыргызтан россия менен теерен мамиледе болуш керек.
+8
Rifle_2
2015-12-31 17:57:23
dasta,башка вариант жок. Канчалаган мекендештирибиз ата энесин, үйбүлөсүн багып жүрөт.
0
EdikoKG
2015-12-28 18:14:03
Даа. Жакшы кабар. Достошконго не жетсин. Кайгыда да,кубанычта да дос болгон жакшы. Анан,карызга акча сураганы барганда эле "дос " дей берген болбойт.
+9
Neizvestno777
2015-12-28 19:30:46
Атамбаев президентик мооноту буткондо премер министир болот бул кетиште
-10
Neizvestno777
2015-12-28 19:31:50
Атамбаев президентик мооноту буткондо премер министир болот бул кетиште
-11
pinpon
2015-12-29 12:39:27
Neizvestno777,Сен азыр тушунду айтып жатасынбы?
+5
Neizvestno777
2016-01-02 00:40:35
pinpon,Туш эмес ,Убактыт корсотот билесин ошондо
+3
Neizvestno777
2016-01-02 00:40:40
pinpon,Туш эмес ,Убактыт корсотот билесин ошондо
-1
Dooron
2015-12-28 22:52:21
Ушу кишинин мөөнөтү бүткөндөн кийин премьер-министр болушун да, кайра президент болуп калышын да каалабайт элем. Эски пески командасы жана илешкен кошоматчылары менен кетип жок болсо жакшы болмок!
+13
edu.kg.
2015-12-28 23:28:13
Достошуп дос бойдон калганыбыз бизге тынчыраак жана пайдалуурак,баардык абалыбыз азыркы биздин окмотубуздун чабал саясатынын артынан аябай коз каранды болуп калдык орус окмотуно. Бизде баары бар,озубузду озубуз туура программа туура саясат менен ошол бар байлыгыбызды иштетип,элибизди багып алсак болот,кандайдыр бир денгеелде бимдир бироого же кайсы бир мамлекетке коз каранды болбошубузга аракетенишибиз керек. Ал учун биздин окмотко жаштар жана билимдуу туура саясат жургузо алган адамдар келишсе.
0
edu.kg.
2015-12-28 23:35:36
Азыркы президентибиз баш мыйзамды озгортуу менен кайрадан мооноту бутсо премер министир болуп келет экен деген имиштер аябагандай коп айтылып жатат. Кийинки президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып,ал укуктарды премерминистирге берилет деп озу да айтып кетти. Демек озуно озу жакшы жагдай тузуп жататго эгер премер болсо. Мооноту бутсо азыркы ажобуз илешкен командасы менен омотко элбашкарууга келбей эле койушса жакшы болмок.
-2
hanisa
2015-12-29 15:36:28
Атамбаев жакшы эле го Бакиевке караганда
-5
Somalimogadishu
2015-12-29 23:21:02
hanisa,ооба жакшыле
-5
ooki8888
2015-12-30 14:20:30
Путинден откон президент, Орустан откон дос жок!!! Бул убакыт менен тастыкталган.
+4
kg-diplomat
2015-12-31 22:47:33
Орус эч качан кыргызга дос болгон эмес...
0
Kentucky
2016-01-01 11:00:55
"Орус менен бир журсон, ай балтанды ала жур" деген туура экен. Анткени Путин менен турк президенти Эрдоган дос эле, бирок 2015-ж. 24-апрелде турктор армяндарга геноцид кылган деп Эрдогандын аркасынан урган, муну баардык турк гезиттери досум деген президент кандай кыянат кылды деп куноолоп чыгышкан, азыркы орус-турк кризисинин башы ошондо. Ал эми жакында эле орус элчисинин жардамчысы кыргыз тарыхчыларын айыптап чыкты, 1916-ж. окуяларды туура эмес жазасынар деп.
+1
Gulnaz.GS
2016-01-01 17:29:50
моюнга алыш керек россия багып жатат кыргызстанды
+5
tursunmurat1991www
2016-01-03 17:33:19
Бизди Расссия эмес, Аллах бизге Рассияны наасип кылган экен Аллах багып жаттат
-2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.