MegaCom: «КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ ТАШТАЙБЫЗ»

Өлкөнүн ири мобилдик компаниясынын 2015-жылдагы негизги көрсөткүчтөрү өткөн жылдыкына салыштырмалуу бир кыйла жогорулады. Алсак, абоненттик база 5 пайызга өсүп, MegaCom колдонуучулардын саны 3 миллиондон ашкан. Бул учурдагы мобилдик чалуулардын азаюу тенденциясында олуттуу көрсөткүчтү түзөт. Бул жана башка жыл жыйынтыктары тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Азат Базаркулов жана коммерциялык директору Нурбек Ишекеев журналисттер менен жолугушууда айтып беришти.

«ӨЛКӨ КАЗЫНАСЫНА 2 МИЛЛИАРД СОМДОН АШЫК ТӨЛӨМ ТӨЛӨНДҮ»
MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов 2015-жылы компания жаӊы базалык станцияларды куруп, байланыш сапаты бир кыйла жогорулаганын белгилейт:
– MegaCom компаниясы 2015-жылы олуттуу сыноодон өттү. Доллардын кескин өсүшү телекоммуникация тармагына таасирин тийгизбей койгон жок. Антсе да жылдап түзүлгөн эффективдүү башкаруу системасынын негизинде кандай гана кырдаал болбосун натыйжалуу иштей аларын көрсөттү. Буга компаниянын экономикалык жыйынтыктары далил. Мисалы, өткөн жылы салык жана кошумча төлөмдөр
1 миллиард 941 миллион сомду түзсө, 2015-жылдын 10 айынын жыйынтыктары боюнча бул сумма 2 миллиард 145 миллион сом болду. Мындан тышкары, MegaCom компаниясы толугу менен мамлекеттик ишкана болгондуктан өлкө казынасына жыл сайын дивиденддик төлөмдөрдү төлөп келет. Бул төлөмдөр 2010-жылдан 2014-жылга чейин жалпы 7 миллиард
181 миллион сомду түздү.
Ишкананын кирешеси 6 миллиард 352 миллион сомду түзөрү күтүлүүдө. Өткөн жылы бул көрсөткүч 12 ай аралыгында 8,5 миллиард болгон. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, таза кирешенин суммасы – 2 миллиард 241 миллион сом. Компания чыгашаларды туура пайдалануу менен таза кирешенин суммасын көбөйттү. Алсак, бул жылы капиталдык чыгашалар 1 миллиард 347 миллион сомду түздү. Мунун 500 миллион сомуна «Кыргыз мобайл компани» ишканасы жана интернеттин сапатын жогорулатуу үчүн бош жыштык сатып алынды. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймагында заманбап байланышты үзгүлтүксүз тартуулоо үчүн жаӊы базалык станциялар курулуп жатат.

«ЭРТЕӉКИ КҮН ҮЧҮН ЖАСАЛГАН КАДАМДАР»
– MegaCom компаниясы алгач 7 базалык станция менен иш баштаса, 9 жылдын ичинде бул көрсөткүч 230 эсеге көбөйдү. Бүгүнкү күндө 1900дөн ашык базалык станциялар абоненттер үчүн сапаттуу байланыш тартуулап келет. Кыргызстандын 98 пайыз аймагы байланыш менен камсыздалган.
Белгилүү болгондой, MegaCom уюлдук оператору тарабынан абоненттерди сапаттуу байланыш менен камсыздоо, кызматтардын жана опциялардын түркүмүн кеӊейтүү максатында «Бишкек-Ош» була-оптикалык байланыш тилкесин төшөө иштерин баштаган. Учурда «Бишкек-Балыкчы» жана «Балыкчы-Нарын» боюнча иштер аяктап, 2016-жылы «Нарын-Казарман-Жалал-Абад» тилкеси бүтүшү пландалууда. Бул долбоор абоненттерге маалыматты жогорку ылдамдыкта өткөрүү жөндөмдүүлүгүн шарттаган жаӊы кызматтарды сунуштап, 4G LTE жаӊы технологиялардын пайдубалын түптөйт. Бул эртеӊки келечек үчүн жасалып жаткан кадамдар.

«ЧАЛУУЛАРГА КАРАГАНДА ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУЧУЛАР КӨБӨЙҮҮДӨ»
Ал эми MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев буларга токтолду.
– Мобилдик рыноктогу атаандаштыктын жыйынтыгында абоненттер үчүн ар түрдүү тарифтер сунушталып келет. 2015-жылдын август айында MegaCom кыргызстандыктар үчүн сунуштаган заман талабына жооп берген «Элдик» тарифи өзгөчө сөзгө татыйт. 3 айдан соӊ аталган тарифке кошулуулардын саны боюнча алдыӊкы сапка чыкты. Чындыгында, бул тариф көпчүлүктүн талабына жооп берет. Себеби бул тарифке кошулган ар бир абонент өзүнө ыӊгайлуу вариантты тандап алууга мүмкүн. Чалуулар жана SMS үчүн 50 сомдук пакет, интернет колдонуучулар үчүн 1ден 7ге чейин максималдык ылдамдыктагы интернет-пакеттер абоненттер тарабынан көӊүл кош болгон жок.
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, жалпы абоненттердин сүйлөшүүлөрүн 15 жылдык убакытка салыштырсак болот. Чалуулардын эӊ көбү Ош облусунда катталган, абоненттердин ар бири бир айда орточо 440 мүнөтүн телефон менен сүйлөшүүгө кетиришет.
Бирок абоненттердин чалуулары жана SMS менен баарлашуулары азайып, интернет аркылуу байланышуусу өсүп жатканын белгилесек болот. Бул өлкөбүздө гана эмес, дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан тенденция. Мындан сырткары чет өлкөдөн келген чалуулардын саны кыскарды. Мисалы, Орусиядагы мигранттардын өлкөбүзгө көп келүүсү менен, аталган өлкөдөн келген чалуулардын саны да азайды.

«ЖОГОРКУ ТЕЙЛӨӨ САПАТЫ»
– Биздин компаниянын контакт-борборунун 300дөй кызматкери жыл ичинде дээрлик 4 миллиондой телефондук чалууларды кабыл алат. Алардын орточо узактыгы 11,5 миллион мүнөттү түзөт. Ал эми оператордун жообун күтүү орточо 2 мүнөткө барабар. Абоненттердин бизге ишеним артканы – жогорку тейлөө сапатынын жыйынтыгында.
Кардарлар менен иштөө интернет колдонуучулар үчүн да жүрүп, бир ай ичинде 800дөн ашуун билдирүүлөрдү карап чыгышат. Алардын дээрлик 90 пайызы 2 саат ичинде өздөрүнө ылайык жооп ала алышат.

Биздин компаниянын 2015-жылдагы тейлөө сапаты кандай болгону тууралуу кардарлардын жоопторунун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

 95 пайыз абоненттер кардарларды колдоо кызматы, сатуу борбору жана фирмалык салондун жогорку деӊгээлде экенин билдиришкен.
 93 пайыз абонент MegaCom`дун байланыш сапатына ыраазы.
 90 пайыз абонент кызматтар үчүн болгон эсептин туура экендигине ишенет.
 89 пайыз абонент байланыш сапаты өз баасына төп келет деп белгилейт.

MegaCom мамлекеттик демилгенин колдоп, өз абоненттерин персонификациялоону ишке ашырууну улантып келет. Бул үчүн кошумча промоутерлер ишке алынып, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, бардык абоненттердин 97 пайызы өз SIM-карталарын каттоодон өткөргөн.

«НЕГИЗГИ ДЕМИЛГЕЛЕР ЖАНА ДОЛБООРЛОРДУ КОЛДОО УЛАНТЫЛАТ»
– Биздин компания ар дайым өлкөбүздөгү негизги долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууну колдоп келет. MegaCom 2015-жылдан тарта Улуттук Олимпиада комитетинин башкы өнөктөшү саналып, спортчуларыбыздын Рио-де-Жанейро-2016 оюндарында ийгилик жаратышына тилектеш.
Ошондой эле карылар жана балдар үйүнө жардам көрсөтүү демилгелери улантылууда. Мисалы, жакынкы күндөрү балдар үйлөрүнүн бирине керектүү жардам көрсөтүлөрү күтүлүүдө.
Мындан тышкары компаниянын кызматкерлери үчүн кызыктыруучу сыйлыктар байма-бай берилип келет. Алардын ортосунда ар түрдүү спорт боюнча ички Олимпиада өткөрүлүп, дени сак жашоого умтулабыз.

ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИНДЕ ЖАӉЫ САТУУ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БОРБОРЛОРУ АЧЫЛДЫ
Ал эми MegaCom компаниясынын соӊку жаӊылыктары жөнүндө айта кетсек, кезектеги жаӊы фирмалык салон Ош шаарында ачылды. Аталган иш-чара 22-декабрь күнү башкы директор Азат Базаркулов, шаар жетекчилери жана тургундардын катышуусунда салтанаттуу түрдө ишке ашты.
«Аталган жаӊы заманбап имарат абоненттер үчүн ыӊгайлуу жерде жайгашып, Ош шаарына да көрк берет. Компанияга ыраазычылык билдирүү менен бирге ушундай жаӊы ачылуулар көбөйө беришин каалап кетем»,- деп билдирди Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов.
Фирмалык салонго кайрылган Ош шаарынын тургундарына жана меймандарына келишим түзүү, түйүнгө кошулуу, ыӊгайлуу тарифтик планды тандоо, өз телефонунан GPRS/3G интернетти акысыз тескөө, байланыш кызматтары үчүн акы төлөө сыяктуу кызматтардын кеӊири түрлөрү көрсөтүлөт.
Жаӊы ачылган сатуу жана тейлөө борбору менен MegaCom компаниясынын Ош аймагындагы башкы кеӊсеси Ош шаары, Масалиев көчөсү 2 дарегинде жайгашкан.
Муну менен катар Жаӊы жыл алдында Жалал-Абад облусунун Бек-Абад айыл тургундарына белек тартуулады. Аталган айылда 22-декабрь күнү фирмалык салон ачылды. Эми абоненттер үчүн мыкты тейлөө шарттары түзүлүп, кеӊсенин ыӊгайлуу жайгашуусу убакытты үнөмдөйт.
Фирмалык салон Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылынын Сыдыков көчөсүндө жайгашкан. Иш убактысы – саат 9:00дөн 18:00гө чейин, дем алыш күн – жекшемби, түшкү тыныгуу убактысы – саат 12:30дан 13:30га чейин.

Ош шаарында ачылган жаӊы сатуу жана тейлөө борбору абоненттер үчүн кызматта.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан