БИР КЕЗДЕГИ «БРИГАДА» АЗЫР КАЙДА?

Орусиянын “Бригада” сериалы жарыкка чыкканда, көрүүчүлөр арасында болуп көрбөгөндөй талкуу жаратканы эсиңизде болсо керек. Мектеп окуучуларынан тарта кызматкерлерге чейин “биз бригадабыз!” деп калышканы да анык. "Сериалда башкы ролду ойногон төрт мырза жана бир айым учурда эмне менен алек?

САША БЕЛЫЙ – СЕРГЕЙ БЕЗРУКОВ
Сергей Безруковду көрүүчүлөр “Бригада” сериалы аркылуу Саша Белый деп тааный башташкан. 2002-жылдын сентябрь-октябрь айларында сериал жарыкка чыкса, жыл аягында актёр Орусиядагы “Жылдын жүзү” сынагында “Жылдын актёру” наамына ээ болгон. Андан кийин ал “Есенин”, “Участок” жана башка көптөгөн белгилүү фильмдерде башкы каармандын ролун жаратууга жетишти. Эмгегинин үзүрү кайтып, 2008-жылы Безруков Орусиянын Эл артисти наамына татыды. Учурда Сергей дале талыкпай иштеп, өзүнүн мындан да мыкты экенин далилдөө менен алек. Ал учурда “Анык жомок”, “Биздин Чехов”, “Жапайы бакыт” деген үч тасмага тартылып жатат.
Сергей Безруков жубайы Ирина экөө Орусияда эң таттуу түгөй деп эсептелинет. Алардын жашоосу мындан да ширин болуусуна бир гана нерсе жетишпейт. Ал – перзент. Иринанын мурунку никесинен уулу бар. Бирок Сергейди да балалуу кылып, бакытка чөмүлтүүнү кыялданып жүрөт.

КОС – ДМИТРИЙ ДЮЖЕВ
Актёр Дмитрий Дюжев "Бригада" тасмасына тартылганга чейин 13 жашар карындашы Анастасиядан айрылган. Жалгыз карындашынан ажыраган Дима күйүтүнө чыдабай, чиркөөгө кетмек болот. Ошондо атасы: “Уулум, сен таланттуу актёрсуң. Кино дүйнөсүндө чоң ийгилик жаратышың керек” деген насаат сөзүн айтып, чиркөөдөн алып калат. Депрессиядан жаңы чыгып келе жаткан Дюжевге "Бригада" сериалына тартылуу сунушу түшөт. Сериал жарыкка чыккандан кийин анын иши ийгиликтүү боло баштайт. Бирок жеке жашоосунда дагы чоң жоготууга кезигет. Актёрдун атасы өз өмүрүнө кол салып, анын артынан эле бир жылга жетпей апасы да бул дүйнө менен кош айтышат. Ошентип, атагы чыкканы менен, Дима жеке жашоосунда азап чегет. Жакындарынан ажыраган Дмитрий баарына көңүл кош карап турган маалда достору Безруков, Вдовиченков, Майков биргеликте актёрду бул абалдан алып чыгышат.
Дюжев 2008-жылы Татьяна Зайцева аттуу айымга үйлөнүп, учурда уулун эркелетип, сүйүктүү иши менен алектенүүдө. Жаңы жылда актёр ак өргөлүү болду. Москванын борборунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2 миллион долларга квартира сатып алды. Капчыгы жукара түшкөн актёр учурда “Москва, мен сени сүйөм” жана “ХХI кылымдын Гамлети” аттуу тасмаларга тартылууда.

ОЛЬГА БЕЛОВА – ЕКАТЕРИНА ГУСЕВА
“Бригада” сериалында Саша Белыйдын жубайынын ролун аткарган Екатерина Гусева учурда “Париждеги сейил” жана “Шаардагы алтын балык” аттуу тасмаларга тартылып жатат. Катя кийимге же башкага акча керек деп башын оорутпайт. Себеби аны материалдык жана моралдык жактан колдогон ишкер жолдошу бар. Гусева "Бригададан" кийин 20дан ашуун тасмада роль жаратты. “Муз үстүндөгү жылдыз” долбооруна катышып, муз үстүндөгү бийчи Роман Костомаров менен бийлеп, өзүн спортчу-бийчи катары да көрсөтө алды. Көп убактысын уулу Алексейге бөлүүгө аракеттенет. Кандай гана абал болбосун, үй-бүлөнү биринчи орунга коёт.

ФИЛ – ВЛАДИМИР ВДОВИЧЕНКОВ
“Бригада” сериалында келечекте бел­гилүү боксчу болууну кыялданып, бирок кримдүйнөсүнө аралашып кеткен Фил чыныгы турмушта өзүн мыкты боксчу катары көрсөтө алган. Вдовиченков жаңыдан Москвадагы кинематография институтун аяктагандыгы жана бокс менен машыкканы үчүн режиссёр аталган сериалга алган эле. "Бригада" Вдовиченковго да атак-даңкты алып келген. Учурда 38 жаштагы Владимир төртүнчү жубайы Ольга Филиппова менен өмүр сүрүүдө. Вероника аттуу чырайлуу кызды тарбиялап, анын келечеги үчүн тынбай эмгектенип келет. Ошондой эле ал “Терезенин жанындагы киши” тасмасына жана “Аскердик чабуул” аттуу сериалга тартылып жатат. Бош убактысы боло калса кышкысын үйүндөгү, жайкысын бакчасындагы гүлдөрүнө кам көрүү менен алектенет. Себеби актёрдун хоббиси – гүл өстүрүү.

ПЧЁЛА – ПАВЕЛ МАЙКОВ
Павел Майков эки сөзүнүн биринде: "Бригада" сериалына ыраазычылыгымды билдирип бүтө албайм. Ал мени Орусияга жана бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнө таанымал кылды",- деп келет. Сериалдан актёрлордун мүмкүнчүлүгүн байкашкан башка режиссёрлор өздөрүнүн тасмаларына чакыра башташкан. Албетте, сунушталчу гонорарлардын суммасы да жогорулаган. Майков "Бригададан" кийин 20дан ашуун кино, сериалдарга тартылган. Алардын кээ биринде башкы ролду жаратууга да үлгүргөн. Жеке жашоосуна келсек, эки жолу үйлөнүп, кайра ажырашкан. Учурда Орусиянын супер бойдок мырзасы. Алты жаштагы Данило аттуу уулун тарбиялоо менен бирге “Аралык” аттуу фильмге тартылып жатат. Буга кошумча өзүн режиссёр катары да сынап көрүүнүн аракетинде.

“Бригада” сериалы жаңыдан кино дүйнөсүнө аралашып, бирок алгылыктуу ийгиликти жарата албай жүргөн бир нече актёрлордун аброюн көтөргөн. Алар: Сергей Безруков, Екатерина Гусева, Владимир Вдовиченков, Дмитрий Дюжев, Павел Майков. "Бригадачылар" сериалда гана эмес, жашоодо да эң жакын достордон. Алар бири-биринин ысык-суугуна күйүп, жеңилин жерден, оорун колдон алууга дайыма даяр турушат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Асанбеков
2010-02-01 19:52:08
Суйом да мен бул актёрлорду!!!!
0
AygerimUrmat
2010-02-02 09:58:52
ФИЛ – ВЛАДИМИР ВДОВИЧЕНКОВду суйом да..
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан