ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК АТРИБУТТАРДЫН ТАРЫХЫ

Дүйнөдө канчалаган улут, мамлекет бар. Алардын ар биринин салты, жашоо принциптери ар башкача. Бири-бирине окшобогон адамзатын бириктирүүчү нерсе – Жаӊы жыл. Бул майрамда салттуу түрдө балатыны кооздоп, шампан аттырып, оливье салатын жасап көнгөнбүз. А бирок эмнеден улам балатыны кооздойбуз? Эмне үчүн сөзсүз оливье салаты дасторконубузду толукташы керек деп ойлондуӊуз беле? Төмөнкү макаладан сүйүктүү майрамыӊыздын жаралышы, анын атрибуттары тууралуу маалымат алыӊыз.

1-ЯНВАРЬ БАРДЫК МАМЛЕКЕТТЕР ҮЧҮН ЖАӉЫ ЖЫЛ ЭМЕС
Дүйнө жүзүндөгү айрым мамлекеттер жаӊы жылды башка күндөрү белгилешет. Мисалы, кытай жана вьетнам эли 21-январдан 21-февралга чейинки аралыкта майрамдашат. Ал эми еврейлер 5-сентябрдан 5-октябрь аралыгында жаӊы жылды тосушат. Иран календары боюнча жашаган мамлекеттерде жаӊы жыл 21-22-март күндөрү келсе (Нооруз-Жаӊы күн), бангладештиктер 14-апрелди жылдын жаӊырган күнү катары белгилешет. Жер жүзүндөгү мамлекеттердин бул майрамга болгон мамилеси канчалык түрдүү болбосун, баары бир расмий түрдө 1-январдан тартып кийинки жылдын саналышы башталат.

ЖАӉЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ
Жаӊы жылды белгилөө биздин доорго чейинки IV кылымда Месопотамияда пайда болгон (азыркы Ирак, Сирия, Түркия, Иран мамлекеттерин камтыган аймак). Бирок алар аны март айында белгилешчү. Анткени бул айда талаа иштери башталат, жылдын башы деп билишчү. Кийин биздин доорго чейинки 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь жаӊы жыл 1-январда башталат деген буйрук чыгарган. Аталган майрам Орусияга 1700-жылы жеткен. Ошол убактагы император Пётр I жаӊы жылды майрамдоо демилгесин көтөрүп чыккан.

БАЛАТЫ КООЗДОО ГЕРМАНИЯДАН КЕЛГЕН САЛТ
Алгачкы балаты 1513-жылы Германияда немис реформатору Мартин Лютердин үйүндө жасалгаланган. Ал рождество майрамынын алдында түн ортосунда үйүнө баратып асмандагы жайнап турган жылдыздарга суктанат. Үйүнө барып жылдыздарга окшоштуруп балатыга шамдарды илип көрөт. Алгач балатыны шам, алма, таттуу токочтор менен кооздошчу. Кийинчерээк пахта, кагаз, айнектен жасалган оюнчуктарга кезек келген.
Орусияга бул салт император Пётр Iдин убагында келген. Ал жаӊы жыл астында көчөлөргө ийне жалбырактуу дарактарды кооздоп орноткула деп буйрук берет. Ошондон тарта балаты рождество майрамына карата гана эмес, жаӊы жылдын урматына да жасалгалана баштайт. Кыргызстанда алгачкы коомдук балаты 1895-жылы 28-декабрда Бишкек шаарында (Пишпек) жасалгаланган.
Кийинчерээк Ленин «балаты жасалгалоо – буржуаздык өнөр» деп бул нерсеге тыюу салат. Жаӊы жылдык балатыга экинчи өмүрдү 1930-1935-жылдары Иосиф Сталин «Балдарга жомокту кайтарып берүү керек» деген ураан менен кайтарып берген. 1947-жылдан тарта 1-январь расмий түрдө календардагы кызыл күнгө айланган.

АЯЗ АТА ЖАНА АЯЗ КЫЗ
Алгач жарыкка Аяз ата келген. Айрым өлкөлөрдө аны эргежээлден келип чыккан дешсе, айрымдар оюнчук саткан чалдын образынан жаралганын айтышат. Эӊ биринчи Аяз ата тон кийген киши болсо, кийин анын колуна мор тазалоочу таякча карматып (мор аркылуу белектерин таштап кетет деген уламыштан улам), ак жакалуу кызыл тон кийгизилет. Анын бул образына америкалыктар сакал кошушса, англиялыктар колуна белек салынган мүшөктү карматышкан.
Аяз кыз – орустардын ойлоп тапкан каарманы. Анын жаралышы 1935-жылга туура келет.

ШАМПАН АЧУУ
Бул ичимдикти жаӊы жыл майрамында ачуу орус ханышалары Елизавета I жана Елизавета IIнин башкаруу мезгилинде пайда болгон салт дешет. Алардын 15 миӊден ашык адамдын катышуусунда уюштурган жаӊы жылдык кечелери тууралуу көп айтылат. Мына ошондой эстен кеткис майрамдоолордун биринде шампан ичүү пайда болгон.

ФЕЙЕРВЕРК ЖАНА БЕНГАЛЬ ШАМЫ
Көпчүлүк салют менен фейерверкти бир нерсе деп билишет. Бирок экөө эки башка. Салют бул – артиллериялык куралдан куру дүрмөт менен салтанаттуу аттыруу. Фейерверк – пиротехникалык курамды күйгүзгөндөн келип чыкчу декоративдүү оттор.
Фейерверктин мекени – Кытай, ал биздин доордун XII кылымында жаралган. Орустарга бул нерсе 1675-жылдары жеткен. Ошол эле учурда
Пётр I эски жылдын акыркы күнү фейерверктерди аттырып майрамдоону элге таратат.
Алгачкы бенгаль шамы Индиянын Бенгалия провинциясында коопсуздукту сактоо иретинде күйгүзүлүүчү белги катары колдонулган. Аталышы дагы ошол жердин атынан.

ОЛИВЬЕ САЛАТЫ
Аталган даамды франциялык ашпозчу Люсьен Оливье ойлоп тапкан. Анын рецебинде салатка колбаса кошулган эмес. Бул орустардын кошумчасы. Чындыгында, салаттын жаӊы жылга тиешеси жок, жөн гана убакыттын өтүшү менен кенен жайылып, салтка айланып калган.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ZANIA-92
2016-01-04 19:52:04
Эн сонун. Жаны жылынар менен супер инфо жана супер окурмандар.
+3
Nurdoolot1996
2016-01-05 12:52:57
класс мага жакты
0
mira28
2016-01-07 22:24:47
Кандай соонун майрам отуп кетти бат эле
0
elaman9494
2016-01-11 03:14:29
Өзү жашоодо эки жол бар деп бекер айтпаса керек.
Ошол жолду Кыргыз бай экөөнү тең басат экен ээ.
31-декабрды да 21-мартыда жаңы жыл деп билебиз.
0
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан