Акбар, Мирбек, Султан. Бир учурда булардын ырлары радио-телевидениеден жаӊырып, тойлордо ырларына бийлеп, күйөрмандар залга батпай концерттери аншлаг менен өткөн. «Жыйырма жашыбызда атактуу болдук эле. Ал кездеги күйөрмандарыбыз үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болушту. Элди, сахнаны сагындык»,- деген достор менен өткөн-кеткенден кеп козгодук.
– Карапайым айылдан келген үч жигит ырчы боло электе кандай эле? Сахна сиздерди кандай өзгөрттү?
Акбар: – 2003-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуп баштагандан бери доспуз. Жатаканада бир бөлмөдө жашап, жарым нанды бөлүп жеп студенттик күндөрдү өткөрдүк.
Мирбек: – Сахна, убакыт бизди өзгөрткөн жок. Шок болсок, токтолдук, мурун өзүбүз бала болсок, эми үй-бүлө күтүп эки баланын атасы болдук.
– Студенттик жашоону эстегенде кандай окуялар эске түшөт?
Султан: – Студенттик күндөрдүн ар бир мүнөтү кызык эмеспи. Окуп жүргөндө Жаӊы жылда Мирбек экөөбүз айылга барбай калдык. Жатаканада бизге окшоп Аида Баякова аттуу скрипкачы кыз да бөлмөсүндө жалгыз калыптыр. Үчөөбүз жатаканада Жаӊы жыл тосконубуз эсимден кетпейт. Бөлмөбүзгө чакан дасторкон даярдап алганбыз. Столубузда болгону бир шампан бар. Каалоо-тилек айтып, элдин баары салют аттырып жатышса, биз бенгаль шамы менен тосконбуз.
– «Пикир келишпестиктер болуп достор тарап кетишти» деген кептер чыккан болчу. Ал чырлар эмнеден улам чыкты эле?
М.: – «Силер урушуп кеттиӊер беле? Эмнеге чогуу концерт бербей калдыӊар?» деп эл аралап калганда көп сурашат. Үчөөбүз дос болгонубузга 13 жылдан ашып калды. Урушуп-талашпадык дебейм. Бирок биздин таарыныч ашып барса 5 мүнөткө гана созулат. Бир жума же айлап таарынган учурлар болгон эмес.
– Атагыӊыздар чыгып турган маалда ортоӊуздарда атаандаштык болду беле?
М.: – Үчөөбүздүн ортобузда азыр деле атаандаштык бар. Атаандаш десе жаман ойлобош керек. Биз атаандаштыкты жакшы жакка пайдаланабыз.
– Атактуулукту теӊ салмакта кармай албагандыктын себебин эмнеден көрөсүздөр?
С.: – Жашоо жалаӊ эле ыр, күйөрман, концерттен турбайт да. Андан башка максат-тилектер бар. Аларга да убагында көӊүл буруш керек. Биздин чыгармачылыгыбыз солгундаганы менен, үй-бүлө жактан пайда таптык, ата болдук.
– 20 жашыӊыздарда жалындап-жандыӊыздар. Отуз жашыӊыздарда от аласыздарбы, же желиӊиздер чыгып бүттүбү?
А.: – Мен студент кезимде «окууну аяктагандан кийин белгилүү ырчылардын артында гитара ойноп турсам» деп тилек кылчумун. Кудайга шүгүр, студент кезимден тартып ырдап, күйөрман топтодум. Мурда ырды ылгабай ырдасак, эми ырдала турган сонун чыгармаларды жаратабыз.
М.: – Ал кездеги атактуулукту кайрып албайм го. Жакшы ырларды чыгарып, кыргыз элим үчүн ырдай берем.
С.: – Менин чыгармачылыгыма нааразычылыгым жок. Ал учурдагы атактуулукту кайрып алам дебейм. Өзүмдү азыр деле ошол кездегидей атактуу сезем. Жакшы ырлар жаралып, кыргыз эли бийлеп жатат. Он гүлүмдүн бир гүлү эми ачылды. Али алдыда аткара турган, ырдай турган ырларым көп.
– Достор биригип концерт берип жатасыздар. Акча табуу максатындабы?
М.: – Күйөрмандарды, сахнаны сагындык. Бул концертти видеого тарттырып өзүбүзгө архив катары сактап коюу максатында берип жатабыз.
С.: – Бизге эч ким бут тосуп жаткан жери жок, жөн гана бир аз тартынып калдык. Азыр концерттен акча табуу кыйын иш. Бул концерт өзүнүн жарнамасын, ижара акысын араӊ жабат. Биз эл менен пикир алышып, сүйлөшүп, жаӊырган жаӊы жылда позитив тартуулайлы деп коюп жатабыз.
– Афишаӊыздарда досуӊуздар Чыӊгыз Мырзаев көрүнбөйт. Концертке катышпайбы?
А.: – Чыӊгыз бул концертте алып баруучу болот. Мындан сырткары бир-эки чыгармасын күйөрмандарына тартууламакчы.
– Маегиӊиздерге рахмат! Концертиӊиздерди ийгиликтүү өткөрүп алыӊыздар.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg