ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Айгерим окуучу кезинде жакшы курбу болуп жүргөн Аруукенин Москвага келерин угуп кубанган эле. «Жалгызсырабай жакшы болот экен» деп ойлоду. Аэропорттон тосуп алайын деп келип, ыйлай берип көздөрү шишиген Аруукени көрүп чочуп кетти.
– Ой, сага эмне болду?
– Кандайсыӊ, Айгерим? Билбейм, көп уктап койгон окшойм.
– Жок, сен ыйлаптырсыӊ?
– Ооба, кичине.
– Биринчи келгенде баарыбыз ыйлайбыз. Бирөө аэропорттон эле баштайт, бирөө биринчи жумушунан ыйлайт. Дагы бирөө дагы
бир нерседен. Бирок акырында баары жакшы болот. А сен учактан эле баштап алыптырсыӊ. Кел эми, кучакташып коёлучу.
 Айгерим курбусунун көӊүлүн көтөрмөккө тамашалап, Аруукени катуу кучактады.

ххх

– Кыргызстанды, Бишкекти ушунчалык сагынам деп ойлогон эмесмин. Чын, азыр оюма койсо, дароо эле мекениме жөнөмөкмүн. Бизде баары сонун го. Аба, суу, адамдар... Бирок иштейм деп келгем. Үйдөгүлөргө жардам беришим керек. Анын үстүнө бул жакта айлыкты көбүрөөк төлөшөт. Ошондуктан чыдаш керек.
Айгерим таксиде бара жатып божурап сүйлөп жатты. – Азыр чоӊ ресторандардын биринде официантмын. Ал жакка сулуу кыздарды дароо алышат. Ошон үчүн сен келем дегенде жумуш таап берем деп ишенимдүү айтпадымбы.
– Жакшы, рахмат сага.
– Сен таптакыр башкача болуп калыптырсыӊ.
– Эмнеге?
– Күлүп эле жүрө берген, тентек элеӊ го. Азыр аябай ой басып калыптырсыӊ. Эмне, бирөөнү сүйүп калгансыӊбы?
– Көнө албай жаткандыкы окшойт.
– Коркпо, баары жакшы болот. Арууке үнсүз жылмайып койду. Ал атасын, апасын, Жанарын эмитеден эле катуу сагына баштаганын сезди. Узак убакыт бою аларсыз жашоого көнөр бекен? Түмөн ойлор келе берди.
– Келдик,- таксист үн катты. Айгерим көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатына чыгуу керектигин айтып: «Башкысы, сен чочуба. Бул жак Кыргызстан эмес, батир акысы кымбат. Ошондуктан 2 бөлмөлүү батирде 8 адам жашайбыз. Бир бөлмөдө мен, анан дагы чогуу иштеген үч кыз бар. Коӊшу бөлмөдө 4 жигит жашайт. Алар да кыргыздар. Жакшы жигиттер»,- деп эскертип койду.

ххх

– Бул менин курбум Арууке!- Айгерим курбусун кыздар менен тааныштырып жатты. – Бул Чынара, Сезим анан Элиза!
Баары Аруукени жылуу кабыл алышты. Болгону Элиза гана баштан-аяк сынай карап, өзүнчө кытмыр жылмайып койду. Арууке мунусун түшүнө алган жок. Айгеримге баары түшүнүктүү болчу. Элиза өзүн абдан сулуу сезген жан. Сулуулугун арттыруу үчүн боёкту ашыгы менен колдонот, мода кууп кийинет. Бирок бүгүн аларга боёксуз эле сулуу көрүнгөн, жөнөкөй кийимде да чырайлуу экени айкын болуп турган Арууке аттуу кыз кошулду. Элизага мындай абалдын жаралышы жаккан жок. Андан сулуу кыз анын жанында жүрөрү ыӊгайсыздык жаратты.

ххх

Калия таӊ эрте туруп жумушуна бармак. Арыдан бери тамактанып, сыртка чыгайын дегенде каалгага кыстарылган баракты көрдү. Бул Аруукенин каты эле.
«Ата, апа! Силерди жакшы көрөм. Силердин тентек кызыӊар жакында айыгып кайтып келет. Жакшы адамдар табылды, жардам беришет. Эч нерсе айтпай туруп кетип калганым үчүн кечирим сурайм. Кам санабагыла, баары жакшы болот. Силерди өөп, кызыӊар Арууке». Калия катты окуп дендароо болуп туруп калды.
– Кадыр, бай болгур, ойгончу! Арууке кетип калыптыр!
– Кайда?- уктоочу бөлмөдөн чочуган үн угулду.
– Билбейм, кат таштап кетиптир.
Аруукенин кайда кеткенин ал күнү биле алышкан жок. Жакын курбуларынын бардыгына чалып чыгышты. Эч ким билбейт. Санаа тартып, жүрөктөрү тилинди. «Башкысы аман болсо экен» деп тиленип жатышты.

ххх

Жанар Аруукени окуу жайга келет деп күткөн. Бирок кыздын кабары билинбеди. Телефону да өчүк. «Үйүнө барсамбы?» деп, бирок өзүн-өзү токтотту. Ал күнү түн бир оокумда телефонуна чалуу келди. Чет өлкөлүк номур экен. Кимдир бирөө Жанардын «Алло! Ким? Угуп жатам» дегенин тыӊшап турду да, коюп койду. Ал күндүн эртеси да, кийинки эки күн да Аруукенин дайыны билинбеди. Бирок жанагы чоочун номер дайыма түн ортосунда чалып тыӊшап, анан коюп койчу болду. Төртүнчү күн болгондо ал номурдан кат келди. «Жанар, билем, мен акмакмын. Сенин сезимиӊ менен ойнодум. Бирок сени жакшы көрө албай койдум. Мен сүйүктүүм менен Москвага кеттим. Алдап жүргөнүм үчүн кечирип кой. Бактылуу бол! Арууке...» Жанар катты окуп, эмне кыларын билбей калды. Номурга чалса өчүрүлгөн.
Таӊ эрте туруп Аруукенин үйүнө барды. Коӊгуроосун басып турду. Ичкериден ыйлай берип көздөрү шишиген Калия чыкты.
– Кечиресиз, мага Арууке керек эле.
– Сен кимсиӊ?
– Мен Жанармын. Арууке үйдөбү?
– Сен Аруукеге ким болосуӊ? Группалашысыӊбы?
– Мен...Мен жигити болом. Арууке...- жигит мукактанып туруп калды.
– Ал жок. «Жакшы адамдар табылды, жардам беришет, жакында келем» деп кат таштап кетиптир. Каякта экенин билбейбиз.
– Ал мага бул номурдан кат жөнөттү...- жигит телефонун алып чыкты. – Менимче, Москвада окшойт. Ал эмнеге сиздерге эч нерсе айткан жок?
– Москвада?!- Калия шашып ичкериге кирип кетти. Кайра бир нерсени эстегендей токтоп, Жанарга кайрылды.
– Ичкери кирчи.
Калия телефонун алып Аруукенин жакын курбусу Маликага чалды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
elizka97ktmu
2016-01-04 09:27:41
Огоо мен биринчи.)
-4
elizka97ktmu
2016-01-04 09:28:04
Мынча кыскаа
+2
macho90
2016-01-04 09:28:27
Мен биринчи бооппу
-6
jypar.i
2016-01-04 19:08:52
macho, бооппу деген кайсы тилдеги сөз?
+2
mery.89
2016-01-04 11:05:38
Биринчи окугандарга приз барбы качан карасан биринчи экинчи дей бересинер?
+6
jypar.i
2016-01-04 19:10:40
mery.89, акыл эси начарлап калгандар ушинте берет окшойт, өнөкөт оору окшойт, гезиттин ар бир санында ушинтип эле жаза бермей.
+1
Juztilla92
2016-01-04 15:44:40
Эээээх суйуу суйуу...
+1
Gulya21
2016-01-04 17:00:40
Супер эмне аз жаздынар кобурок жазгылачы кызыгына келгенде бутуп калтат
0
Belek2070
2016-01-04 17:44:13
Мен жетинчи))
-3
dasta
2016-01-04 18:04:42
Жанар артынан баарып алса еле жакшы болот еле.откондо еле нике кыйдырабыз дегенде жанар макул болуш керек еле озунчо назданбай еле. Калганы качан чыгат еми журогум сыгылып жатат бир серал учун
0
Shef87
2016-01-04 19:54:16
Ээх кайтып келсечи бул жаштыгын кургур
+1
Kubanychbek1994
2016-01-05 03:44:19
суйууго кызыгышым кучоп кеттат чиркин,качан мага суйу келет екен е!!!
+1
medetbek
2016-01-05 07:04:28
Сүйүү бул болбогон нерсе . деп айтат Боз Салкын деген кинодо Көлдүн жээгинде.
0
aiyma887
2016-01-07 00:19:53
medetbek, Суйуу-пуйуу болбогон бир жомок деппи:)
0
cholpontolgongylyn
2016-01-06 14:51:30
Айланайын кыргыздарым,келтат,калтат,кеттат,боппу-дебей накта кыргызча туура жазып уйронгулочу.Озунордон кийинки муундарга улгу болгудай болуп
+1
Baichik17
2016-01-06 23:04:14
cholpontolgongylyn, анын эмнеси жаман,ойлосон баары бирдей окшош болсо. Ар башкача болсо жашоо кызыктуураак болот. Мен мисалга атыры, жатыры деп суйлойм Аксылыкмын и че с этого. Калейдоскопту карасан бир жолу кандай кооз. Ошондой эле геп да.
-1
aiyma887
2016-01-07 00:16:45
Мындан мурдакы сериясын окуп коруп кызыгып, башынан окуп чыктым эми дагы 4-5кун кутмой:(
0
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан