АЯЗ АТА, КЕЛИӉИЗ, БИЗГЕ БЕЛЕК БЕРИӉИЗ

Дүйнө элинин салттуу майрамына айланган Жаӊы жылды баарыбыз күтөбүз. Бардыгы жакындарына, дос-туугандарына белек тандап, камдап жаткан чак. Мектептерде, окуу жайларда майрамдык кечелер уюштурулуп, баары шаӊга бөлөнүүдө. Өзгөчө жеткинчектер жыл жаӊырган күндү чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени ата-эне, ага-эжелери аларга таттуу белектерин тартуулашат эмеспи.

БӨБӨКТӨРДҮН МААНАЙЫ ШАӉГА БӨЛӨНДҮ
Балыкчы шаарындагы «Тянь-Шандын балдары» деген аталыштагы реабилитациялык балдар борборундагы багар-көрөрү жок жеткинчектер жана жакырчылык чегинде жашаган үй-бүлөлөрдөн келген тарбиялануучулар жыл сайын Аяз атаны күтүшөт. Алардын кыялын орундатуу үчүн кайрымдуу адамдар белек толо мүшөгүн Аяз атага артып, балдарга майрам уюштуруп келишет. Аталган борбордогу бөбөктөрдү өз камкордугуна алган «Кумтөр» компаниясы алар үчүн 25-декабрда жаӊы жылдык балаты уюштуруу менен, майрамдык маанай тартуулады.
Жомоктордогу каармандардын катышуусунда театрлаштырылган оюн-зооктор, ыр, бийлер бөбөктөрдүн маанайын шаӊга бөлөдү. Жомок дүйнөсүнө кошо кирип кеткен бөбөктөр Жек Воробейдин образын жакындан көргөндө өздөрүн кемеде жүргөндөй элестетишсе, Жез кемпирди көргөндө жаӊы эле тили чыккан айрым бөбөктөр коркконунан ыйлап да жиберишти.
Балдар күлсө кошо күлүп, бийлесе кошо бийлеп, бөбөктөрдүн кубанычын бөлүшүп бакытка балкып турганын айткан алтын кен компаниясынын өкүлү Риан Херман катышуучулардын баарын келе жаткан Жаӊы жылы менен куттуктап өттү. Ал: «Балдардын жылмайган жүзүн көрүп жатканыма кубанычтамын. Бул иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жана балдардын кубанычына ортоктош болуу мен үчүн абдан жагымдуу. Балдардын келечеги кеӊ болуп, бактылуу болушсун»,- деген каалоо-тилегин айтты.
Аида Базарбаева үч баланы жалгыз тарбиялап, базарда соода-сатык кылып жан багат. Ал: «Бүгүнкү иш-чарада балдарга кошулуп ырдап, бийлеп мен да чер жазып алдым»,- дейт.

БАШКЫ МАКСАТ – БАЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ
Майрамдык балатыга жалпысынан 80 бала жана алардын ата-энелери чакырылганын билдирген реабилитациялык балдар борборунун директору Дмитрий Трофимов иш-чараны уюштуруп, белек-бечкектерин камдап берген «Кумтөр» компаниясына ыраазычылыгын билдирди. Ал балдар борбору түзүлгөн 2000-жылдан бери алтын кен компаниясынын кызматкерлери жана компания чоӊ жардамдарды берип келе жатканын белгилеп өттү. Алсак, реабилитациялык борбордун имаратынын 70 пайызы «кумтөрчүлөрдүн» каржылык көмөгү менен курулган. Ал эми акыркы 3 жылдан бери алтын кен компаниясы майрамдык иш-чараларды, жайкы лагерлерди уюштуруп, турмуштун оор түйшүгүнө тушуккан балдарга дем берип, үмүттөрүн жандырып келет.
Аталган борбордун башкы максаты – оор кырдаалга кабылган балдарга жардам берүү. Борбор ачылгандан тарта 300дөн ашуун бала көмөк алган. 2007-жылдан тарта тарбиялоонун асырап алуу ыкмасына өтүп, ал аркылуу көптөгөн балдар жаӊы үй-бүлөлүү болушууда.
«Биздин тилек – балдардын өз үй-бүлөсүндө чоӊоюусу»,- деген Дмитрий мырза: «Үч багытта иш жүргүзөбүз. Биринчиси – кризистик борбор. Бул жакка балдардын тагдыры чечилгенче убактылуу турушат да, кайра өз үй-бүлөсүнө, туугандарына же асырап алуучулардын колуна өткөрүлөт. Ошондой эле балдар борборунда биологиялык үй-бүлөлөр менен иштеген бөлүм бар. Мында балдарын таштап кетүү көрүнүшүнүн алдын алуу боюнча иш жүргүзүлөт. Жылына 30-35 үй-бүлө тартылып, алардын балдары менен биргеликте кризистен, жакырчылыктан кантип чыгуу керектиги жана жумушка орноштуруу боюнча иш алып барабыз. Борборго келген ата-энелер жакшы турмушка багыт алуусу үчүн ар түрдүү тренингдер, семинарлар өткөрүлөт. Ал эми үчүнчүсү – өспүрүмдөргө орто кесиптик билим берүү»,- дейт.
Жаӊы жыл алдында «Кумтөр» компаниясы «Тянь-Шандын балдары» реабилитациялык балдар борборундагы бөбөктөргө гана балаты майрамын уюштуруу менен чектелбей, көл кылаасындагы башка бардык балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучуларды, мектептеги эӊ алдыӊкы окуучуларды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана майыптар коомдорун куттуктап, жалпысынан 2 миӊден ашуун белек таратты. Бул компаниянын социалдык жоопкерчилик саясатынын алкагында ыктыярдуу түрдө жыл сайын ишке ашырылып келе жаткан жөрөлгө.

Айжан Ногойбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
wwwww
2016-01-04 14:27:43
Наристелерди алдап дагы канча убакыт аракетте болот экенсенер акмактар. Канчалаган чон ислам аалымдары арам арам деп какшаганын кот кулактар укбайт окшойт.
-9
beka1207
2016-01-04 17:34:25
wwwww,сен дин жолунда жургон ыймандуу бироо болсон,аныны ыплас созун менен далилдеп койдун.
+7
jaazira13
2016-01-18 13:59:15
wwwww,аларды эмне кыласынар, биздин бийликтеги ууруларды жоопко тартыш керек, ошондо тартип болот
0
marik10
2016-01-15 11:25:58
негизи ушундай жардамды депутаттар корсотушсо туура болмок, бу ишканан ансыз деле бюджетти толтуруп атат
0
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан