ТЕКЕЧЕР МЕНЕН БУКАЧАР ЭӉ БАКТЫЛУУ ТҮГӨЙ БОЛО АЛЫШАТ (22-декабрдан 20-январга чейинки аралыкта төрөлгөндөр)

Үй-бүлөлүк бакыт – бул жылуу мамилесине чулгап, кыйынчылыктарда колдоо көрсөтө алган адам менен жашоо эмеспи. Андыктан жылдыз белгиӊиз текечер болсо, баш кошор алдында сизге кайсы жылдыз белгинин ээси туура келерин билүүӊүз оӊ.

ТЕКЕЧЕР-КОЙ
Текечер мырза менен кой айымдын никеси – эки адамдын чыныгы сүйүүсүз, биринин экинчисине чыдап жашаганы. Бирок уруш-талаш, кызганычка карабай мырза күчтүү, ишенимдүү тирек болчу түгөйгө ээ болот. Ыӊгайына жараша бири экинчисине жол берип жашашса, үй-бүлө сакталат. Текечер айым кой мырзадан туура жүрүм-турумду талап кылат. Мамилелердин үзүлүүсүнө бири-бирине ишенбестик же ортодогу муздактык алып келүүсү мүмкүн. Түгөйлөрдүн бакыты жалпы кызыкчылыктан – материалдык байлыктан көз каранды. Канчалык көп табышса, бири-бирин баалоочулук өсөт.

ТЕКЕЧЕР-БУКАЧАР
Текечер мырза менен букачар айымдын никеси эӊ бекем болуп саналат. Анткени кызыкчылыктары жана каалоолору дал келет. Аларга амбиция эмес, жыйынтык керек болгондуктан баарын акылдашып жасашат жана бири-бирине үстөмдүк кылууга умтулушпайт. Башкача айтканда, бакытты чогуу курашат. Букачар эркек менен текечер айым жашоодогу жана мүнөздөгү туруктуулукту баалап, ага умтулушат. Болушунча эмоцияларын катып урушка жол бербөөгө аракет кылып жашай алышат.

ТЕКЕЧЕР-ЭГИЗДЕР
Текечер мырза менен эгиздер айымдын мүнөздөрү жана жүрүм-турумдары карама-каршы болгондуктан алгач булар бири-бирин толуктап тургандай сезилет. Бирок убакыттын өтүшү менен кызганчаак жана айтканын бербеген эркек аялынын мүнөзүнүн туруксуздугунан жана жыйнактуу эместигинен иренжий баштайт. Эгер экөөнү жалпы иш, бизнес бириктирип турбаса, анда мамилелерине чекит коюлат. Эгиздер мырза менен текечер айымды көп нерселерге кызыгуучулук жана көптү билүүчүлүк бириктирет. Бирок чогуу жашоодо аял күйөөсүн сындап, жекирүүдөн алыс болбосо, бир кайыкта сүзүүлөрү кыйын.

ТЕКЕЧЕР-БӨЙӨН
Текечер мырза менен бөйөн айым бири-биринин жашоосун бейишке же тозокко айлантышат. Экөө теӊ үй-бүлөлүк ынтымакка жана жайлуулукка умтулган сексуалдуу жандар. Бирок ар бири жеке кызыкчылыкка жана өз амбициясына умтулса, анда оппозиция болуп чыга келишет. Аял ачык-айрым болуп, эркек өкүмчүлүгүн чектесе гана жакшы жашап кете алышат. Бөйөн эркек менен текечер айымдын никеси экөөнө теӊ ыӊгайлуу. Бири-биринин сөзүн көтөрүү, эмоцияларга оӊой менен алдырбоо жакшы жашоого жеткирет.

ТЕКЕЧЕР-АРСТАН
Таанышкан учурдан тартып эле арстан айым көп сүйлөбөгөн, жай жүргөн текечер мырзага караганда күчтүүлүгүн сезип, башкарууга өтөт. Эркек айымга баш ийгиси келбейт жана анын акчаны чача берүүсүн жактырбайт. Үйлөнгөндөн кийин деле экөөнүн компромисске келиши кыйын. Жашап кетүү үчүн алар жашоого көз караштарын өзгөртүүлөрү керек болот. Арстан эркек менен текечер айым бири-биринен сыйлоону, көӊүл бурууну талап кылат. Экөө теӊ үйдө лидерликке умтулушат. Андыктан баш кошкон соӊ айым башкаруучулук мүнөзүн ооздуктап, күйөөсүн жеке адам катары сыйлабаса, очоктогу от өчөт.

ТЕКЕЧЕР-БИЙКЕЧ
Текечер мырза менен бийкеч айымдын никесинин бекем болуусуна мүмкүнчүлүк бар. Экөө теӊ эмгекчил, олуттуу мамиле курууга жана жетиштүү жашоого умтулган жандар. Чынын айтканда, айым эркектин сараӊдыгын жактырбаганы менен, анын чынчылдыгын жана чарбачылдыгын баалайт. Эркекке анын маселени тынчтык жолу менен чечкени жагат. Үнөмчүл текечер айым менен бийкеч мырза үйгө, балдарга карамдуу, эмгекчил жана бири-бирине ишенип, түшүнө алган, ала жипти аттабаган түгөй боло алышат.

ТЕКЕЧЕР-ТАРАЗА
Текечер мырза менен тараза айым экөө теӊ даамдуу тамакты, кооз буюмдарды баалашат. Айым балдарга, үйгө карамдуу болгону менен, күйөөсүнүн иштеги ийгиликтерине канааттанбайт жана чечкинсиздигине ачууланат. Ушул себептүү бардык маселелерди өзү чечет. Текечер айым тартынбаган, түз жүргөн жана болгонун бетке айткан мүнөзгө ээ. Тараза мырзанын болсо маанайы менен чечими улам өзгөрүп турат. Бул, албетте, чырлардын чыгышын жаратат. Бирок экөөсүнүн никесин жалпылап турган нерсе – алардын чыныгы искусствону сүйүүчү жана гурман экендиги. Андыктан экөө баш кошсо жана аракет кылышса биринде болгон маселени экинчиси чечүүгө жардам берип, ынтымактуу жашап кете алышат.

ТЕКЕЧЕР-ЧАЯН
Текечер мырза менен чаян айым бири-бирин сыйлай билген күчтүү адамдар. Айым мырзасынын өз алдынчалыгын, акча таба билүү жөндөмдүүлүгүн бааласа, мырзасы айымынын күчтүү мүнөзүнүн аялдык назиктиги менен айкалышып тургандыгын баалайт. Айымдар турмуш кургандан соӊ үйдөгү бийликти күйөөсүнө өткөрүп берип, карьера жасоосуна жардамдашат. Текечер айым оор басырыктуулугу менен сезимтал чаян мырзанын эскертүүлөрүн анча көӊүлүнө албайт. Мырза өзүнүн мүнөзүнүн терс жактарын сезе билип, шериги үчүн көп нерселерди жасоого даяр. Андыктан бактылуу жашоого мүмкүнчүлүктөрү бар.

ТЕКЕЧЕР-ЖААЧЫ
Текечер эркек менен жаачы айымдын никеси абдан бекем болот деп айтууга мүмкүн эмес. Бирок позитивдер бар: эркек айымдын акылдуулугуна басым жасаса, айым анын олуттуу жана жоопкерчиликтүү экендигин баалайт. Ошол эле учурда айым өзүнүн көз карандысыздыгын жоготкусу келбейт. Ушул себептүү алардын никесин чыдамдуулук гана сактабаса, өз алдынча жолго түшүшөт. Тиричиликке бышып, көйгөйлөрдү чече билген текечер айым жана көз карандысыздыкты баалаган жаачы эркек түрдүү максаттарга умтулуу менен чогуу жашоодо бакыт таба алышат.

ТЕКЕЧЕР-ТЕКЕЧЕР
Чарбачыл текечерлердин никеси тууралуу чөйрөдөгүлөр бекеринен «өтө ынтымактуу жашашат» деп айтышпайт. Анткени алардын кызыкчылыктары, максаттары, иш-аракеттери дал келип, дароо көзгө урунат. Ишенимдүү текечер экинчи жарымы менен 20 жылдан кийин деле маселелерди чогуу чечип, ийгиликтерге чогуу кубанып, тоону томкорушат.

ТЕКЕЧЕР-СУУ КУЯР
Тиричиликке тыӊ текечер мырзанын үй жумушун жасагысы жана убакыттын көп бөлүгүн үйдөн тыш өткөргүсү келген суу куйду айым менен тил табышуусу кыйын. Бирок айым баарлашууну сүйгөндүгү жана жаӊычылдыкка умтулуусу менен мырзанын жашоосун түрдүү боёкко боёй алат. Антсе да никелеринин келечеги бар деш кыйын. Текечер айым суу куяр мырзанын талантын сыйлаганы менен, материалдык абалына канааттанбайт жана кыйын кырдаалда колдой албайт. Баш кошушса кыйынчылык менен жашашат же ажырашышат.

ТЕКЕЧЕР-БАЛЫК
Текечер мырза балык айымды өзүнүн идеалы катары карап, ага өмүр бою кам көрүүнү каалашы мүмкүн. Айым да ага тартылып жылуу мамилени сезе алат. Бирок бул мамиледе айымдын күнөөсүнөн улам кара тактар жаралат. Булар бири-бирин абдан сүйүп, күнүмдүк кыйынчылыктарды бирге жеӊүүгө умтулбаса, жашап кетүүлөрү арсар. Текечер айымдын тил табыша билүүчүлүк жана колдоо көрсөтүүчүлүк касиети балык мырзага жагат. Эркек аны ак көӊүлдүүлүгү менен багындырат. Экөө табиятты сүйөт жана чыр-чатакты жактырбайт. Ушундан улам никелери түбөлүктүү болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
bekjigitova
2016-01-07 12:38:47
ii super info tekecher aiym jonundo jazgylachy
0
admin_superstan
2016-01-07 13:28:08
bekjigitova,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу текечер айым тууралуу маалымат алсаңыз болот
http://www.super.kg/article/show/30431
0
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан