ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-январдан 10-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Үй жумуштары сиздин моюнга илинет. Жакындарыӊыздын бири тумоолоп, ага да кам көрүүӊүз мүмкүн. Дем алыш күндөрдөн пайдаланып калайын деп бир жактарга барууну жылдыздар сунушташпайт. Сапар ойдогудай болбойт. Үй тиричилик техникаларын этияттап колдонбосоӊуз, өрт чыгуу сыяктуу коркунуч бар.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптаны өзүӊүздү калыпка келтирүүгө арнасаӊыз жакшы. Чоӊ иштерге киришпей турганыӊыз дурус, жыйынтыгы сизди канааттандырбашы ыктымал. Чөйрөдөгүлөр кайсы бир маселелерди өз билгениӊиздей чечип жатканыӊызды айтып сындашы мүмкүн. Андыктан реалдуу кеӊештерди угуп коюу ашыкча болбойт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иште да, жеке жашоодо да ийгиликтер коштойт. Айлыгыӊызга кошуп беришет же сүйүктүү адамыӊыз жакшы сюрприз тартуулайт. Кийин пайдасын көрө турган адамдар менен таанышып, маалыматтар менен камсыз болосуз. Конокко чакырык алууӊуз ыктымал. Шашып жүрүп буюмдарыӊызды бир жакка унутпаӊыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жакындарыӊыз же өмүрлүк шеригиӊиз менен мамилелерди териштирип маанайыӊыз түшөт. Чечим чыгарууну кийинкиге калтырып, ортодогу жараканы тереӊдетпеӊиз. Андан көрө досуӊуздукуна барып эс алып келиӊиз. Суукка урунбоо үчүн жылуу кийиниӊиз. Апта акырында балдар үчүн акча чыгымдайсыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада конокко баруу ордуна үйдөгүлөргө кам көрүп үйдө болгонуӊуз туура. Көптөн бери көрө элек тааныштар капыстан келип же жолугуп көптөгөн жаӊылыктарга маарыйсыз. Кызматкерлерге апта ортосунда абдан маанилүү тапшырма жүктөлөт. Аны аткарууӊузга жараша сыйлык аласыз же айып пул салынат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чөйрөдөгүлөрдөн бир аз алыстап, аларга да, өзүӊүзгө да өз алдынча болууга мүмкүндүк бериӊиз. Юридикалык маселеге туш болбоо үчүн мыйзам чегинде гана иш кылыӊыз. Үйдөгүлөр менен бүлүнгөн, бузулган буюмдарды оӊдоого, үйдү которуштуруп жайгаштырууга туура келет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй-бүлөлүк турмуш сизден маселелерди таразалап, ачууга алдырбай чечүүнү талап кылат. Башыӊызды бийик көтөрүӊүз. Анткени баарын орду-ордуна коюуга күчүӊүз жетет. Убактылуу колдонууга буюм же акча сурагандар чыгат. Ишенимдүү болбосо бербей эле койгонуӊуз оӊ.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жалгыз бойлор эски тааныштарынын биринен мамиле куруу жаатында сунуш алуулары мүмкүн. Айрымдардын жумушунда орун которуулар күтүлөт. Нерв коротпой жетекчиликтин айтканы менен болгон оӊ. Убакыт таап спорт залга, фитнеске барып ашыкча салмактан арылууга кам көрүӊүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Иште мүмкүн сыйлык беришет, же лотереядан утушка ээ болосуз. Аны коротууга шашпаӊыз. Чоӊ нерсе сатып алууга ылайыксыз учур. Апта аягында өзүӊүздү начар сезүүӊүз ыктымал. Өзүӊүз билбеген дарыларды ичип алып аллергияга тушукпоону эскертебиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта оор болмокчу. Андыктан убактыӊызды туура бөлүштүрүп, шаӊдуу иш-чарадан баш тартканыӊыз туура. Мамилелерде от чыкпасын десеӊиз, майда нерселерге көӊүл бурбаӊыз.Бөөдө сөзгө калбоо үчүн ушактарга аралашпоо зарыл.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада кандай гана жагдай болбосун жыйынтыгында пайдасы тийчүдөй кылып чечүү сизден көз каранды. Акча жааттагы авантюрага аралашпаӊыз жана сүйүктүүӊүзгө ишеним артыӊыз. Үйдөгү кымбат буюм жоголбошу жана сынбашы үчүн жакшылап көз салыӊыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Азыр сизде бардыгы жайында. Жакшы маанай жана жан дүйнөӊүздүн теӊ салмакта болушу кыйынчылыктар менен оӊой күрөшүүгө жардам берет. Өнөкөт кулак, тамак жана бөйрөк оорусу барлар сууктан сактанып, муздак ичпөөлөрү зарыл.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан