Мажит: «ЖАШСЫӉ, АЗЫР ҮЙЛӨНБӨ ДЕП АЙНЫТКАНДАР КӨП БОЛДУ»

Бойдок ырчылардын саны Бекжандын үйлөнүшү менен дагы бирге азайды. Мажитти эмнеге Бекжан деп жатат деп ойлодуӊузбу? Көрсө, «Салам, братан» деп ырдаган Мажиттин азан чакырылып коюлган ысымы Бекжан экен. Ошентип куудул, күрөш боюнча машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин уулу 26-декабрь күнү 20 жашында Көлдүн сулуусуна баш кошту.

Блиц-маек
– Мажит, жашооӊдо чоӊ бурулуш, окуя болуп жатат. Кандай сезимдер болууда?
– Өмүрүмдө болуп көрбөгөндөй, башкача айтканда, сөз менен жеткире алгыс сезимдердин кучагындамын. Кайната, кайнененин алдында сүрдөп жатам. Суукка карабай той камы менен чуркап жүрүп ооруп да калыптырмын.
– Күмөндөр Абыловдун бир сатирасында «жаштыгыӊдын арты кайрылуу болсун» дейт эмеспи. Анын сыӊары, сен да эрте эле үй-бүлө
жоопкерчилигин моюнуӊа артып алган жоксуӊбу?
– Негизи, адам баласы жетилгенден тарта эле үйлөнө берсе болот. Менин үйлөнөм деп оолуккан күнүм ушул болду. «Жашсыӊ, азыр үйлөнбө» деп айныткандар да, «эрте үйлөнсөӊ эрте токтолосуӊ, балдарыӊ эрте чоӊоёт» деп кубаттагандар да болду. Алгач ата-энеме айта албай кыйналдым, анан Эрнест (ред. Бөрүбаев) байкемден айттырсам, «азыр жаш» деп каршы чыгышты. Анан туугандар чогулуп барып «үйлөнөм десе токтотпогула» деп ата-энемди макул кылдырышты.
– Качан тааныштыӊар эле?
– 2 жыл мурун Көлдүн Тосор айылына гастролго баргам. Сахнада ырдап жатсам, эшиктин алдында бир кыз аябай алакан чаап жатыптыр. Карап туруп ичимден жакшынакай кыз экен деп койгом. Сураштырсам ошол клубдун директорунун кызы болуп чыкты. Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы окуу жайда окуган, жакшы ырдаган кыз экен. Ата-энесинен телефон номерин алып, «биздин чыгармачылык топко кыз керек эле, ырдайсыӊбы?» десем макул болду. Ошентип чогуу иштешип калдык. Бермет Бишкекке келгенде үйгө келип жүрдү, карындашым Сайкал менен курбу болуп алды. Ата-энеме, бир туугандарыма жасаган мамилеси менен мени арбап алды.
– Сүйүүнүн учкундары биринчи кимде пайда болду?
– Чынын айтсам, экөөбүздө теӊ бир убакта пайда болду. Көп өтпөй «үйлөнөлү» десем, кызыктай болуп кетти, 2-3 күндөн кийин кайра айтсам макул болду. Экөөбүздүн чечимди айтканда анын ата-энеси да алгач каршы болушуптур. «Мажиттин кыздары көп, сени таштап кетет» деген сыяктуу кептерди айтып айнытканга аракет кылышыптыр.
– Маегиӊе рахмат, кармашкан колуӊар түбөлүк болсун!

Эки жашты “Жар-жар” ырын аткарып Назми эл алдына ээрчитип кирди.

Эки жаштын толкунданган ата-энелери куттуктоо сөздөрүнөн кийин бийге түшүп тойду ачып беришти.

Тамада Жеӊишбек Айтиев: «Акча кыстарам дегендерге жол ачык» деди эле, той ээлеринин колдору акчага толо түштү. Бирок кудалар акчасын эки жаштын алгачкы үй-бүлөлүк капчыгы катары балдарына беришти.

Ырчы кызга үйлөндүм, эми клиптерди ат тезегин кургатпай тарттырам дегенби, өкүл ата кылып клипмейкер Эрнист Сыдыковду шайлаптыр. Өкүл ата келинчеги Кымбат экөө балдарына калпак кийгизип, жоолук салып, колдоруна нике шакегин тагышты.

Куттуктап келген чыгармачыл инсандардын тобу эки жашка каалоолорун айтып, конверттерин тапшырып жаткан кез.

Эрнест Бөрүбаев азыркы келинчеги жана биринчи никесинен уулу менен. Мажит байкелеринен мурун үйлөндү деп жүрсөк, агасы куудул, ырчы Эрнест эчак эле түгөйүн таап, келинчеги кош бойлуу экен.

Тойдо ырчылар бийди да көркүнө чыгарышты.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мажит ырчы кызга үйлөндү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
baha.121289
2016-01-05 21:15:20
Эн негизи бактылуу болсун, кудайым ыйманынарды берсин бир биринерди сындашпай сыйлашып озунор м.н озунор очор бачар тукум улап кобойгуло, 4 айдан кийин тунку саат 12 де народныйдан курут банан мандарин алма дарбыз ташый бер иним
0
Asel1994
2016-01-06 02:00:49
Бактылуу болгула кармашкан колунар туболуктуу болсун
0
Adilet2014
2016-01-06 07:38:32
Музур байке танцаны жыртыптырго, женемен этият болсун эми
0
sabyr86
2016-01-06 14:30:19
Улуу көрүнсө силерге не? Муну да ажыраштырып жаныңар тынгыла.ансыз деле Алиханды ажыраштырдыңар.үйлөнүп атса жакшынакай кылып,ак нийет м.н той берип атса анан бул жакты окуса эле жалаң сындаган сөздөр болсо баланын деле шагы сынат да.кичине ойлонуп жазсаңар!
0
romanov.82
2016-01-06 15:22:59
Мажит сага туура эле айтышыптыр азыр жашсын деп. Келинчегин да сага караганда жашы чондой корунот экен. Сен жапжаш болуп турасын. Бирок сага эркекче бакыт каалайм. Бактылуу бол. Элдин сын-пикирин которо билсен жогору карай ососун.
-3
pixel2015
2016-01-06 15:23:16
Эгиндин эртеси эле жакшы,Бакыт каалайбыз ....
0
Aisuluu160790
2016-01-06 22:02:02
Бактылуу болушсун
0
nurka92
2016-01-07 14:43:36
Урушуп кетпегиле эми.Жакшыле коментарий бериип койсонорчу ичи таардык кылбай.бир сонун еле бактылуу болгула.
0
ulin
2016-01-08 16:42:25
Улуу экен, кичуу экен дейсинер. айырмасы кайсы. Бир жакшы каалоо, тилек, келечеги кен болсун десенер боло. качан болсо жумурткадан кыр издейсинер да турасынар.
0
janka7
2016-01-08 19:28:47
туура байкагансынар келин кош бойлуу экен,ошон учун той шашылыш отуптур
0
Kunbeken
2016-01-09 18:16:24
Бактылуу болгула, кармашкан колунар узулбосун!
0
egemberdievagulbara
2016-01-09 20:28:59
бактылуу болгула
0
Sezim.A
2016-01-10 07:38:55
Качан тиет жаштыктын пайдасы ,деген ыр саптары жагат да,бактылуу болгула!!!!
0
not_important_who_I_am.
2016-01-10 14:16:47
Бактылуу болгула
0
chynara-str3
2016-01-21 17:12:39
чын эле эмнеге мындай көйнөктүн эски стилин тандады экен,чачы да бошоп кетиптир,эл көзүнө алына турган той болгондон кийин өзүн жакшыраак караса болмок. Эмнеси болсо да бактылуу болушсун.
-1
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан