Эл аралык издөөдө жүрүп, өзү келген Сакал деген каймана аты бар Улан Токтосунов кармалып, тергөө башталарда аны тергөө изоляторуна камоо маселе жаратты. Жазаларды аткаруу кызматынан Бишкектеги СИЗОлордо Улан Токтосуновдун өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн экендиги жөнүндө тергөө башкармалыгына кат келген. Мыйзамдагы уурунун адвокаты эгер Бишкектеги СИЗО-1де коопсуздугун сактай албаса, демек, үй камагына чыгаруу керек деп чыкты. Бирок Биринчи Май райондук соту Токтосуновду тергөө бүткүчө Нарындагы СИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды. Ал 14-январга чейин Нарынга жеткирилиши керек. Айрым маалыматтарга караганда, ал СИЗО-1ге кирүүнү көздөгөн. Божомолдорго таянсак, СИЗО-1де кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү отурушат жана маселелер ушул жерде чечилип, башка абактарга таркайт. Токтосуновду ал жакта өз адамдары күтүп жатышканы айтылып жатат. Башкача айтканда, Сакал СИЗО-1де таасир талашууга өтмөк.
Мындай жоромолдор, Жаза аткаруу кызматынын «Сакалды өлтүрүп коюшат, башаламандык чыгат» деп чочуп тергөө органдарына кат жиберип жатканы абактагы тартипти Жаза аткаруу кызматы көзөмөлдөйбү, же кылмыш дүйнөсүбү деген мыйзам ченемдүү суроону жаратат. Абактарда баш аламандык жаратпай, мыйзам чегиндеги тартипте кармоо Жаза аткаруу кызматынын милдети эмеспи?
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg