САМАТОВ БШКны ДАГЫ ЖЕӉИП АЛДЫ

Депутаттык мандатты алганына бир жума болбой, кайра ээрден шыпырылган Жыргалбек Саматов акыры БШКны жеӊип чыкты. Эске салсак, 27-октябрда «Орусиянын жарандыгын алган» деген жүйө менен Саматовду БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарган болчу. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго мандат бербөө боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканда Саматов Жогорку Соттун чечими аткарылбай жатканын айтып Биринчи Май райондук сотуна арызданган. Сот анын арызын канааттандырып, БШКны ага мандат берүүгө милдеттендирген эле. Саматов орус жараны эмес экенин далилдеп, Жогорку Соттун чечими менен депутат болуп келген. Жогорку Кеӊеште ант берерде БШК Саматовдун Орусиянын жараны эмес экендигин тастыктаган каттын түп нускасы жоктугун жүйө тутуп, кайра мандатсыз калтырган болчу.
23-декабрда Саматов Биринчи Май райондук сотуна БШКнын аны депутаттык мандаттан ажыратканын жокко чыгаруу өтүнүчү менен арыз жазган. Сот арызды канааттандырды. 29-декабрда Жогорку Сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул боюнча БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров: «Саматовдун Жогорку Соттон утуп чыкканы чын. Ал эми ага мандат берилер же берилбеси тууралуу азыр маалымат айта албайм»,- деп билдирди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bazarkyl
2016-01-04 11:29:17
Ушу Саматов эр экен. Эениши боюнча жылдын мыктысын бериш керек эле.
0
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан