«АВЕП» УЮМУ МЕДРЕСЕЛЕРДЕ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

2014-жылдын октябрь айынан бери Чүй облусунда «Медресе – айыл жергесинде кесиптик окутуу» аттуу долбоор иштеп келүүдө. Аталган программа АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып, «АВЕП» коомдук фонду тарабынан ишке ашууда. Сиздердин назарыӊыздарга долбоорду ишке ашыруучу «АВЕП» коомдук фондунун директору Нурлан Токонов жана долбоордун координатору Нарынбек Кыдыргычев менен болгон маекти сунуштайбыз.

«МЕДРЕСЕ ОКУУЧУЛАРЫ ДИНИЙ БИЛИМ АЛУУ МЕНЕН ЭЛЕ ЧЕКТЕЛБЕСИН ДЕДИК»
– Саламатсызбы, Нурлан мырза? Алгач «АВЕП» уюму тууралуу айтып берсеӊиз?
– Саламатчылык! Аябай туура суроо болду, бул суроону мага көп беришет. Негизи эле «АВЕП» деген аттын пайда болгонуна дээрлик 15 жыл болду. AVEP – бул кыскартылган сөз, англисчеден которгондо «айылдык кесиптик билим берүү долбоору» деп которулат. «АВЕП» долбоору швейцариялык «Хельветас Свисс Интеркооперейшн» уюму тарабынан каржыланып, 2001-жылы алгач Нарын облусунда өз ишмердүүлүгүн баштаган. Жөнөкөй тил менен айтсак, «Хельветас» уюму аркылуу биз түзүлдүк же биздин атабыз Хельветас болот. Долбоор негизинен кесиптик билим берүү жаатында айылдык кесиптик окуу жайларды колдоо, билим берүү жаатында жаӊы инновацияларды тааныштыруу менен реформаларды жасоону максат кылган. Кийин бул долбоор донорлор тарабынан колдоого алынып, Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Баткен облустарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келди. Долбоор деген башталышы жана аягы бар ишмердүүлүк эмеспи, анын сыӊарындай, долбоорду ишке ашырууда топтогон тажрыйбаларды, жаӊы инновацияларды долбоордун бүтүшү менен эле токтотуп койбостон же компетенттүү штатты долбоор бүткөндөн кийин таратып жибербестен 2007-жылы «АВЕП» деген коомдук фондду уюштурдук. Биздин уюмдун кыскача тарыхы ушундай.
– «АВЕП» уюму кайсы аймактарда, кайсы багытта жана кимдер менен иш алып барат?
– Деги эле биздин уюмдун миссиясына кайрылсак – бул региондорду жана жалпы эле өлкөбүздү туруктуу өнүктүрүүдө инновацияларды тааныштыруу менен калктын жашоо шартын жакшыртуу болуп саналат. Ушул багытта биз 15 жылдан бери өлкөбүздүн дээрлик бардык облустарында ар кандай өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырып келүүдөбүз. Учурда Бишкекте жана Балыкчыда 2 кеӊсебиз бар жана 20 штаттык кызматкер менен иш алып барабыз. Ошол эле учурда биздин кесиптик билим берүү жаатында коӊшу Тажикстанда да 2-3 жылдык иш жүргүзүү тажрыйбабызды айта кетсек болот.
Негизинен биздин «АВЕП» уюму «Хельветас» уюму менен кесиптик билим берүү жана энергияны үнөмдүү пайдалануу жаатында, «Кумтөр» компаниясы менен «КАРАГАТ+» же мөмө-жемиш, деги эле айыл чарбасында жаӊы технологияларды тааныштыруу жаатында, АКШ элчилиги менен медреселерде кесиптик окутууну киргизүү багытында, ошондой эле ЮСАИД уюму менен туризм жаатында жана Финляндия элчилиги, Евробиримдик уюмдарынын каржылык колдоосу менен ар кандай багыттагы долбоорлорду ишке ашырып келүүдө.
– Медресе окуучуларын кесипке окутуу долбоорун жыйынтыктап жатып кандай пикирде калдыӊыз?
– Коомчулукка маалым болгондой, акыркы кезде медреселердин саны өсүп, аны менен кошо медресеге тартылган балдардын да саны өсүүдө. Көпчүлүк медреселер окуучуларына диний билим берүү менен гана чектелип калууда. Ал эми медреселерде окуган балдардын жашы орточо 10 жаштан 18 жашка чейин. Медреселерге тартылган балдардын социалдык абалын эске алсак, негизинен жашоо шарты оор. Бул жаштагы балдар медреседе окуусун бүткөндөн кийин дин билими менен гана чектелип калууда. Ошентип өздөрүнүн жашоо турмушун андан ары улап кетүүгө же иш табууга кыйынчылыктар түзүлүүдө. Ушул көйгөйдү чечүүдө медресе окуучуларына кошумча кесиптик билим берүү үчүн ушул долбоорду түзүп, Кыргызстандагы АКШ элчилиги тарабынан 2014-жылы колдоого алынган. Долбоор өзүнүн иш алып барган 15 айлык мөөнөтүндө алдына койгон тапшырмаларын ашыгы менен аткара алды деп эсептейм.
– Бул долбоордун негизги кандай жетишкендиктерин айта аласыз?
– Долбоордун деталдуу ишке ашуусу жана жетишкендиктери тууралуу долбоордун координатору айтып бергени туура болот го. Сөзүмдүн аягында сиздерге жана жалпы коомчулукка жаӊы 2016-жылы тынччылык, ар бир үй-бүлөгө бакыт, иштерибиздин ийгиликтүү болушун жана өлкөбүздүн алдыӊкы бай өлкөлөрдүн катарына киришин каалап кетмекчимин.

«БУЛ ДОЛБООРДУ БАШКА АЙМАКТАРГА ДА ЖАЙЫЛТАБЫЗ ДЕП ИШЕНЕМ»
– Нарынбек мырза, сөздү сиз менен уласак. Адегенде «Медресе – айыл жергесинде кесипке окутуу» долбоорунун алдына койгон милдеттери жана максаттары жөнүндө айтып берсеӊиз...
– Жогоруда айтылып кеткендей, акыркы жылдары динге берилип бараткан жаштардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан өлкөбүздүн аймагында диний билим берүүчү медреселер, институттар ачылып иш жүргүзүп келет. Тилекке каршы, медреселерде окуган жаштар бир тараптуу эле диний билимге ээ болуп чыгып, медреседен алган күбөлүктөрү кийинки жашоосунда киреше таап, өздүк кирешесин жогорулатканга көмөк бербей келет. Аталган долбоордун эӊ башкы максаттарынын бири – медресе жаштарынын карьералык өсүүсүнө кесиптик билим берүү аркылуу жардам берүү. Тактап айтканда, медреседе окуган жаштарга диний билим менен катар кыска мөөнөттүк кесиптик билим берүүнү уюштуруу болуп саналат.
 Ал эми долбоордун милдеттерине токтоло турган болсок, эмгек рыногу талап кылган кесиптерди аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүү, кыска мөөнөттүк модулдук пакеттерин иштеп чыгуу, окутуу, окутулган кесипке ылайык жабдуулар менен камсыз кылуу, медресе мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашууну уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдүн кийинки абалына изилдөө жүргүзүү болуп саналат.
– Долбоордун медреселерде ишке ашышы кыйынчылыктарды жараткан жокпу? Себеби диний мекемелерде буга чейин мындай иштер жүргүзүлбөсө керек? Кайсы медреселер менен иш алып бардыӊыздар? Окутуу канча мөөнөттү талап кылат?
– Ооба, туура айтасыз. Мындай долбоор Кыргызстандагы диний мекемелерде биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Бирок медреселерге кесиптик билим берүүнү киргизүү кыйынчылыктарды жараткан деле жок. Тескерисинче, муну Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана медресе жетекчилиги колдоого алып, долбоордун ишке ашышына чоӊ жардамдарын беришти. Негизи, долбоор алкагында Чүй облусундагы 5 медресе менен иш жүргүзүп келдик. Тактап айтсак, Кара-Балта шаарындагы «Куран Нуру» медресесинин окуучуларына жана Ислам институтунун студенттерине ширетүүчү, Сокулук районунун Жаӊы-Жер айылындагы «Равза» медресесинде тикмечи, Аламүдүн районунун Арашан айылындагы «Абдуллах Ибн Аббас» медресесинде ширетүүчү, Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаӊы конушундагы «Абдуллах Ибн Масьуд» медресесинде ашпозчу жана Ысык-Ата районунун Кеӊ-Булуӊ айылындагы «Нурил Ислам» медресесинде электр монтаждоочу кесиптери боюнча 1,5 айлык кыска мөөнөттүк кесиптик курстар өткөрүлдү.
– Семинарларга, окутууларга медресе мугалимдерин, мүдүрлөрүн тартуу кыйын болгон жокпу? Ошондой эле медресе жаштарын, мугалим жана
мүдүрлөрүн окутууда тренерлер кандай негизде тандалып алынды?
– Ишти баштаар алдында бул долбоорго тартылган бардык медреселер жана диний мекемелердин ишин жөнгө салып, көзөмөл кыла турган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен кызматташуу меморандуму түзүлгөн. Бул меморандумда долбоорду ишке ашырууга керек болгон талаптар камтылган. Ошол талаптардын бири – долбоор тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардан калбай катышып туруулар каралган. Ошол себептен кыйынчылык деле жаралган жок.
Ошондой эле долбоорду ишке ашырып жаткан «АВЕП» коомдук фондунун долбоорлорду ишке ашырууда 10 жылдык тажрыйбасы бар болчу. Чүйдө, Ысык-Көлдө, Нарында,
Таласта бир нече долбоорлорду ишке ашырып келгенбиз. Окутуу – «АВЕП» коомдук фондунун эӊ негизги компетенциясынын бири болуп саналат. Биз «Төмөндөн жогоруга карай» деген ыкманы колдонуу менен муфтияттын окуу бөлүмүнүн жана медресе мүдүрлөрү менен бирге окуу программасын иштеп чыгып, анан колдондук. Ал эми тренерлерди тандоо боюнча жарыя аркылуу кыска мөөнөттүк окуу жүргүзө ала турган, айыл жергесине чыгып окутууга мүмкүнчүлүгү бар окутуу борборлоруна сынак жарыяланган. Сынактын негизинде Чүй облусундагы «Билим» окутуу борбору медресе жаштарына кесиптик билим берүү үчүн тандалып алынган. Ал эми медресе мүдүрлөрүнө жана мугалимдерине тренингдерди уюштуруу «АВЕП» коомдук фондунун ресурстук тренерлери аркылуу уюштурулду.
– Эмгек рыногунун талабына ылайык, кесипке ээ болуу үчүн бир жарым айлык мөөнөт аздык кылбайбы?
– Чындыгында, 1,5 айлык мөөнөт кыска болуп калат. Бирок модулдук программанын өзгөчөлүгү ушунда да. Кыска мөөнөт ичинде базалык-техникалык шык билимге ээ кылууга мүмкүнчүлүк берет. Азыр жумуш берүүчүлөрдүн талабы да ушундай, кыска мөөнөттүн ичинде жумуш берүүчүнүн талабына ылайык жумушчу кадрын даярдоо.
– Медреседе окуган жаштардын кесиптик билим алууга болгон кызыкчылыгы кандай болду?
– Жогоруда айткандай, кызыкчылык өтө жогору болду десем жаӊылбайм. Себеби долбоор боюнча 100-150дөй жаштарды окутуу пландалган болсо, долбоордун аякташы менен 268 бүтүрүүчү сертификаттарын алып элге кызмат көрсөтөбүз деп турган убагы.
– Медресе мүдүрлөрү менен мугалимдери кандай окууларга муктаж экенин байкай алдыӊыз?
– Мүдүрлөрдүн окууга болгон муктаждыгын аныктоо боюнча атайын сурамжылоо жүргүзүлгөн. Бул сурамжылоонун жыйынтыгында мүдүрлөр, мугалимдер төмөндөгү тренингдерге муктаж экендиктерин көрсөтүшкөн. Өнөктөштүк, менеджмент, бизнес-долбоор жазуу, компьютердик сабаттуулук, өндүрүш иши деген темалар. Ошондуктан аларга бул темалар боюнча 2 күндүк тренингдер уюштурулду.
– Долбоордун алкагында медреселер эмнелерге жетишти деп ойлойсуз?
– Медреселерге долбоордун жасаган иштери жаӊылык болду десем жаӊылбайм. Себеби модулдук окутуу деген ыкманы биринчи жолу колдонушту. Кыска мөөнөттүк курстун ичинде техникалык шык, билим менен катар турмуштук шык, билимдерди алганга жетишти. Мындан тышкары ар бир медресе тандаган кесибине ылайык бир жарым миллион сомдук заманбап, инновациялык жабдуулар менен жабдылган устаканалар менен камсыздалды. Медресе мүдүрлөрүнүн квалификациялык деӊгээли жогорулады. Мындан тышкары долбоордун туруктуулугу үчүн бирден мугалим кесиптик билим берүү боюнча окутулду.
– Бул долбоорду башка аймактарга да жайылтуу боюнча кандай ойлоруӊуз бар?
– Албетте, мындай долбоорлор диний мекемелер үчүн өтө зарыл. Себеби жумушсуздуктун айынан же өз ишин ачып, киреше табууга керектүү билиминин жоктугунан улам башка өлкөлөргө иш издеп кетип, үйүнө кайтпай калгандар да жок эмес. Ошондуктан аталган долбоорду каржылап берген АКШнын Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылык билдирүү менен, биз тараптан долбоорду түштүк жергесине жайылтуу боюнча жазган сунушубузду карап көрөт деп ишенем. Ошондой эле мен да жалпы элибизди келе жаткан 2016-жаӊы жылы менен куттуктап кетмекчимин.
– Рахмат! Көп жылдан бери ар тараптуу, көп кырдуу иш алып барып, коомго көп жакшы иштерди кылып жатасыздар. Ишиӊиздерге дагы да чоӊ-чоӊ ийгиликтерди каалайбыз!

Ибрагим Жусуев

Бул макаланын чыгышын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылайт. Андагы ой-пикирлер, жыйынтыктар жана тыянактар автордун гана көз карашын билдирет дагы, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин позициясын чагылдырбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Genar.benicio
2016-01-04 14:46:25
Мен террордук уюм го деп ойлоптурмун...
0
marik10
2016-01-15 11:27:12
Genar.benicio,бул уюм коптогон жаштарга кесип табуу жагынан коп жардам берди
0
altunbek78
2016-01-09 21:51:12
АВЕП коомдук фонду ЕСтин каржылоосу менен биздин окуу жай да иштешип уч кесип боюнча жаны заманбап жабдууларды алганбыз, кесиптик билим беруунун онугушуно жакшы салымдарын кошушту, ишиниздерге ийгилик.

0
jaazira13
2016-01-18 14:02:24
ушундай долбоорлор кобуроок болсо жаштарга ошончо оной болот
0
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан