Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 4 бала 62 жаштагы чоӊ атасынын колунда тарбияланып жатканы белгилүү болду. Алардын эӊ кичүүсү 2 айлык. Социалдык кызматкерлер 22-декабрда балдарды карыянын колунан балдар үйүнө убактылуу алып коюшту. Неберелеринен ажырагысы келбеген Жапын Алишеров жүрөктү оорутуп ыйлап, буларды айтып берди.
«БАЛДАРГА КҮБӨЛҮК АЛАЙЫН ДЕГЕМ»
– 2015-жылдын 20-октябрында милиция кызматкерлери келишип, уулумду кайсы бир кылмышка шектелип жатат деп кармап кетишти. Аны СИЗОго камап, ошол боюнча ал тергөө абагында.
Неберелеримдин улуусу 6 жашта, андан кийинкилери 4 жана 2 жашта. Эӊ кичүүсүнө 2 ай болуп калганда келиним иштеп келем деп шаарга кетти. Ошол боюнча келген жок. Телефонуна чалсам, «Кара-Көлдө жүрөм» деген. Ошентип ортодон 20 күндөй убакыт өтүп кетти. Эки айлык эмчектеги бала колумда калып, уйдун сүтү менен бага баштадым. Сүт күчтүү болуп кетти окшойт, ичи катып ооруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнө кичүү кызым алып барып, 2 жумадай дарыланып чыкты. Ошол маалда дайынсыз жоголгон келинимди таап бергиле деп айыл өкмөтүнө кайрылгам. Алар менин абалымды социалдык кызматкерлерге кабарлап, милициянын Жаш балдар менен иш алып баруу инспекциясынан келип, алеки саатта эле неберелеримди алып коюшту.
Менин максатым балдарды балдар үйүнө тапшырып салуу эмес, аларга мамлекет тарабынан жардам алуу болчу. Себеби уул-келиним балдардын бирине дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышпаптыр. Ошол документтерин ырастатып, мыйзамдаштырайын дегем. Мыйзам боюнча 60 жаштан ашкан жарандар жашы жете элек балдарды жалгыз тарбиялоого укугу жок экен.
Уул-келиним шаарга барып, балам курулуш иштеринде, келиним кафелерде түрдүү иштерди жасап акча табышчу. Жайкысын талаа иштери менен алектенчүбүз. Ал эми неберелеримди болсо төрөлгөндөн тарта боорума тартып өзүм өстүргөм. Азыр алар балдар үйүндө кандай күн кечирип жатышты болду экен?
Балдар үйүнө алып кетип жатышканда баарыбыз ыйлап, араӊ ажыраштык. Келиним 2 күн мурун Аламүдүн райондук администрациясына барып, «балдарымды алам, чоӊ атасы болуп чогуу жашайбыз» дептир. Мен да көзөмөлгө алып жоопкерчилик менен мамиле жасайм деп сөз берип жатам. 7-8 күндөн бери кан басымым да көтөрүлүп, балдар оюмдан кетпей жатат. Неберелеримди кайтарып бергиле, алар менсиз жашай алышпайт, сагынып ыйлап жатышса керек...
«АПАСЫ КЕЛДИ, АНЫН ИШИ КАРАЛЫП ЖАТАТ»
Бул боюнча Аламүдүн РИИБинин Жаш балдар менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкери Айсулуу Мамытова буларды билдирди:
– 14-декабрда Жапын Алишеров аттуу жаран уул-келини жок 4 баланы багып жаткандыгы тууралуу айтып жергиликтүү бийликке кайрылган. Бизге маалымат жетип, кесиптешим экөөбүз барсак 2 бөлмөлүү үйдө 6, 4, 2 жашар жана 2 айлык жаш балдар 62 жаштагы карыянын карамагында багылып жатыптыр. Биз социалдык кызматкерлер менен чогуу барып, 4 баланы теӊ балдар үйүнө убактылуу багып турууга алып кеттик. Албетте, чоӊ атасы тарабынан катуу эле каршылык болду.
Кошуналарынын айтымында, Алишеровдун уул-келини мыйзамсыз иштерди жасап жүрүшкөн. Ал эми балдардын атасы уурулук беренеси боюнча күнөөлөнүп, камакка алынганы белгилүү болду. Биз барган күнү үйдө Жапын Алишеровдун Бакыт аттуу иниси мас абалда жаткан экен. Учурда кылмыштуулук түрдүү өӊүттө өнүгүп жаткандыктан кооптонуп балдарды алып кетүүгө аргасыз болдук. Ал эми балдардын апасына байланышканыбызда, ал Жалал-Абад облусунда атасы каза болуп, аны акыркы сапарга узатууга кеткенин айтты. Бул маалымат так же так эмес экени териштирилип жатат. Ал учурда балдарды өз карамагына алууга аракет жасап жатат. Бул боюнча Аламүдүн райондук администрациясында комиссия иш алып барууда. Эгер балдардын апасынын жүрүм-туруму талапка жооп бербесе, энелик укуктан ажыратылышы мүмкүн.
«КЕЛИНДИН ЖҮРҮМ-ТУРУМУ НАЧАР»
Жапын Алишеровдун кошунасына жолугуп кепке тарттык. Ал атын атагысы келген жок, бирок төмөнкүлөргө токтолду:
– Келининин аты Тахмина, жашы 28де. Мага анын жүрүм-туруму жакпайт. Ичет, балдарына олуттуу мамиле жасабайт. Мына, карасаӊыз, барак тибиндеги үйдө кошуна болуп турабыз, ортобузду бир эле дубал бөлүп турат. Ал кээде бизге да тынчтык бербейт. Бир эмес, төрттү төрөдү. Бир нерсе десек, «ишиӊер болбосун, 10ду төрөсөм да кайнатам багат, же болбосо балага зар бирөөлөргө багууга берем» деп кесир сүйлөчү. Балага жоопкерчиликтүү караш керек да.
Ал эми балдардын чоӊ атасына болсо эч кандай доом жок. Ал балдарды Тахминадан дагы жакшы карайт. Ушул кезге чейин эле кийинтип-ичинтип келген. Неберелери чоӊ атасын жакшы көрүшөт. Азыр Жапын аке өзүн таштап, санаага чөмүп кетти. Бир жумадан бери балдарды алам деп аракет кылып чуркап жүрөт.
29-декабрда Аламүдүн райондук администрациясында атайын комиссия жыйын өткөрдү. Үй-бүлө менен иш алып барган инспектор Айсулуу Мамытованын билдиргени боюнча, аталган балдардын маселеси толук чечиле элек. «Атайын комиссия социалдык кызматкерлерге балдарды документ менен камсыз кылуу маселесин тапшырды. Ал эми балдардын биологиялык апасын энелик укуктан ажыратуу сунушу каралууда. 6 жана 4 жаштагы улуу кыздары чоӊ атасынын колуна берилери жана кичүү эки баласы Алишеровдун кызы Имадат Алишерованын карамагына алынары сунушталууда. Эгер ушул чечим комиссия тарабынан туура деп табылса, жакынкы күндөрү балдар туугандарына кайтарылып, тиешелүү адистер тарабынан көзөмөлдөнүп турат»,- деп билдирди инспектор.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg