РОСИНБАНК

150 МИЛЛИОН ЖАӉЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ҮЧҮН!
«Росинбанк» ААКсынын акционерлери кыргыз-орус долбооруна ишеним артып, банкка инвестициялоо менен өлкөбүздүн экономикасына салым кошуп келүүдө. «Росинбанк» ААКсынын акционерлеринин капиталды 150 миллион сомго көбөйтүшү жыл соӊунда Кыргызстандын финансы рыногундагы маанилүү окуялардын бири болду. Мындай чечим аталган ачык акционердик коом үчүн гана эмес, өлкө үчүн да ири мааниге ээ. Кыргызстан үчүн миллиондогон инвестициялар кандай пайда алып келет жана «Росинбанк» 2016-жылды кантип тосуп алат?
Чет элдик инвесторлор биздин рынокко келгенде материалдык эмес капиталды түзүп, өлкөгө эффективдүү инвестициялоо болорун өздөрү үлгү катарында тастыктап, көргөзүшөт. Ар бир тармакка келген ири инвестициялар бул чет элдик өнөктөштөрдүн ошол тармакка гана эмес, бүтүндөй өлкөгө болгон ишеними. 150 миллион сом банк үчүн жаӊы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
– Кошумча капиталдын келишин банктын жамааты акционерлердин алдындагы чоӊ жоопкерчилик деп эсептейт. Биздин команданын негизги маселеси – бул каражаттарды максималдуу туура пайдалануу. Биз дагы кызыктуу депозиттик жана кредиттик продукттарды жасайбыз, ипотеканы жеӊил алуу жана заманбап, жогорку технологиялык банктык кызмат көрсөтүүнү улантабыз,- деп билдирет банк башкармалыгынын төрагасы Евгений Александрович.

Куттуктоо
«Росинбанк» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Евгений Немеринский: «КЫЗМАТТАШУУБУЗ ЖЕМИШТҮҮ БОЛСУН!»
– 2015-жылы «Росинбанктын» командасы өлкөнүн финансы рыногун татыктуу көтөрө алды. Биздин банк кризистик абалга туруштук берүүдөн тышкары жыл жыйынтыгында өлкөнүн алдыӊкы финансылык институттарынын катарында. Бул жалпы биздин жамааттын, сиздердин жана биз сыйлаган өнөктөштөрдүн жеӊиши. Сиздердин банкка болгон ишенимиӊиздер биз үчүн кризистик кырдаалдан чыгууга жана мамлекеттик банктардын рейтингинде алдыӊкы орундарга илинүүгө жардам берди.
«Росинбанк» ААКсы бардык кардарларын жана өнөктөштөрүн кирип келген Жаӊы жылы менен куттуктайт! Жашооӊуздар кызыктуу көз ирмемдерге бай болуп, ийгиликтүү долбоорлор жана жаӊы жеӊиштер курчасын. Ал эми биздин кызматташуубуз жемиштүү болсун!

Жыл продукту
ЖАШООӉУЗГА VISA «ПРЕМИУМ»
Жыл соӊунда «Росинбанк» VISA карталык кызматына премиум-класстагы дүйнөдөгү эӊ беделдүү VISA Infinite төлөм картасын чыгарды.
VISA Infinite – эркиндик жана мүмкүнчүлүктөр үчүн жаӊы деӊгээл. VISA Infinite ээси үчүн уникалдуу финансылык чечимдер, комплекстүү камсыздандыруу жана юридикалык коргоо, атайын тейлөө кызматтарында жеке кызмат көрсөтүү жана башка артыкчылыктарды берет. Карта төлөмдөрдүн коопсуздугун жана конфиденциалдуулукту камсыздап, дүйнөнүн ар түрдүү жеринде саякат, сатып алуу, ресторан, мейманкана жана унааларды ижарага алуу сыяктуу ар түрдүү кызматтарды сунуштайт.
– Бул продуктту чыгарууда биз заманбап ишкер адамдын ишмердүүлүгүн эске алып, картанын ээси дүйнөнүн ар бир бурчунда уникалдуу кызматтар менен пайдалана аларына маани бердик,- дейт картанын бет ачарында банк башкармалыгынын төрагасы Евгений Немеринский.
Мындан тышкары Кыргызстандагы VISA Infinite картасынын ээси PriorityPass программасына жана автоматтык түрдө өнөктөштөр тарабынан 30 пайыздык арзандатууга чейин жеткен «Росинбанктын» дисконттук клубуна акысыз мүчө боло ала турган жалгыз карта.

МАДАНИЙ КАТМАР
Банктын корпоративдүү социалдык жоопкерчилиги – жашоонун бир канча бөлүгүн курчаган комплекстүү программа. Кайрымдуулук колдоолор долбоорлорго айланып, жашоодогу ар түрдүү айкын маселелерди чечет. Кайрымдуулуктардан тышкары банк билим берүү демилгесин колдоп келет. 2016-жылы өлкөбүздө боло турган мааракени аз адам билсе керек. Ал – Кыргызстан аймагында акча айланганына 1300 жыл болгондугу. Мындай тарыхый окуянын урматына «Росинбанк» ААКсы сүрөт жана акчанын эволюциясы тууралуу кыска тарыхы камтылган атайын мааракелик календарь чыгарды. Ошондой эле жаӊы жыл алдында бул окуяны кененирээк чагылдырган корпоративдик журнал жарык көрдү.

ЖЫЛ САНДАРЫ:

2015-жылы депозиттик кардарлардын саны эки эсеге өсүп, 4,5 миллиард сомдон ашты.
»Росинбанк» ААКсы Кыргызстандагы VISA, UnionPay, «Элкарт» төлөм карталарын жана «UnionPay-Элкарт» кобрендди бир убакта жүгүртүүгө чыгарган жалгыз банк. Өтүп бара жаткан жылы 27 миӊден ашуун жаӊы карта чыгарылып, «Росинбанк» төлөм картасынын портфели 2015-жылдын аягында 110 миӊдей болду.
»Росинбанк» ААКсынын ипотекалык борборунда 6 айлык ишмердүүлүктүн негизинде 100дөн ашык насыя берилди.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан