(Башталышы өткөн сандарда)
Бекболоттун машинасына бекиткен телефондун номери эсимде калыптыр, дароо чалдым. Тынч, эч нерсе угулбайт. Маал-маалы менен чалып коюп жаттым. Кечки саат 7лерде Жалал-Абадга жетейин деп калганбыз, дагы чалсам машинанын от алып турганы угулду, бир аздан кийин Бекболот менен Зарыл экен, машинага отурушуп бир жакка жөнөштү. Зарылдын үнү:
– МАИлер кармаса эмне кылабыз?
– Түнкү саат 12де кайдагы МАИ?
– Шаардан чыга бергенде көбүнчө туруп калышчу эле го.
– Ээ, машинаны текшеришпейт, коркпо, токтотсо пул да жазасы. Ушуга чейин текшеришпеген бүгүн текшерип калмак беле?
– Эмнеси болсо да тапанча алып албайлыбы?
– Шеф эч нерсе албагыла деди го, акча менен кутулушубуз керек. Тапанча алып кармалып калсак ошондо баш оору жаралат. Алар эмне машинаны тытмак беле? Багажды карашы мүмкүн, товарды «тайникке» салабыз, «короче», корко бербечи, ар нерсени айтып менин да маанайымды бузба.
– Товар канча бар?
– 3 пакет, 9 килограмм.
– Бардыгы батабы анан?
– Жок, бирөө эле батат, 3 килограмм эле жасалган да.
– Калганын кантебиз?
– «Запасканын» ичине салып туруп, кайра желдеп коёбуз.
– Акчалардычы?
– Акчаларды эки пакетке бөлүп салып, экөөбүз отурган орундуктун түбүн ачып салып, кайра тигип коёбуз, эч ким таппайт.
– Таӊга маал кайтсак болбойбу? МАИлер кетерде, саат 4-5терде кайтсак...
– Жок, шеф бирге чейин келип калгыла деди го, өзүӊ деле уктуӊ. Бир болсо Эрмектен коркуп жатат, келип калбасын деп, өзү жалгыз калды да.
– Ээ, Эрмек аны кантип таап алмак эле?
– Билбейм, бирок шеф Эрмектен коркот, «кыйын бала, мындан коркуш керек» деген бир жолу, карасаӊ, товарды жөнөтүштү ойлоп тапканын? Тиги көк мээ болбогондо али канча акча иштеп алат элек.
– Ошону айтсаӊ, кантип башы жеткенине таӊ калам. Ээ, Бекболот, шеф эмнеге экөөбүздү эле чакырды? Бекен, Нурбектерди деле чакырбайбы?
– Үчөөбүздөн башка эч ким билбеш керек да.
– Эрмекти 1-2 коркутуп койсо өзү деле кетет эле да дайынын таптырбай. Түшүнөт да, эмне кылат биякка чакырып?
– Ошого да башыӊ жетпедиби, шеф анын акчасын ала албай жатпайбы, акчасын алып, өзүн тынчытыш керек.
– Кыскасы, бир ок менен эки коён атып жатыптыр да, ээ? Канча иштеп койду Эрмек, канча бердиӊ?
– Билбейм, эсептеген эмесмин. Шеф жөнөтчү, мен алып барып берчүмүн. Өзүӊ деле эсептесеӊ, ар бир рейсине 3 миӊ доллардан алса, бир айда 3 же 4 жолу жөнөтчү. Эки
жылдай иштеди окшойт.
– Уу-у, Эрмекте көп эле акча бар экен да, каякка бекитти экен?
– Банкка салчу, товар жөнөткөндүн эртеси акчаны алары менен банкка барчу.
– Эрмекти каяктан ким тапкан?
– Шеф тапкан, Эрмек Москвада иштеп жүргөндө «подстава» кылган. 2 орус балага акча берип Эрмек менен мушташтырып, бирөөсүн «жыгылып түшүп өлүмүш болуп каласыӊ» деген. Анан Эрмекке ар нерсени айтып коркутушуп, «тиги орус өлүп калышы да мүмкүн» деп алдап, жардам берген адам болуп Кыргызстанга качырышкан. Ошентип иштеп калган бизге.
Машина токтоду окшойт, Бекболоттун үнү:
– Мейли, 11де ушул жерде бол, жаӊы номериӊди сал, эскисин ыргыт. Мага айтып кой жаӊы номериӊди, жазып алайын.
Зарыл номерин айтып коштошуп кетти. Анын номерин мен да жазып алдым. Көрсө, мени жок жерден «подстава» кылышкан экен да. Ошко жеткиче ойлонуп план түздүм.
Саат 8 жарымдарда Ошко бардык, вокзалдан эле бир телефон, бир SIM-карта алып Зарылдын номерин жазып даярдап койдум. Квартирама барып душка түшүп, тамактанып алдым да, ноутбукту алып машинамды айдап алып Баш-Булак айылына жөнөдүм. Саат 10 жарым болуп калды. Шаардан чыга берерде МАИнин посту бар экен, айланасы бүт пахта талаа, жолду бойлой тыт тигилген. МАИ туруптур, атайын катуураак айдап өтсөм токтотушту. Түшүп барып учурашсам, «машинага барып жолук» дейт, машинада экөө отурган экен. Айткан акчасын бербей кичине тартышсам, чоӊу окшойт, протокол толтура баштады. Фамилиясын жазды, Алиев экен, жаттап алдым да, айткан акчасын берип, документтеримди алдым. Шашкан адам болуп машинаны көздөй бастым да, кайра кайрылып келип Алиев дегенине:
– Аке, телефонуӊуздан чалып алайынчы, меники заряд түгөнүп калды,-деп 20 сом сунсам, телефонун берди. Жаӊы алган телефонумдун номерине чалып, сүйлөшкөн адам болуп кайра бердим да, рахмат айтып кетип калдым.
Бир чакырымдай жүргөндөн кийин жол кичине дөӊдү айланып кетет, посттогуларга көрүнбөйт. Машинаны токтотуп саатты карасам 12ге 20 мүнөт калыптыр. Машинаны талаага кирип кеткен жол бар экен, айдап кирип жүгөрүлөр тосо тургандай, жолго көрүнбөй тургандай токтотуп койдум.
Машинадан эки телефонду алып бекиттим да, тыттарды аралап постту көздөй жөнөдүм. Постко жүз метрдей калганда тыттардын түбүнө бекинип отурдум да, Бекболоттун машинасындагы номерге чалдым.
(Уландысы кийинки санда)