Марсель (гей):
– Менин гей экенимди үйдөгү ата-энемдер бир жарым жыл мурун билишкен. Аларга чынымды айтып, түгөйүм менен тааныштырганымда бардыгы мени тилдеп, урушуп, үйдөн чыгып кет дешкен. Азыр түгөйүм Азат экөөбүз анын үйүндө жашайбыз. Жаңы Жылды дагы өзүбүзчө тособуз. Өзүбүзгө окшошторду мурун эле таап алганбыз. Жаңы Жылды бардык адамдардай эле дасторкон жайып, досторубуз менен өткөрөбүз. Былтыркы Жаңы Жылды тосуп жатканда бизди капаланткан окуя болгон.
Досторубуз менен кафеге барып, Жаңы Жыл тосуп отурганбыз. Бири-бирибизге каалоо-тилек айтып, көңүл ачып дегендей. Бир кезде Азат экөөбүз ошол жерден өбүшүп койсок, коңшу столдо отурган жигит-кыздар: “Карасаңар, голубойлор” деп калышты. Ушул сөз бизди капаланткан. Негизи, бизди “голубой” дегендин ордуна “гей” дешсе. Азыр өкүнгөнүм – мени апам менен атам үйдөн кууп жибергенден бери аларды көрө электигим. Аларды мен жакшы көрөм, бирок, азыр болбосо дагы кийинчерээк мени түшүнүшүп, кандай болсом ошондой кабыл алышат деген ойдомун.
Наза (лесбиянка):
– Мен мектепте окуп жүргөнүмдө эле жигиттерге жакын эмес болчумун. Кыз курдаштарым көп болчу. Алар кийинчерээк жигит күтө баштаганда мен бир кызды жактырып калгам. Бирок, кыздарды “сүйүп калам” деген оюмда дагы жок болчу. Үйбүлөбүздө менден кичүү сиңдим бар. Ал менден эрте күйөөгө тийип кеткенде апам мага «эми сен күйөөгө тий» деген эле. Атам менен апам менин лесбиянка экенимди угушканда ооздору ачылып, мени аябай урушкан. “Кыргызда мындай нерсе болгон эмес. Бул уят иш, сен биз тандап берген балага тиесиң” дешкен. Мен алардын талабына көнбөй койгонумда алар: “Үйдөн чыгып кет” дешкен. Каякка бараарымды билбей түгөйүм Нурдун үйүнө көчүп баргам. Жарым жылдай атам менен сүйлөшпөй койдум. Кийинчерээк мен кандай болсом ошондой кабыл алышты. Бирок, азыр атам жок. Көзү өтүп кеткенине бир жыл болуп калды.
Жакында Нур экөөбүз балдар үйүнөн кыз багып алууну пландаган элек. Юридикалык мекемелерге кайрылып, кеңеш сурасак, мыйзам боюнча бизге бала багып алууга болбосун айтышты. Эгер мыйзамда биздей түгөйлөргө кыз багып алууга уруксат берилген болсо бул бизге жаңы жылдык чоң белек болмок эле.
Жаңы Жылды кадимки адамдардай эле өткөрөбүз. Менин мурунку эски досторумдан бирөө да жок. Нур экөөбүз бизди түшүнгөн, өзүбүзгө окшош курбуларды таап алганбыз. Алар менен Жаңы Жылды кафеде, ресторанда же үйдө тособуз.