Аталышы – «Достор»
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күнү – 1-январь
Башталышы – 19:07 (билетте 18:00)
Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы (концерт бүткүчө 10 пайыз көрүүчү кетип калды)
Билет баасы – 300-500 сом
Алып баруучу – Чыӊгыз Мырзаев
Мыкты номер – Султан Садыралиевдин «Кыргыз бийи», Мирбек Иманбековдун кызы Аруукенин аткаруусундагы «Атам менен энеме» аттуу ыр.
Үч дос жылдын жаӊырышы менен Спорт Ордосунда концерт берип жатканын угуп бардым. Көрүүчүлөр аз экени сырттан эле байкалды. «Арзан билет алгыла, мен арзан берем!» деп биринен экинчиси озунуп жабалактаган сатуучулар ичиндеги атмосфераны билдирип коюшту. Арзан билеттен алып ылдыйды шыкаалай карап амфитеатрга чыгып отурдум. Сахнада таптакыр жасалга жок, көзүмө өтө эле жупуну көрүндү. 1 сааттай концертти күткөн көрүүчүлөр «качан башталат, баштабайсыӊарбы?!» деп кыйкырып-ышкыра баштаганда сахнага жарык берилип, бийчилер чыгышты. Музыка жок, кыздар колдорун көтөргөн бойдон 5 мүнөттөй турушту. Достордун концерти ушундай мүчүлүштүк менен башталды. Бий бүткөндөн кийин концерттин алып баруучусу Чыӊгыз Мырзаев Акбар, Мирбек, Султанды сахнага чакырды. Султан колуна кагаз кармай чыгып гитара ойноп жаткан баланын жанына жайбаракат жайып койду. Көрсө, ал ырлардын тексти экен. Ырдай турган жеринде кагазга үӊүлүп, билген жерине келгенде сахнанын ортосуна барып жатканын көрүп төкмө акын Тууганбай Абдиевдин «казактан көрдүм кокуйду, кагаздан акын окуйбу?» деген эки сабы эске түштү. Аны улап:
Султандан көрдүм кокуйду
Кагаздан ырды окуйбу?
Жандуу ырдап жаткан соӊ
Жаттап алса болбойбу?- дедим ичимден.
Мирбек «Таластык кыз» аттуу чыгармасын аккордеондун коштоосунда ырдады. Оюнда эл чогуу ырдайт десе керек. Көрүүчүлөр ырдашкан жок. Ырчы «келгиле, таластыктарча ырдайбыз!» деп кайра-кайра «Таластык кызын» созуп элди кыйнады. Мындай маанайга чыдамы түтпөгөн айрым көрүүчүлөр концерт жарымдаганда залдан чыгып кетишти. Концерт жарымынан өткөндө сахнага гүл көтөрүп бир айым чыкты. Гүлүн берип кетип калса аны менен кимдин иши? Ар сөздүн башын бир сүйлөп элдин чыдамын кетирди. Көрүүчүлөр «болду, токтот, чыгып кет!» десе да микрофонду бербейт.
Концертти Мирбектин кызы Арууке кооздоду. Анын ата-эне тууралуу ырдаган эки ырына теӊ зал көтөрүлө кол чабышты. «Кызым менден да жакшы ырдайт бекен?» деген Мирбек «Апас Жайнаковдун «Ала-Тоо ак мөӊгүсү тийген кезде» деген ыры гимн болмок экен» деп ырдын бир сабын созолонтуп койду. Айланайын Мирбек, ырдын сөзүн билбесеӊ туура эмес ырдабай эле койбойсуӊбу! Ушинтип капа болдум. Салкын маанайда кайткан күйөрмандарын байкашса, кийинкиде концерттин деӊгээлин жогорулатар деп үмүттөнөм.
Толик сынчы