Ырчы, актриса Гүлнур Асанованын кубулжуган үнүнө, анан да узун чачына суктангандар көп эле. Ырчы кыз көп жылдан бери өстүрүп жүргөн чачын кестирип салды. Ал мындай өзгөрүүнү «жан дүйнөмдө, жашоомдо революция жасагым келди» деп түшүндүрдү. Ырчыдан чыгармачылыгындагы, жашоосундагы өзгөрүүлөрдү сурап кеп баштадык.
– Гүлнур, Жаӊы жылыӊ менен! Өтүп кеткен жыл сен үчүн кандай окуялар менен эсте калды?
– Саламатсыздарбы? Сиздердин да Жаӊы жылыӊыздар менен! 2015-жылы саякатчы бака болуп чет өлкөдө көп жүрдүм. Фестиваль, кароо-сынактарга катыштым. Элге окшоп «тиякка бардым, биякка бардым» деп жар салганды билбейм, эч кимге жарыялабай эле барып сынактарга катышып жүрдүм.
Күзүндө шайлоодогу үгүт иштерине катышып 2 бөлмөлүү батирлүү болдум. Азыр мен жашаган батирди эжем экөөбүз сатып алган элек. Эжем менен кеӊешип, ал менин батириме көчмөй болду, мага азыр өзүбүз жашап жаткан 3 бөлмөлүү батир калды. Ошентип быйыл үйлүү болуп кубанып турам. Ал эми жеке фронт 2014-жылдагы бойдон эле калды окшойт (күлүп).
– Кантип эле жылуу сөз айтып, колуӊду сурагандар чыкпасын? Көптөн бери сени жандап жүргөн бир жигитти байкап жүрөбүз...
– Колумду эч ким сураган жок десем калп айткан болом. Андай мырзалар болду, бирок жылдызыбыз келишкен жок. Учурда жигитим бар же жок деп айткандан кооптонуп турам, күтө туралычы, убакыт көрсөтөт. Жигитим бар деп айтсам, «качан турмушка чыгасыӊ?» деп сурай берип шаштыргандар чыгат. Чынында, турмуш курууга даяр болуп бышып калдым. Буюрса, мен үчүн ушул жылы үй-бүлө, жеке жашоо биринчи планда болот. Чыгармачылыкта кайсы бир деӊгээлде максатыма жеттим. Бүгүнкү күнгө чейин жеткен ийгиликтерим мен үчүн жетиштүү, мындан артыгынын кереги жок. Өзүм үчүн жашаганга убакыт келди.
– Өткөн жылы узун чачыӊды кыркып келбетиӊе өзгөрүү жасадыӊ, мындай эрдикке баруунун да себеби бардыр?
– Ооба, чачымды кырктырдым, жашоомдо, жан дүйнөмдө революция жасагым келди. Бирок кыркып алып эч кимден жакшы сөз уккан жокмун. Инстаграмдагы күйөрмандарым «эмнеге кыркып салдыӊыз?» деп жактырышпады. Өзүм да бекер кылыптырмын деп 3 күн ыйладым. Чачтын өчү бар деп коюшат экен. Бир айдан кийин эле автокырсыкка кабылып баш мээм чайкалып, бутум сынып 15 күн ооруканага жатып чыктым. Болуп өткөн кырсыктарды чачыма байланыштырам, чачым менден өчүн алды окшойт. Экинчи кайчы тийгизбейм.
– Сени биздин порталдагы колдонуучулар «өзүн улуу көрсөткөн кийимдерди киет, имиджин өзгөртсө болмок» деп сындашат, буга кошуласыӊбы?
– Мен өзүм салттуу музыканын алып жүрүүчүсү болсом, сахнага комузумду көтөрүп алып жынсы шым, футболкачан чыга албайм да. Бул менин каалоом эмес, салттуу музыканын мыйзамы. Болушунча узун, жабык, улуттук кийимдерди кийишим керек. Телевидение да адамды 2-3 жашка улуу көрсөтөт. Мени сыналгыдан көрүп жаныма келгендер «кичинекей эле кыз турбайсыӊбы» деп таӊ кала беришет. Ал эми күнүмдүк жашоодо бардыгы сыяктуу эле спорттук кийим, чолок шым, майка, кроссовки кийип
жүрөм.
– Кинодогу ролдоруӊдан улам сени «ыйлаак, азап чеккен кыздын ролун көп аткарат» дешет. Шайыр-шаӊдуу, шок мүнөздүү адамдын ролун ойногуӊ
келеби?
– Учурунда киного тартылууга сунуш түшсө эле режиссёр мага ишеним артып жатат деп тартыла бериптирмин. Андай ролдорду азыр деле сунушташат, бирок акыркы эки жылдан бери андай ролдордон баш тартып жүрөм. Чынында, ыйлаак, башы азаптан чыкпаган кыздын ролу мага таӊууланып калыптыр. Ошону түшүнгөндөн кийин өзүмдү башка образдагы ролдордо да сынап көрөйүн деп чечтим.
– Азыркы Гүлнур кинодогу кайсы каарманына көбүрөөк окшош?
– Эч бирине окшош эмесмин. Жашоодо такыр башка адаммын. Балким, мурда ыйлаак болгондурмун. Азыр мени эч ким ушак кеп, жалган жалаа аркылуу оӊой менен ыйлата албайт. Дегеле көз жашымды жашырганды үйрөндүм. Бирөөгө сырымды айтып бугумду чыгаргым келсе унаамды айдайм да, түз эле Ала-Арчага барып сууга айтам, анткени суу эч кимге айтпайт.
– Досторуӊ үчүн курмандыкка барып, ал курмандыгыӊ акталбай калган учур болду беле?
– Андай досторго көп кездештим. Алар үчүн курмандыкка барып, кийин алардан күйүп калган күндөрүм болду. Айрыкча чыгармачылыктагы достор туруксуз болушат экен. Жанымда жүрүп эле башканы жамандап, кайра бетин сыйрып мени жамандагандарды укканда абдан ыӊгайсыз болом. Азыр ал адамдардын жанымда жок экенине шүгүр кылам. Мен алардан кеткен жокмун, алар уялганынан менден кетишти. Анткени ал адамдардын бет кап кийип мамиле куруп жүргөнүн билип калдым.
– Чыгармачылыкта Самара Каримова жана Асема менен дос элеӊ, азыр деле жакшы мамиледесиӊерби?
– Экөө менен теӊ абдан жакшымын. Самара экөөбүз былтыр Жалал-Абадга гастролго чыгып келдик, Асема быйыл Жаӊы жылда үйүнө чакырып коноктоду.
– Маегиӊе рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg