КЫШКЫ МЕНЮ
Жылуу, сергек жүрүш үчүн бир суткада 30 грамм май жешибиз керек. Мейли ал каймак май, сары май, өсүмдүк майы, малдын майы болсун. Албетте, майдын нак өзүн жеп, иче албайсыз, андыктан тамакка, салатка кошуп жегениӊиз дурус.
Денеде белок аз болсо да адам сасык тумоо менен достошот. Курамында белогу бар тамактар булчуӊдарды чоӊойтуп, сиздин күчтүү жана дени сак болушуӊузду шарттайт. Ошондуктан кышында быштак, жумуртка, балык, эт, буурчакты сөзсүз рационуӊузга кошуӊуз. Адам бир суткада салмагына, жаш курагына карата 70-100 грамм белок кабыл алуусу зарыл. Белокту ашыкча кабыл алуу денедеги майдын топтолушуна шарт түзөт.
Күнүнө 5 түрдүү жашылча жегенге аракет кылыӊыз. Колдон келсе чийки жеӊиз. Мисалы, кызылча, сабиз, капуста, түрп, сарымсак. Булардын ар бирин сүргүчтөн өткөрүп салат жасаӊыз да, жей бериӊиз. Салатка кургатылган жемиш кошуп койсоӊуз да организмге пайда. Бир күндүк норма 150 грамм.
Кадимки эле чайды кышкы чайга айлантуу үчүн кардамон, имбирь, корица кошуп ичиӊиз. Жыйынтыгында кан тамырлар кеӊейип, кан айлануу жакшырып жылуу жүрөсүз.
Кышында кофени ар түрдүү чөп чайлар, компоттор менен алмаштырсаӊыз, организмге пайда.
Үзүлүп туруп калган жашылчаларга караганда тоӊдурулгандарда витамин көбүрөөк жана пайдалуу. Тоӊдурулган жашылча-жемиштин үстүнө кайнатылган суу куюп, 6 саат коюп, бал салып ичсеӊиз да кыштан оорубай чыгасыз.
Алмурут, алма, кара өрүк кактарын, мейиз жана жаӊгакка бал аралаштырып жесеӊиз, кыштын ызгаары сиз үчүн жеӊил өтүп кетет. Анан да тамак сиӊирүү жакшырып, ич катуу деген көйгөй болбойт.
Кышында айрыкча организмге минералдар өтө керек. Аларсыз организм алсызданып, эки күндүн биринде ооруйбуз. Андыктан курамы минералдарга бай азыктарды: көк чөптөр, зайтун, күн карама, картошка, йогурт, сырды менюӊузга кошуӊуз.
Сасык тумоолоп же суук тийип айыкканыӊыздан кийин күнүнө бир жолу 1 стакан анардын ширесин ичип койсоӊуз (3 күн), аталган ооруну көпкө унутасыз.
Ар түрдүү жашылчадан, эттен шорпо жасап ичиӊиз. Шорпого сарымсак, пияз, кара-кызыл мурч, горчица сөзсүз кошуӊуз. Бул татымалдар тамакты даамына чыгаруу менен бирге сасык тумоонун алдын алат.
ХАШ
Керектелүүчү азыктар:
Койдун же уйдун шыйрагы – 2 даана
Эт – 100 грамм
Суу – 3 литр
Болгар калемпири – 2 даана
Пияз – 2 даана
Сарымсак – 5-6 тишче
Калама – 2 даана
Петрушка – 1 боо
Уксус – Жарым чай кашык
Татымына жараша туз, кара, кызыл мурч
Шыйрактарды жакшылап жууп-тазалап, жай отто эт менен чогуу бышканча кайнатабыз.
Шорпо кайнап жатканда болгар калемпирин, пияз, туз, чыгарарда сарымсак, уксус, мурч кошобуз.
Эт менен шыйрак бышкандан кийин оттон чыгарып майдалап туурайбыз да, кеселерге салып, үстүнө шорпосун куябыз. Анан майда тууралган петрушканы себелеп коёбуз. Шорпону ысык кезинде каламаны туурап алып ичсеӊиз ток жүрөсүз. Аталган тамакты кавказ эли биздин кайнатма сыяктуу суук тийген учурда даярдайт.
КАРЫН ШОРПО
Керектелүүчү азыктар:
Карын – 500 грамм
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Суу – 2 литр
Пияз – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Түрп – 1 даана
Көк пияз – 1 боо
Сарымсак – 1 баш
Консерваланган помидор – 300 грамм
Татымына жараша туз, татымалдар
Карынды суу менен жакшылап жууп, жай отто бир сааттай кайнатабыз. Карын бышкыча пияз, көк пияз, сабиз, түрп жана сарымсакты төрт чарчы туурап алабыз да, мискейге өсүмдүк майын куюп, жашылчаларды салып жай отто дымдайбыз. Татымына жараша туз жана татымалдарды кошобуз.
Карынды узатасынан туурап, демделип жаткан жашылчалардын үстүнө салабыз. Даамдуу болсун десеӊиз, кичине эт кошуп коюӊуз.
4-5 мүнөттөн кийин консерваланган помидорду салабыз. 15 мүнөт дымдалган соӊ суу куюп 20 мүнөт кайнатабыз. Шорпо даяр.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg