Баӊгизаты менен кармалып, Казакстанда абакта жаткан мекендештер: «БИЗДИН ТАГДЫРДЫ БАШКАЛАР КАЙТАЛАШЫН КААЛАБАЙБЫЗ»

«Учурда Казакстандын абактарында бир нече кыргыз жарандары бейкүнөө камакта отурушат. Алдамчылар Кыргызстандан алардын баштыктарына же унааларына баӊгизаттарын билдирбей салышып, жалаа менен камалышкан. Буга мамлекеттик деӊгээлде чара көрбөсө, жабыркагандар дагы көбөйүшү мүмкүн» деген окурманыбыз Казакстандын аймагынан баӊгизаты менен кармалып, соттолгон кыргыз жарандарынын жазган катын көтөрүп келди.

КАМАКТАН КАТ...
Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн каттын мазмуну менен кыскача тааныштыра кетели:
– Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Сиздерге айтарыбыз, автобекеттерден, темир жол бекеттеринен жана чек ара пункттарынан абайлап өтүӊүздөр. Бул катты Казакстандын убактылуу кармоочу абагынан жазып жатабыз. Биздин тагдырыбызды башка кыргыз жарандары кайталабашы үчүн арыз-муӊубузду гезит бетине жарыялап коюшуӊуздарды суранабыз. Жумушсуздуктун айынан иш издеп Бишкек шаарындагы радиотүйүндөргө кайрылып, бейтааныш адамдар сунуштаган жумуштарга ишенип, арзыбаган акчага алданып жалаа менен камалдык.
Мисалы, бейтааныш адамдар жеӊил унааларды Орусияга, Казакстанга чейин айдап барууга акча сунуштап, биз макул болуп, чек арадан текшерүү учурунда унаалардын жашыруун жерлерине катылган баӊгизаттар табылууда. Ошондой эле чек ара пунктунан өтүп жаткан жөө жүргүнчүлөргө «бул баштыкты тигил жакта бирөө күтүп жатат, ошого ала өтөсүзбү?» деп акча берип алдашып, ичине баӊгизатын салып койгондор да бар. Анын айынан бейкүнөө камалган адамдар күн санап өсүүдө. Биз мындай окуяга кабылгандардын биринчиси да, акыркысы да эмеспиз. 2015-жылы Жамбыл облусунун Тараз шаарындагы СИ-13 убактылуу кармоочу жайында кармалган жана соттолуп камалган биз билген мекендештерибиздин тизмеси:
1. Токтосун Карыпбеков, 1975-жылы Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. 2015-жылдын 25-мартында Казакстандын аймагында кармалган. 2015-жылдын сентябрь айында 17
жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.
2. Кылычбек Осмонов, 1987-жылы Ош облусунда төрөлгөн. 2015-жылдын 7-июль күнү Казакстандын аймагында кармалып, сентябрда 15 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте соттолгон.
3. Сыдыкжан Бейшебаев, 1979-жылы Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. 2015-жылдын 17-июлунда Казакстандын аймагында кармалып, 28-ноябрда күчөтүлгөн тартипте 16 жылга камалган.
4. Тилек Калбеков, 1981-жылы Нарын облусунда туулган. 2015-жылдын 12-июлунда Казакстандын аймагынан кармалган. 30-ноябрда 16 жылга күчөтүлгөн тартипте соттолгон.
5. Давранбек Мирзамамитов, 1966-жылы Ош облусунда жарык дүйнөгө келген. 2015-жылдын 21-июлунда Казакстандын аймагынан кармалган. 19-ноябрда 17 жылга күчөтүлгөн тартипте соттолду.
6. Марат Шаимов, 1984-жылы Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. 2015-жылдын 28-июль күнү Казакстандын аймагынан кармалган. Азыркы убакта тергөө абагында.

«ИНИМ ЖАЛАА МЕНЕН 17 ЖЫЛГА СОТТОЛУП КЕТТИ»
Жогорудагы тизмедеги мекендештерибиздин бири Давранбек Мирзамамитовдун агасы Шавхатжан менен байланышканыбызда окуя тууралуу айтып берди:
– Иним Давранбек көп жыл Орусияда курулуш тармагында иштеп келген. Кыргызстанга кайткан соӊ Ош шаарында Ибрагим Каримов деген кишинин үйүндө курулуш иштерин жасап жүргөн. Ушул жылдын 20-июль күнү Ибрагим «Менин убактым жок болуп жатат. Сен бул унааны айдап Орусиянын Омск облусуна барып келбейсиӊби? Сени менен кошо досум да барып келет» деп Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасын, унаанын документтерин берип, ишеним кат жазып берип жөнөткөн. Бензинге деп инимдин колуна миӊ доллар берген, калганын келгенде берүүнү убада кылган. Иним менен Ибрагимдин Рахман Маматов аттуу досу экөө жолго чыгышат. Кыргызстандын чек арасынан өтүп, Казакстандын чек арасынан унааны текшеришкенде ичинен 31 килограмм героин чыгыптыр. Сот болуп 17 жылга камалып кетти. Милиция кызматкерлери Ибрагимди кармашкан. Бирок шаардык, облустук милиция кызматкерлеринде тааныштары бар окшойт же акча менен бүтүрдүбү, айтор, эркиндикке чыгып кетти. Инимдин үй-бүлөсү, 4 кызы бар.

«БАӉГИЗАТЫ МЕНЕН КАРМАЛГАНДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ АКТАНЫШАТ»
Кыргыз Республикасынын Баӊгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматкери Айбек Арзиматовго кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Казакстанда кыргыз жарандары баӊгизат менен иштегендерге алданып, жалаа менен камалгандары тууралуу туугандары бизге арыз менен кайрылышкан эмес. Тажрыйбалуу баӊги сатуучулар Казакстандын чек арасынан баӊгизатын алып өтүшпөйт жана бирөөдөн берип жибериши да күмөн. Себеби алар чек арада текшерүү жүрөрүн, баары бир рентген аркылуу табылып каларын жакшы билишет.
Негизинен, баӊгизаты менен кармалган адамдардын көпчүлүгү «мени атайылап карматып коюшту» дешет. Эч ким «бул меники, аны сатуу үчүн чек арадан өтүп бараткам» деп айтпайт. Иликтөө иштеринде баӊгизатын салды деп шектелген кишини кармап келип териштирүү иштерин жүргүзөбүз. Иликтөөдө кылмышы далилденсе, кылмыш иши козголот. Бирок арасында чындап эле жалаа менен кармалгандар да болот. Жакында эле баӊгизатын башка адамдарга алдап ташыткан деп шектелип 3-4 адам кармалды.
2015-жылдын 30-сентябрь күнү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгынан «Икром аттуу Ош шаарынын тургуну баӊгизаттарын сатып же алып жүрүүгө тийиштиги бар болушу ыктымал. Ушул тууралуу тергөө иштерин жүргүзүп берүүӊүздөрдү суранабыз» деген таризде кат келип түшкөн. Ал каттын негизинде Кыргызстандын Баӊгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, Икром аттуу жарандын өздүгү такталып, ал Ош шаарынын Ибрагим Каримов аттуу тургуну болуп чыккан. Соттун чечими менен ушул жылдын 16-октябрь күнү анын үйүн тинтүүгө алганда 580 грамм гашиш баӊгизаты табылган. Бул иш боюнча азыркы тапта тергөө жүрүп жатат.

«КАЗАКСТАНДА БАӉГИЗАТЫ МЕНЕН КАРМАЛГАН АЯЛДАР ДА БАР»
Андан соӊ Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулдугунун консулу Насип Рыспековго байланышып, бул окуя тууралуу сураштырдык:
– Жогорудагы аты аталган жарандарыбыздын Казакстанда камакта экендиги анык. Казакстанга баӊгизаты менен өтөм деп чек арадан кармалып калган кыргыз жарандары көп. Арасында аялдар дагы бар. Алардын көпчүлүгү Жамбыл облусундагы түрмөлөргө камалышат. Казакстанда баӊгизаты менен кармалгандарга мыйзам чегинде катуу жаза каралгандыктан көпчүлүгү 15 жылдан жогору күчөтүлгөн тартипте эркиндигинен ажыратылышууда. Эгерде үй-мүлкү болсо, алар да конфискацияланат. Тергөө учурунда жалаа менен кармалган болсо, аны да иликтешет, күнөөсү жок адамды соттой беришпейт да. Чөнтөгүнөн 3 грамм баӊгизаты табылса да, ал өзүнүкү эмес экенин кантип далилдейт?
Эгер жалаа менен кармалган деген мекендештерибиздин туугандары башкы прокуратурага, ИИМге арыз менен кайрылса, биз да Казакстандын тиешелүү кызматтарына кайрылып, мыйзам чегинде жардам берүүгө аракет кылабыз. Мисалы, биз Казакстандын аймагында жаткан мекендештерибизге барып кийим-кечек, тамак-аш, дары-дармеги жетиштүү болуп жаткандыгынан кабардар болуп турабыз. Укук маселелери болсо чечип беребиз. Бул жакта түрмөдө жаткандардын көпчүлүгү Кыргызстандын абактарына которулууну суранышат.
Жогорудагы мекендештерибиз чындап эле жалаа менен түрмөдө отурушабы же өздөрү күнөөлүүбү, айтыш оор. Эмнеси болсо да чет өлкөдө эмес, өз мекенибизде деле бейтааныш адамдардын буюмдарын алып жүрүүдө абайлаӊыздар демекчибиз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
aku
2016-01-11 11:25:01
Куру жалаадан кудай сактасын.
+4
altyshka_23
2016-01-11 14:44:47
Бир нерсе деп айтыш кыйын кудайым сактасын
+2
Adiko.saitov
2016-01-11 16:25:01
кудай сактасын жебеген самсага акча тологондон.
+1
Asel.24.07.93
2016-01-13 07:34:47
Кимисине ишенееринди билбейсин:-(
+1
Shat.88
2016-01-15 00:10:20
Катыштыктары ьар го деп ойлойм адамдарды алдап турмого отургузууда жумуш беруучулорго хмне пайда?
-1
STAN_KG
2016-01-17 13:42:06
Shat.88, Жок мындай окуялар чындыгында болот экен. Эки үч жыл мурун менин кошунамдын баласын бир аял киши Мадина базарынан ткандарды алганын айтып, аны Казакстанга жеткирип берсең мынча сом акча берем деп көндүрөт. Ал айткан суммага макул болуп кыргыз-казак чек арасында постко машинасын текшерүүгө берип коюп отургучта карап олтурса эле ит менен келип текшерип жатып ткандын ичинде рулондун арасынан пакетти таап чыкканын көрөөрү менен бирдеме салып койгонун сезип Кыгызстан тарапка качып жөнөйт.
0
STAN_KG
2016-01-17 13:52:24
Shat.88, Артынан казак постундагылар кууп үлгүрбөй калышат. Анткени ал Кыргызстан тарабына жакын жактагы олургучта олтурган экен. Кыргыз постуна өтүүгө үлгүргөн соң, ошол жерден баягы эженин телефонуна чалып уруша баштайт! Баягы аял аны чакырып, анын Казакстандын постунда калып калган спринтеринин ордуна машина базарынан жаңы спринтер сатып алып берет! Ал аялды азыр айылындагылар да билип калышыптыр, анткени берки бала 20-жаштагы үйлөнө элек жаш жигит болчу, элдин баарына айтып салган!
0
STAN_KG
2016-01-17 14:00:18
Shat.88, Эч качан тааныбаган даже тааныган кишиден да чек арадан ичиндеги белгисиз буюм тайымдарды алып өтпөгүлө! Эгере ошол нерсенин ичинде норкотик бар экенин билип туруп алып өтсөңөр бул өтө жаман, антени анын зыянын канчалаган адамдар тартып жатат жана анын артынан үй бүлөлөр ажырашып жатышат, жашоо бумеранг, өзүңө жана жакындарыңа сөзсүз кесепети зыяны тиет! Андыктан өзбек, тажик улутундагы кээ бир шектүү адамдардан алыс болгула! алар адамдарды азгырууда, сак бололу туугандар!
+2
Eli75
2016-01-16 14:31:01
Кудай сактасын,ошондуктан курук дооматтан озун сакта деп тилешибиз керек. Биздин эл арасында кичи пейилдик кылып жардам кылам дегендер жок эмес,баары эле бангизат сатам дегендер болбосо керек.
+1
Samaganova
2016-01-17 00:47:29
Он беш жыл деген бутту деген го
Адамдын омурун талкалаш ото оной нерсе
+1
tursunbaev2004
2016-01-17 01:20:52
Назарбаевдин кызы (Айдар Акаевдин мурунку аялы)наркотиктен олгон ошодон кийин законду кучотуп койгон 15-жылдан жогору
+1
jamal1993
2016-01-17 19:06:13
tursunbaev2004,ммм кантип олгон мен укпапмын?айтып берчи
0
mery.89
2016-01-23 13:41:15
tursunbaev2004
Менда билбейт кайсы жерден таап окусамболот.Кыздын аты жону ким?
0
kadam
2016-01-17 17:31:46
Менин да жакын тууганымдын уулу алданып барып кармалган. Казакстанда эң оор кылмыштын катарына киргендиктен жазасы да оор.Кармалган убакта 19 жашта эле. 17 жылга кесилди.Жаштар! абайлагыла, алданып калбагыла.
0
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан