ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

САЯСАТТА
Псакинг – саясий айдыӊда жүргөн адамдын аты-жөнүнөн алынган жаӊы сөз. Бул АКШнын мамлекеттик департаментинин спикери Жен Псакинин кээде күлкү келтирерлик, кээде провокациялык билдирүүлөрүнөн улам келип чыгып отурат. Псаки айым журналисттер менен жолугушуу учурунда өзү сүйлөгөн сөзгө өзү каршы чыгып, кеп учугун таппай калчу. Маселен, бир ирет ал журналисттерге маалымат берип жатып: «Чынын айтканда, мен бул текстти жөн эле окуп жатам. Эмне экенин билбейм» деп оозду ачырган. Эми бул айымдын Псаки фамилиясынан улам карама-каршы фактылар камтылган же маанисиз билдирүүлөрдү псакинг атап калышты.

МАДАНИЯТТА
Сиквел – латын тилинен которгондо «улантуу, артынан баруу» деген маанини берет. Бул сөз маданият тармагында кеӊири пайдаланууга өткөн. Башкача айтканда, сиквел – бул кайсы бир чыгарманын же кинонун экинчи бөлүгү, уландысы. Бирок сериал эмес. Мисал катары айтсак, белгилүү Агент 007 Жеймс Бонддун же болбосо кичинекей сыйкырчы Гарри Поттердин окуяларынын уландысын сиквел деп айтууга болот. Баса, кээде сиквел сөзүн трилогия, эпопея же цикл деген сөздөр менен да алмаштырып жүрүшөт.

ИШКЕРЛИКТЕ
Старт-ап – бул жаӊычылдык. Башкача айтканда, жаӊы технологиялар, жаӊы идеялардын негизинде башталган ишкерлик. Старт-ап сөзүн интернет-компанияларга карата көбүрөөк колдонушат. Бирок бул заманбап сөздү башка тармактарга карата да колдонууга болот. Батыш өлкөлөрүндө мурда-кийин кездешпеген өзгөчөлүккө негизделген ишкерликтин баарын старт-ап деп айтышат. Ал жакта жаӊы долбоор, жаӊы башталган иш деген сыяктуу сөздөр бул сөздүн пайда болушу менен аябай эле аз колдонулуп калды. Старт-ап деген сөз англис тилинен которгондо «жүгүртүү, баштоо» деген маанини берет.



Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
gul91
2016-01-17 22:59:32
uwundai aiymdyn psihikasyndagydai ooru emne d.atalat. admin suranych izildep aiyktyruu joldorun da karap bersener,antkeni men da bir ele uchurda 2 turduucho suilop alam. Bir pikirde tura albai
0
admin_superstan
2016-01-18 12:46:18
gul91,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
0
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан