УГГИ ӨТҮГҮН КАНДАЙ КИЙИМДЕР МЕНЕН КИЙҮҮ КЕРЕК?

Кыз-келиндердин бутун жылуу, ыӊгайлуу алып жүргөн угги өтүгү сизде да болсо керек. Анда дүйнөлүк стилисттердин кеп-кеӊешин камтыган бул макала сиз үчүн сонун табылга. Мында уггини кандай кийимдер менен кийсе жарашыктуу болору тууралуу кеп кылабыз.

Угги
– койдун терисинен тигилген өтүк. Анын келип чыгышы тууралуу так маалымат жок. Мекени Австралия, Жаӊы Зеландия деп айтылат. Башында уггини фермерлер кийишчү. Америкага 1980-жылдардын башында келген. Массага 2000-жылы «Чоӊ шаардагы секс» сериалында башкы ролду жараткан актриса Сара Жессика Паркер аркылуу тараган. Ошол кезде аталган сериалдын аябай популярдуу болуп турган кези эле. Андагы актёр жана актрисалар эмне кылбасын заматта эл арасында модага айланчу. Атактуу болуп турганда Сара уггини кие баштайт. Жыйынтыгында аталган өтүк дүйнөнүн бардык бурчунда жашаган айымдардын гардеробунда алмаштыргыс орунду ээледи.

УГГИ САТЫП АЛУУДА ЭСКЕ АЛЫӉЫЗ!
Бул бут кийимдин багалеги жоон болгондуктан көпчүлүк толук кыздар аны кийүүдөн коркушат. Стилисттердин айтымында, эгерде өтүктүн туура түрүн тандаса, ал бардык айымдарга жарашат. Толук кыздар кончу кыска угги кийгени туура. Узуну бутка ого бетер көлөм кошуп көрсөтөт.
Уггини жигиттер да кийсе болот. Кыз-келиндерге айтылган кеӊештерди мырзалар да кулагына куюп алганы оӊ.
Жашы өтүп калган айымдар үчүн аталган өтүк ыӊгайсыз. Стилисттер муну «улуу курактагы аялдар элеганттуу болушу керек, угги стилдүү болгону менен, элеганттуулук тартуулай албайт» деп түшүндүрүшөт.

Өтүктүн көркүн ача турган кийим – бул лосина. Алар кандай түстө болбосун, кандай кездемеден тигилбесин угги менен эӊ мыкты айкалышып турат. Ошондой эле багалеги тар жынсы шымдар да анын достору.

Уггини трикотаж юбкалар менен мыкты айкалыштырууга болот. Юбка тизеден ылдый болбошу керек.

Бутуӊуз ичке жана узун болсо, сизде кандай угги алсам деген ой такыр болбошу керек. Жакканын сатып ала бериӊиз, себеби буттарыӊызга уггинин бардык түрү жарашат.

Эгерде сырткы кийимиӊиз узун болсо, анда сөзсүз кончу кыска угги кийиӊиз. Өтүк узун куртка же пальтонун астынан толук көрүнүп турганы оӊ. Стилисттердин кеӊеши боюнча, уггини кыска жана кэжуал стилиндеги сырт кийимдер менен кийген оӊ.

Уггиге жадакалса тамашоучу Азимхан ыр да арнаган.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Umnitsa
2016-01-11 15:38:53
мендеда бар бироо.. арзаан 700 сомго эле алгамын.. сонун удобный...
+3
Lilia11
2016-01-11 22:04:48
Азыр базарларда 850-1500 ге чейин. Чонтоко да жакшы. И самый главный удобный и повседневный да. Жаш кыздар студент кыздар окуучулар коп кийишет. Анан да базардагы соодагерлер да коп кийишет. Таманы жумшагынан алган он.
+1
Patrik
2016-01-11 22:26:11
Мага да жагат бир жолу кийип коргом
+1
Moon89
2016-01-12 04:04:59
Кундуз толуп калганбы
+1
Arrayan
2016-01-12 05:49:22
Мен 2010 2011 жылдары кийет болчум колледжге.Азыр кийбейм.
+1
sezim1111
2016-01-12 14:20:41
мага жагат басканга ынгайлуу женил анан жылуу
+1
Gulzat86
2016-01-12 16:35:08
Соода иши менен жургондо куп эле кийип журдук.Ичи ыссык бутту жылуу кармайт
+1
ayjasha
2016-01-12 21:23:25
магада жагат
+1
saltanat.
2016-01-13 02:29:58
1200 гө алдым, сонун жылуу.
+1
DNurgiza
2016-01-13 03:23:35
мага жакпайт
0
Gulnaz.GS
2016-01-13 16:04:59
Жакпайт жарашыксыз
+1
KYRGYZJERI
2016-01-14 20:59:43
Кыргызстанда жургондо дайыма мода деп кыш кылчылдап атса да жапызы, бийиги кылып алчу элем, канча сонунун алба бат эле айрылып калат, же болбосо замочеги бузулат, же карда, сууда ону очот дегендей 6 жылдан бери четте журуп бая такалуу сапогини, бут ушуу деген нерсени унуттум.
Баарынан да ден соолук артык болуп калат экен,
угги менен буттун жыпжылуусун сураба, бутум да оорубайт. Эч ойлнбой арзан болобу кымбаты болобу алып кийип коргуло, арманда калбайсынар
+2
gulkar
2016-01-16 18:27:12
Мага жагат 3-4 ж бери кийем, жылуу басканга удобный
+1
Samaganova
2016-01-17 00:40:26
Угги женил корсотот адамды Кийим адамдын мунозунон кабаре берет эмеспи
-1
Ainur83
2016-01-17 03:50:26
Мен уггин биринчи жолу 2009-ж.москвада алып кийгем,ошондон бери кийем жакшы жылуу,жумшак мага жагат
0
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан