ГАЙМОРИТ – СУУК ТИЙҮҮДӨН ЖАНА САСЫК ТУМООДОН ЖАРАЛАТ

Кыш түшкөндөн тарта суукта көп жүргөндө жана сасык тумоону өтүштүрүп жибергенде гайморитке кабылуу коркунучу жогорулайт. Дене табын жогорулатып, ириӊ чимкиртип кыйнаган оорунун себептери, айыктыруу жолдору тууралуу Бишкектеги Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүнүн адиси Нуржан Шабданбаева баяндайт.


ГАЙМОР КӨӉДӨЙЧӨЛӨРҮ ЭМНЕДЕН СЕЗГЕНЕТ?
Суук тийүүдөн
Жогорку дем алуу жолдору мурундун чел кабыкчасын жана мурун жанындагы гаймор көӊдөйлөрүн жууп-тазалап туруучу былжырды иштеп чыгарат. Былжыр мурун аркылуу сыртка чыгып турат. Суукка урунганда мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет да, былжыр сыртка чыкпай гаймор көӊдөйчөсүнө топтолот. Топтолгон массада бактериялар же вирустар көбөйөт да, сезгенүүнү жаратып, акырындап ириӊдейт.

Тиш оорудан
Үстүнкү азуу тиштердин түптөрү (тамырлары) гаймор көӊдөйчөлөрүнө жакын жайгашкан. Тиштин түптөрү ооруга чалдыкканда микробдор көӊдөйлөргө өтүп сезгентет. Андыктан азуу тиштерди жулууда стоматологдор абайлоолору зарыл.

Сасык тумоо, кызамык, риниттен
Аталган оорулар өтүшүп кетсе инфекциялар гаймор көӊдөйчөлөрүнө чейин өтүп, аларды сезгентип гайморитти жаратат. Андыктан дартты өтүштүрбөй убагында дарыланып айыгуу зарыл.

Белгилери

  • Маӊдайда, мурун тегерегиндеги оорутуу
  • Ооруган көӊдөй тараптагы шишик
  • Мурун бүтүп, дем алуунун кыйындашы
  • Мурун менен сүйлөө
  • Чимкириктин илээшкек жашыл же сары түстө болуусу
  • Көздөн жаш агуу
  • Чимкириктин ириӊ аралаш чыгышы (жыты сасык)
  • Жыт билбей баштоо
  • Көздүн жарыктан уялуусу
  • Дене табынын көтөрүлүшү
  • Чыйрыгуу, калтыроо

ГАЙМОРИТТИН ТҮРЛӨРҮ

  • Курч кармаган түрү
  • Өнөкөткө айланган түрү
  • Аллергиялык түрү

ДИАГНОСТИКА

  • Гаймор көӊдөйчөлөрүн рентгенге тартуу
  • Көӊдөйчөлөрдү тешүү менен (пункция) мурун суюктугун сордуруп, текшерүүдөн өткөзүү
  • Компьютердик томография (эгер керектелсе)

ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ

  • Гаймор көӊдөйүнүн тушун медициналык ийне менен тешип (пункция), ириӊдүү былжырды сордуруп алып, ордуна антибиотиктерди куюп жууп-тазалоо
  • Антибиотик дарысын кан тамырга (же булчуӊга) саюу
  • Ооруну басаӊдатуучу каражаттарды берүү
  • Кан тамырларды кеӊейтүүчү, шишикти таратуучу дары-дармектер
  • Антигистаминдик дарылар (аллергиялык гайморитте)
  • Операция (дары-дармектер жардам бербесе)

ДАРЫЛАБАСА ЭМНЕ БОЛОТ?
Көӊдөйчөдөгү ириӊдүү масса сыртка чыгууга жол издейт.

  • Эгер ириӊ көз көӊдөйүнө туш келсе, анда ал жер сезгенип флегмона оорусу жаралат.
  • Ириӊдүү сезгенүү баш мээнин кабыгына тараса, менингит жаралышы мүмкүн.
  • Мээнин кан тамырында кандын уюп калышына (тромб) жеткирип, өлүмгө алып келүүсү ыктымал.
  • Гайморит пневмониянын, өнөкөт бронхиттин, бронхиалдык астманын өөрчүп кетишин шарттайт.
  • Тамак безин сезгендирсе, ангина жаралат.

МУРУНДУ ЖУУЧУ КАРАЖАТТАР

  • Дарылануу кезинде мурунду жууп-тазалоо да зарыл.
  • Фурацилин. Дарынын 1 таблеткасын упадай талкалап, 1 литр жылуу сууга салып эритүү керек. Аны 4-5 жолкуга бөлүп чайкайсыз.
  • Диоксидин (1%). 1 суткада 70 миллиметрди 2-3 маал бөлүп колдонсо жетиштүү.
  • Дарыканаларда сатылуучу деӊиз тузунан даярдалган даяр эритме (аквамарис, салин же долфин) менен 2-3 маал жуу.

Аталган каражаттарды улам алмаштырып колдонсо да болот. Аллергия жаратар же жаратпасын билүү үчүн алгач кичине гана колдонуу менен текшерип көрүӊүз!

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН

  • Кочкор тузу менен 2 маал чайкоо (200 грамм жылуу сууга 1 чай кашык туздун үчтөн бир бөлүгүн салып). Кочкор тузун алдын ала 2-3 сыйра жууп алуу зарыл.
  • Дары чөптөр менен 3-4 маал чайкоо (ромашка, ит уйгак, календула). 1 чай кашык кургатылган чөптү 300 грамм ысык сууга салып, 1 кайнатып алып сүзүп, анан жылуу кезинде колдонуу сунушталат.

Эскертүү: Аталгандарды кезектештирип 1-2 апта колдонсо жакшы.

ЭСКЕ АЛ!

  • Гайморитте мурунга ысык (грелка, туз, ысытылган мата жана башка) басууга болбойт. Бул ириӊдин башка органдарга таркалуусуна жол ачат.
  • Мурунду бир жолу тештирип тазалаткандан кийин (пункция) деле тазалатууга туура келе берет деген түшүнүк туура эмес. Бул адамдын өзүн карап күткөнгө жараша болот.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Гайморит өтүшүп кетсе кулактын тарсылдагы жарылып, угуу начарлайт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
esimdesin
2016-01-11 13:11:40
меники күчөп кеткенде сордуруп тазалатууга тааныштарым каршы чыгып болбой коюшкан.кийин бир укол алгам венага ошондон жакшы болуп кетти. кочкор туз менен да көпкө чейин чайкап жүрдүм.
0
temirov76
2016-01-11 18:02:37
Кочкор тузу эмне,кандай туз ал?
0
Asyl.jazi
2016-01-12 00:25:36
Мен дагы гайморит болуп калган окшойм
0
black.prose
2016-01-12 02:32:44
Менде бир даары бар атын унутуп жатам эстеп жазып коём. Чынле жардам берет.
0
tatynam_88
2016-01-12 18:08:04
black.prose,тезиреек таап жазынызчы.табыптардын да кароосунан оттум пайда жок.менингит болуп каламбы деп корком
0
tatynam_88
2016-01-12 18:05:32
Мен да аябай кыйналып журом 8.9жыл болду.лечение алсам деле,пункция кылдырсам деле дем алганда мурдум бутот.муунуп алчудай абалга жетем.жогоруда айтылган морской суулар менен,кочкор туз менен азыр да чайкап журом.томография таптаза деп чыгарган бирок кыйнала берем.кудаымдан озумо шыпаа сурап келем
0
esimdesin
2016-01-13 19:08:27
tatynam_88, мен мындан 5жыл мурун ротацеф деген уколду венама алгам эки эле жолу ошону менен жакшы болуп кетти окшойт. дарыгер жазып берип анан 2 флаконун 3000сомго алгам жанылбасам. Сураштырып көрөсүз балким дарыгерлерден кеп-кеңеш алып.
0
tatynam_88
2016-01-13 21:44:13
esimdesin,рахмат чоон
+1
perichte
2016-01-13 14:24:26
Кудай шыпаасын берсин,ооруну берген шыпаасын кошо берген болсун, деги эле эч ким оорубасын!!!
+1
ayildik_kiz
2016-01-16 02:51:32
Азыр да мени гайморитим каттуурак кармаган кез.
0
Nuriza90941214
2016-01-19 23:36:10
7-классымда гайморит болуп жатппган ооруканам калбады,сакайбадым эле бир врачтан сурап бир даарынын атын аллым.ал кыргызстанда жок экен.россиядан алдырлым бир даары 16кунго жетти,Ошо менен спкайдым Алланын жардамы менен томография кылдырдым таптаза чыктым,рентгенда таза чыктым,азыр башым оорубай мурдум толбой калды.кутулдум иншаллах,даарынын аты Синуфорте1700рубль турат экен
0
Muslima.aksy
2016-03-01 17:59:50
рентгенге тушсом менде жаны башталыптыр, жазган антибиотиктерди уйдон ичтим. уй шартында кантип дарыласа болот?
0
good-girl
2016-03-02 14:25:05
Менин 7 жылдан бери куундо мурдум канайт бул гаймариттин белгиси эмеспи???
0
Nazik96
2016-05-20 03:01:05
гаймаритти уй шартында марлиге турптун суусун сыгып койсо дагы болобу?
0
admin_superstan
2016-05-20 10:04:30
Nazik96, саламатсызбы? Бардык жакка калтырган суроолоруңузду чогултуп, баарын kenesh@super.kg дарегине жөнөтүңүз, рахмат.
0
Aizada.KG.2017
2016-10-17 11:07:12
Саламатсызбы!? Мен бир жумадай грипп болуп ооруп, айыктым. Бирок мурдумун мол тешикчесинен сары суюктук чыгып, сол козумдун усту, бешенем оорлошуп ооругансыйт.Сол тишимдин мулку башымды артка таштасам сезгенет. Гайморит жонундо алган маалыматтарга дал келип жатат. Менин оюмча гаймориттин башталышы. Уй шартында даарыласам болобу? Чет жергесиндемин. Азыркы учурда доктурга корунгону шарт жок.
0
Aizada.KG.2017
2016-10-17 11:12:04
Саламатсызбы?Менин мурдумун сол тешикчесинен сары суюктук чыгып,бешенем оорлошуп,ооругансыйт.Менимче гайморит.Уй шартында даарыласам болобу?
0
Курушалы кызы жазмина
2023-08-06 13:24:00
Саламатсыздарбы биз Омур-улан Оздоровительный центр Биз Гайморитти огненный массаж менен личения кылабыз 100%кепилдик беребиз Уколсуз операциясыз дарылайбыз Инстаграм-@gaimorit_lichenie_kg 0707767677 0500484414
0
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан