СВЕТЛАНА НАЗАРЕНКО «ТОЧЬ-В-ТОЧЬ» ДОЛБООРУНУН ФИНАЛЧЫСЫ

Жакында эле «Бишкектин ардактуу атуулу» наамын алган мекендешибиз, «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко орусиялыктардын Биринчи каналында жүрүп жаткан «Точь-в-точь» теледолбоорунун 3-сезонунда 3-орунга ээ болду. Айта кетсек, аталган теледолбоор 2013-жылдан бери көрсөтүлүп келет. Анда катышуучулар атактуу ырчыларды дал өзүндөй кылып туурап ырдашат. Ая деген лакап ат менен жүргөн мекендешибиз Светлана Назаренко Жаӊы жыл алдында интернеттеги баракчасынан кыргызстандык мекендештерин өзү үчүн добуш берүүгө чакырган эле. Бул арада телеберүүнүн жеӊүүчүсү Максим Галкиндин жеӊишин айрымдар «алдын ала чечилген чечим, Галкин «мени аталган долбоордон жеӊүүчү кылсаӊар гана Россия-1 телеканалынан Биринчи каналга кайтып келем» деген шарт менен катышкан» дешүүдө.






Солдо Cветлана Назаренко ырчы Азизанын образында.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Neizvestno777
2016-01-11 13:12:15
Ошканын рекламасындагы ушул кызбы?
0
asi.gulum
2016-01-11 16:29:59
Neizvestno777,оа ошол окшойт
0
Angel92
2016-01-11 13:28:13
Куттуктайбыз
0
jamal1993
2016-01-17 18:44:16
Менда ошкадан баштап тааныдым а так таанымак эмесмин
0
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан