ЧЕТ ӨЛКӨДӨН КЛИП ТАРТМАЙ МОДАГА АЙЛАНДЫБЫ?

Акыркы учурда ырчылар арасында чет өлкөдөн клип тартмай модага айланып бараткандай. Алардын катарын быйыл Дайыр Исмадияров да толуктады. Көрсө, Инстаграмдагы баракчасына чет өлкөдөн түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөгөн ырчы клип тартам деп чуркап жүрүптүр.
Бул тууралуу Дайыр: «Быйыл гастролдорго көп чыктым. Жакында эле Москвага Нурмат Садыров экөөбүз Эрнист Сыдыковду ээрчитип алып клип тарттырып келдик. Клиптин уландысын Түркиянын Стамбул шаарына барып тарттык. Жумуш менен бирге эс алып жаттым»,- дейт. Кезинде гүл кучактап тоо боорунда клип тарткан деӊгээлден өсүп, чет өлкөдөн клип тартканга жетишип калганыбыз, албетте, кубандырат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Mediziner
2016-01-11 11:01:57
Ити чоп жеп турган убакта тарта беришсин. Болбосо Кыргызстандын кайсыл онуккон жеринде тартмак эле? Биздин абийирибизди кооз жаратылышыбыз эле жаап турат, болбосо эчак эле корунуксуз олкого айланмакпыз..
+9
nazira1989
2016-01-11 13:37:42
Бизде жаратылышыбыз эле канча байлык.Арстанбапка келип шаркыратманын жанында,Ошто Сулайман тоосунда,Ысык-Колдо колду кечип,Баткенде айгул гулун аралап клип тартсан озунчо эле олконун рекламасы...Дубай,Россия,Кытайга барып клип тарттым дебей.Арстанбапта,Ошто,Таласта,Нарында клип тартып келдим деп...
+3
Rasul_Rahmanaliev
2016-01-17 07:49:39
nazira1989,колдойм..Бирок башка олкодо тартса деле жакшы.Эгер сиз айткан жакта тартылса дагы да сындамаксынар)))))Дайыр молодец
0
esimdesin
2016-01-11 19:12:12
колунан келсе тарта беришсин
+2
Erniet
2016-01-12 03:47:05
Туура колунан келсе Марска барып тартсын бирок озубуздун эн кооз табиятыбызды баалай албайбыз бизде да эн сонун кадрларды сапаттуу камера менен тартса болот Мирбек Атабеков Москвада тарттык деген клибин бир студиядан чыкпай эле тартыптыр андай студиялар бизде деле толтура
+1
shazi
2016-01-12 18:43:34
Дайыр эптеп супердин бул санынада чыгыптырда. Чет олкодо тартылган клиптерди коптон бери эле коруп байкап журобузго. Эскертип койойлу дешкен го
+1
elika86
2016-01-16 01:06:36
жакпайт да ушул үнү жок живой ырдатсан декламация айткандай болот
+1
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан