НАИЛЬ АННА СЕДОКОВАНЫ КИЙИНТТИ

Эсиӊиздерде болсо, өткөн сандарыбызда кыргыз-казак жылдыздарын кийинткен дизайнер Наиль Байкучуков жөнүндө жазганбыз. Жаӊы жылда интернет айдыӊынан ал тууралуу жагымдуу кабар уктук. Орус жана украин эстрада ырчысы, «ВИА Гра» тобунун экс-солисти Анна Седокова Инстаграмдагы баракчасына: «Сүйүктүү дизайнерим Наилге рахмат айткым келет. Сен айымдарга кандай көйнөк жарашарын сезесиӊ. Сен кереметсиӊ»,- деген билдирүүсүн калтырган.
Эске салсак, ырчы айым Наиль менен былтыр Муз-ТВ телеканалынын Астанада өткөн сыйлык тапшыруу аземинде таанышып, анын көйнөгүн биринчи жолу кийген эле. Жакында болгон Валерий жана Константин Меладзелердин концертинде экинчи ирет дизайнердин көйнөгүн кийип чыкты. Жалаӊ атактууларды кийинткен Наиль дизайнерлик кесибин Кыргызстандан баштаган. Анын «шедеврлерин» биздин атактуулар да байма-бай кийишет.
Анна былтыртан баштап Наилдин сүйүктүү кардарына айланды.

Дизайнердин Седоковага тиккен көйнөгү көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды.

Асел Кадырбекова, Назгүл Токтакунова, Сайкал Садыбакасова, Чолпонай жана башка ырчы айымдардын гардеробунда да Наилдин көйнөктөрү бар.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Mediziner
2016-01-11 10:49:24
Мага да жагат. Наилдин койноктору жарашыгы жана кымбат баалуу материалдары менен айырмаланып турат. Интернеттен бир койногунун фасонун алгам, буюрса жакшы чеберге тиктирсемби деп жургом.
+1
nazira1989
2016-01-11 13:43:44
Наиль мага да бир койнок тигип бэээрчи???
0
kirgizstan
2016-01-11 13:55:21
Кийинтти беле кейитти деп окуп алыпмын тооба. Баарын окуп эч жерде кейитпептирго неге тема андай деп теманы козумду чооон ачып окусам Кийинтти экен.
+1
Pantherka
2016-01-11 15:08:51
Седакова ото ачылып кеткен го)))
0
Asyl.jazi
2016-01-12 23:59:59
Кийим тигип бериптир го, а мен кийимин кийгизиптир деп ойлоп алыпмын)))))))
+1
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан