БИР БҮРКҮМ

  •   Улуу Британиянын «Financial Times» басылмасы Кыргызстанды 2016-жыл ичинде САЯКАТТОО үчүн алдыӊкы 7 өлкөнүн катарына киргизди. Бул тизмеде Бразилия, Гренландия, Куба, Перу, Түштүк-Африка республикасы жана Шри-Ланка бар. 
  •  Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялады. 
  •  Байланыш агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, каттоодон өтпөгөн SIM-карталар 1-февралдан тарта өчүрүлөт. 2015-жылдын декабрь айында уюлдук байланыштын 354 миӊдей абоненти каттоодон өтө электиги айтылган. 
  •  Кыргызстанда ӨМҮР БОЮ ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТЫЛГАНДАРДЫН саны 300 кишиден ашты. Калган өмүрүн түрмөдө өткөрүүчүлөрдүн саны Казакстанда 100дөн, Тажикстанда 60тан ашпайт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Орозбек Энтериев билдирди. 
  •   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын ноябрь айында ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН жабыр тарткан Ош облусунун тургундары үчүн ачылган эсепке 60 миллиондой сом келип түшкөн.
  •   Internet Society эл аралык уюмунун Кыргызстанда жүргүзгөн ишине ылайык, өлкөдө элдин 20 пайызы гана ИНТЕРНЕТТИ колдонот.
  •  Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Дүйшенбек Чоткараев менен Чек ара кызматынын төрагасы РАЙИМБЕРДИ ДҮЙШЕНБИЕВГЕ генерал-майор деген жогорку аскердик наам ыйгарды. 
  •   Орусиянын «Известия» басылмасы аталган өлкөдөгү эӊ сабаттуу ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ Кыргызстан менен Украинанын жарандары деп жазып чыкты. Мындай жыйынтык орус тили боюнча тапшырылган сынактардан улам келип чыккан. 
  •  Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАНДАРДЫН 70 пайызы эркектер. Анын жарымынан көбү 30-54 жаш курагындагы мырзалар.
  •  ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асановдун айтымында, калктын колунда 7618 даана ТРАВМАТИКАЛЫК КУРАЛ бар.
  •  Улуттук Банк сомдун кунун түшүрбөө үчүн 4-январда 9 миллион 100 миӊ, 5-январда 3 миллион 250 миӊ, 6-январда 2 миллион 700 миӊ  доллар интервенция жасады. Бул 15 миллиондон ашуун ДОЛЛАР сатыкка чыкты дегенди билдирет.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан