Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 6-январында транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевди кабыл алды. Жолугушууда министр президентке эл аралык, республикалык, жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун курулушу жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, буга катар мамлекеттин аймагындагы аэропортторду реконструкциялоо жана кайрадан жабдуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берди. Башкы транспортчу улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен «Кыргызстан-Кытай» темир жолунун курулуш долбоорун илгерилетүү боюнча иштер туурасында да маалымат берди. Мамлекет башчы министрге өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниси бар транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg