Өкмөт Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы энергетикалык долбоорлорго байланыштуу макулдашууларды денонсациялоого киришти. Ошол эле тапта «Первый канал» жана «Россия планета» орусиялык телеканалдарына Кыргызстан өзгөчө макам бермекчи. Бул иштер аптанын өзгөчө талкуу жараткан окуялары болду.
ОРУСИЯ СӨЗҮНДӨ ТУРБАДЫ. ГЭСтерди ЭМИ КИМ КУРАТ?
Премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСине барган иш сапарында Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын каскадынын курулушу тууралуу Орусия менен болгон макулдашуулардын денонсациясын тездетүү керектигин айтты. Бул макулдашууларга 2012-жылы Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин катышуусунда кол коюлган. Орусиянын энергетикалык ири долбоорлорду каржыламакчы болгону кандайдыр бир деӊгээлде Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүн тездеткен. Бирок 3 жылдан бери бул иштер бир кадамга да алдыга жылбаганы кыргыз бийлигинин кардиналдуу чечим кабыл алышына түрткөнүн президент Алмазбек Атамбаев жыл соӊундагы маалымат жыйынында айткан болчу. «Азыркы кырдаалда Орусиянын экономикасы көтөрүлбөй, нефтинин баасы ылдыйлап жатат. Бул макулдашуулар объективдүү себептерден улам Орусия тараптан аткарылбай калышы мүмкүн. Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун ишке ашыра албайт. Андыктан бизге бул макулдашуулардан чыгып, долбоорлорго башка инвесторлорду издөөгө туура келет. Эки долбоорду токтотууга акыбыз жок, аларды аягына чыгарышыбыз керек»,- деген мамлекет башчы.
Азырынча аталган долбоорлорду ишке ашырууга араб инвесторлору тартылары тууралуу сөздөр жүрүп жатат.
ОРУСИЯЛЫК ТЕЛЕКАНАЛДАРГА ӨЗГӨЧӨ МАКАМ БЕРҮҮГӨ ЖАРАНДЫК КООМ КАРШЫ
Орусиялык «Первый канал. Всемирная сеть» жана «Россия планета» телеканалдарына Кыргызстанда өзгөчө макам берүү демилгеси коомдук талкууга чыгарылды. Эреже боюнча, долбоор коомдук талкууда 30 күн болушу керек. Аталган долбоор колдоо таба турган болсо, Кыргызстандын мыйзамындагы чет элдик маалымат каражаттары боюнча чектөөлөр орусиялык аталган эки телеканалга карата колдонулбайт. Мындан тышкары орус тилин жана орус контентин колдонуу боюнча коюлган чек сакталбайт. Ошону менен катар аталган эки телеканалды өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын аймагында атайын шарттар түзүлөт деп жазылат. Бул долбоорду Орусия тарап сунуштап, коомдук талкууга биздин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги алып чыгып отурат.
Өлкөдө мамлекеттик телеканалдарга караганда орусиялык телеканалдардын көрөрмандары ансыз да көптүк кылат. Массалык маалымдоо каражаттары ириде үгүттөөнүн куралы. Өзгөчө макамга ээ болуу менен Орусия телеканалдары аркылуу өз саясатын жайылтары түшүнүктүү. Мамлекеттик кызыкчылыктарын туу туткан өлкөлөр өз медиа тармагына башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн мыйзамдын чегинде чектөөгө аракет кылат. Бүгүнкү күндө канатташ жайгашкан Казакстан чет жердик телеканалдарына чектөө коюуну ойлонууда.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg