ЭНЕРГИЯ ЖАБДУУНУН УКУКТУК ТАРАБЫ

«Электр энергиясы» деген сөздүн эки негизги мааниси бар, бир четинен бул терминди мектептеги физикадан билсек, экинчи жагынан биз баарыбыз колдонуучу катары энергокомпаниядан алган «товар».
КРнын «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамы ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу жана дагы көрсөтүлгөн кызматтын сапатын тынымсыз көтөрүүгө кепилдик берет.
Бирок биздин күнүмдүк жашообузда баары башкача. 2010-жылы ЮНИСОН коомдук фондунун Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдук борбору (ЭКУК КБ) ишинде электр энергиясынын колдонуучуларынын укуктарынын электр компаниялар тарабынан бузулушу көп кездешкен. Ага кошумча үй ээлери өз укуктарын жана жоопкерчиликтерин билбестиги коррупциянын гүлдөп-өнүгүшүнө шарт түзүп келет.
ЭКУК КБ жүргүзгөн ишинин натыйжасында 7246 кеӊеш берилип, алар энергияны үнөмдөө жаатындагы ар кандай маселелерди камтыды. Жарандардан келип түшкөн 5000ден ашык кайрылуулар каралды жана 9,5 миллион сом элге кайтарылып берилди. Коомдук борбордун адистери абоненттердин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана энергокомпаниялар арасында маалымат-агартуучулук иш-чараларын байма-бай өткөрүп келишет.
Быйыл экинчи жолу ЭКУК КБ адистери «Үшүбө, Кыргызстан!» аталышындагы жалпы улуттук маалымат кампаниясын активдүү колдоп жана анын ишине катышып келишет. Быйыл долбоор USAID'дин Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну колдоо программасынын (GGPAS) колдоосу менен ишке ашууда. Ошондой эле быйыл географиялык камтуу кеӊейтилип, кампания өлкөбүздүн алыскы жерлерин кошкондо 500 айыл-кыштактарда өтмөкчү. Кампаниянын тренерлери укуктук суроолор жаатындагы адистер болушат. Алар жөн гана маалымат берүү менен чектелбестен, ЮНИСОНдун практикасынан эл арасында көп кездешчү маселелер менен бөлүшүп, эл менен контролёр ортосунда болгон татаал маселелерди өзүлөрү чечкенге өбөлгө түзмөкчү. Алардын айрымдарына токтоло кетсек…
2015-жылдын жай мезгилинде ЮНИСОН коомдук фондунун Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдук борборунун Оштогу кеӊсесине 56 жаштагы Ош шаарынын тургуну Саламат Кайыпова кайрылган. Ал уулу жана небереси менен жашайт. Мектепте мугалим болуп эмгектенип, кийин эс алууга чыгып, айына 2100 сом пенсия алат. «Мен абонент катары ар дайым айып пулду өз убагында төлөп, электр энергиясы үчүн эч качан карызым болгон эмес. 2015-жылдын июнь айында контролёр келип, электр энергиясынын эсептегичин алмаштыруу үчүн 1500 сом төлөөмдү талап кылды. Аны менин эсептегичим күйүп кеткени менен түшүндүрдү да, «электр энергиясын колдонуу эрежесин бузду» деп акт түздү. Мен «кызматтык күбөлүгүӊүздү көрсөтүӊүз» десем, аны үйдө унутуп койгонун айтып, келеркиге чейин 1500 сом даярдап коюшумду, болбосо электр энергиясын кыркып саларын айтып коркутуп кетти».
Саламат айым Ош шаарындагы ЭКУК КБга кайрылгандан кийин маселе абоненттин пайдасына чечилген. Адистер энергокомпаниянын башчысына кайрылуу даярдоодо жардам көрсөтүп, анда жазылган айып пулдун укуктук жактан туура эместигин жана контролёрдун этикасына басым жасалган. Бир аз күн өткөн соӊ энергокомпаниянын
жумушчулары эски эсептегичти жаӊысына бекер алмаштырып беришкен. Жазылган айып пул жокко чыгарылган.
«Үшүбө, Кыргызстан!» маалымат кампаниясынын адистери өз укуктарыӊыздардын бузулушуна жол бербей жана дагы бузбоого чакырат. Көпчүлүк учурда энергокомпаниянын өкүлдөрү маселени жакшылап түшүнбөй туруп эсеп-дүмүрчөктү төлөөнү талап кылышат.

Сузак районунун тургуну Жанаткан Келдибекова:
– Ушул жылдын башында РЭСтин кызматкерлери жатак мектепти жана аны менен бирге бир линияда жайгашкан менин үйүмдү электр линиясынан өчүрүп салышты. Карызымдын жана башка себептин жоктугуна карабастан электр линиясына кошуу кызматы үчүн электриктин колуна 200 сом төлөдүм. Бирок ошого карабастан электриктер менин үйүмдү электр линиясына кошууга шашылышпады. Мен болсо балдарды мектепке даярдашым керек эле, анын үстүнө кыш мезгилинде караӊгы эрте кирет. Электр линиясына кошууну ылдамдатуу үчүн РЭС кызматкерлери мага 25 метр зым чубалгысын сатып алууну сунушташты.
Жанаткан Келдибекова Жалал-Абад шаарындагы «Либро» ЭКУК КБ ООго кайрылгандан кийин РЭСтин кызматкерлери мыйзам ченемдүү эмес иш-чарасын оӊдоп, өзүлөрү зым чубалгысын алмаштырып, электр менен камсыз кылууну кайрадан жолго салышкан. Кошуу үчүн акы кайра кайтарылып берилген эмес. Анткени абонент акыны кассага эмес, электриктин колуна берген. Ошон үчүн эске ала жүрчү жагдай, кандай кызмат үчүн болбосун, акыны расмий төлөм кабыл алуу пункттарында жүргүзүү керек.
Кийинки окуя пенсионер жана Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунун тургуну жөнүндө. Ажыкан Карасартова ЮНИСОН коомдук фондуна
адилеттүүлүк издеп кайрылган.
«Мен мындай чечим менен макул эмес элем, ошол себептен кол коюудан баш тарткам. Анткени бардык пломбалар жана эсептөөчү каражаттар өз ордунда, эч кандай бузулуу жок болчу. Менин «Энергосбытка» кайрылуумдан майнап чыккан жок. Дебитордук карыздын айынан үйүмө бир нече жолу электр энергиясын берүү токтотулуп, көптөгөн ыӊгайсыздык жаратты»,- дейт Ажыкан Карасартова.
ЮНИСОН коомдук фондунун кызматкерлеринин электр энергиясынын колдонуучуларынын жана жабдуучуларынын укуктары жана жоопкерчиликтери боюнча консультациясынан кийин тийиштүү жерлерге толугу менен окуяны баяндаган кайрылуу түзүү боюнча жардам көрсөтүлгөн. Катта акт түзүү учурунда процессуалдык бузуулар катары эсептелген далилдин жоктугу жана энергокомпания тарабынан кайрылууга өз убагында жооптун болбогондугу көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өндүрүш министрлиги тарабынан жооп жана энергокомпаниянын комиссиясына кат келип, анда 52 149 сом 50 тыйын айып пулдун жокко чыгуусу тууралуу жазылган.
Коомдук борборлордун иш-чаралары кыргызстандыктардан жогоруда аталгандай окуялар жана ыраазычылык каттары жүздөн ашык келип, алар энергетиктер менен болгон татаал өз ара мамилелерди жөнгө сала алгандары жөнүндө айтышат. ЮНИСОН коомдук фондунун Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдук борборлорунун (ЭКУК КБ) иш-чаралары жөнүндө толук маалыматты бул жерден таба аласыздар:
http://energy.unison.kg/content/kontakty
«Үшүбө, Кыргызстан!-II» лекцияларына келип катышууга чакырабыз. Келип жаӊы маалыматты билип, аны колдонуп энергияны жана каражатыӊызды үнөмдөӊүз.
Маалымат үчүн: ЮНИСОН коомдук фонду (http://unison.kg) – көз каранды эмес, коммерциялык эмес уюм, 13 жылдан ашык айлана-чөйрөнү коргоо жана энергетика жаатында мыйзам жаратуу, аналитика жана практика деӊгээлинде улуттук жана эл аралык масштабда туруктуу иш алып барып келет.

ЮНИСОН коомдук фондунун каражатынан төлөндү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан