ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-январдан 17-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптадагы окуя сиздин пайдаӊызга чечилет, анткени күтүүсүз жерден келечектүү ишке туш болосуз. Айрымдар пайдалуу келишимдерди түзүшүп, киреше таап башташат. Сүйүктүү адамына таасир калтыргысы келгендер оригиналдуу сюрприз жасоолору зарыл. Жардам сурап кайрылган досторго кол сунууну унутпаӊыз. Апта акырында келбетиӊизди калыпка келтирүү үчүн активдүү эс алууну тандооӊуз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Эгер аптаны максималдуу түрдө чыгармачылыгыӊызга арнасаӊыз утасыз. Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин иште милдетиӊизди толук аткарбасаӊыз тил угууӊуз ыктымал. Жума күнү сизди кызыктуу жолугушуу күтөт. Ишембиде майда иштерди аткарып, балдар менен алагды болосуз. Жекшембиде күтүүсүз жаӊылык сизди кубандырганы менен, жаӊылтуусу да мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Келечекте ийгиликти багынтуу үчүн азыртан ишке баш-отуӊуз менен киришүүӊүз кажет. Бирок ашыкча активдүүлүктөн жана убаракерчиликтен алыс болуӊуз. Жаӊы адамдар менен баарлашуудан өзүӊүзгө пайда таба аласыз. Жактырган адамыӊыз менен баарлашуу нервиӊиздин чыӊалуусунан арылтмакчы. Дем алыш күндөрү убактыӊыздын көп бөлүгү балдар менен өтөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбү жана шейшемби жол жүрүүгө, жаӊы нерселерди үйрөнүүгө ыӊгайлуу. Бейшембиде маанилүү кеӊешмеге катышууӊуз күтүлүүдө, жетекчиликке өз пикириӊизди ачык айтуу менен колдоо таба аласыз. Жума күнү азгырыкка кирип, ойлонулбаган чыгымдарга жол бербеӊиз. Дем алыш күндөрү организмди тазалоого, ашыкча салмактан арылууга кам көрсөӊүз болот.

АРСТАН (23.07-23.08)
Акча дайыма болуп турушу үчүн алыӊыздын барынча көп иштөөгө туура келет. Максатка жетүүдө фантазияӊызды жана өжөрлүгүӊүздү жумшаӊыз. Таяктын бир учу өз башыӊызга тийбеши үчүн ойлонулбаган сөздөрдү айтуудан, майда нерселерге кейий берүүдөн карманыӊыз. Ойдо жок жерден олжолуу болуп калууӊуз ыктымал. Достор кызыктуу сунуштары менен таӊ калтырышат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жаӊы келишим менен таанышып, кол коюу керектелет. Андан тышкары тиричилик көйгөйлөрүн чечүү, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө, үйгө керектүүлөрдү сатып алуу сыяктуу маселелер чыгат. Убактыӊызды пайдасы жок адамдарга арнагандан качыӊыз. Жеке жашоого келсек, шеригиӊиздин сизге жасаган мамилеси ачууӊузду келтирет. Анын туура эмес жактарын айтып чырдашыӊыз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада баарлашуу, жолугушуулар көп болот. Кулинария, чачтарач же чет тил курстарына жазылууга ыӊгайлуу убакыт. Эски идеяларды жаӊылап алып чыккандар да ийгиликке жетишмекчи. Шаршембиде конок күтүүӊүз ыктымал. Жума күнү чаташкан кырдаалдан куулук жана ички туюмдун шыбыры менен чыгыӊыз. Дем алыш күндөрүн үйдөгүлөрдүн кубанычын теӊ бөлүшүүгө арнаӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Каржылык иштерде жана карьерада ийгиликтүү тилке башталат. Андыктан эркин дем ала берсеӊиз болот. Шейшембиде кызыктуу жана маанилүү маалымат келип түшөт. Учурда сиздин пикирлеш адамдарыӊыз көп болгондуктан аброюӊуз дагы өсмөкчү. Иш канчалык көп болсо да баарына жетишип, үйдөгүлөрдүн да көӊүлүн аласыз. Ишенген адамдарыӊыз камкордукка бөлөп кубантышат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Эмне сатып алууну пландап жатсаӊыз да чыгымдарын алдын ала болжолдоп көрүӊүз. Дем алыш күндөрүн ойдогудай өткөрүү максатында олуттуу жана маанилүү иштердин баарын жума күнгө дейре бүтүрүӊүз. Анан балдарды көӊүл аччу жайларга, мисалы, муз айдыӊына, циркке алып барыӊыз. Ата-энеӊиздикине же туугандардыкына баш баксаӊыз да болот. Эскертүүчү нерсе, үйүӊүздү уурулардан коргоп, ээн калтырбаӊыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башы досторго, тааныштарга жолугуу үчүн жол жүрүүгө ыӊгайлуу. Бирөөлөрдүн сөзүнө кулак салбай, эс алуунун кайсы түрүн тандап алсаӊыз да планыӊызды ишке ашыра бериӊиз. Жума күнү үйдө да, иште да эмоцияны ичке катып, уруш жаратуучу болуудан оолак болуӊуз. Болбосо артында катуу кейип каласыз. Ишемби, жекшембиде кара жумуш жасабаӊыз, жаракат алуу коркунучу бар.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта сизге көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жол ачып берет. Шашпай, кымгуут болбой кайсы иштин арты кандай болорун ойлоп иш жасооӊуз кажет. Чөйрөӊүз чыгармачылыгыӊызга дем берүүчү адамдар менен толукталат. Шаршембидеги көйгөй кенен чай ичүүгө жеткирбейт. Дем алыш күнү сизди кимдир бирөө кандайдыр бир жаӊжалга аралаштыргысы келет, абайлаӊыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада болуп өтчү окуялар бири-бирине карама-каршы келмекчи. Абалды жөнгө салууга акылгөйлүк, тапкычтык керектелет. Артында акча маселеси жаралбашы үчүн бирөөдөн карыз алуудан, ойлонбой эле бир нерселерди сатып алуудан карманыӊыз. Уккан кеӊештериӊиздин туура же туура эместигине ой жүгүртүӊүз. Аян түштөрүӊүздүн бири туура келип кубанасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан