«СУПЕР-ИНФО» ЖЕТКИНЧЕКТЕРДИ КУБАНДЫРДЫ

«Супер-Инфо» гезити жыл сайын Жаӊы жылды утурлай акция уюштуруп, өспүрүмдөрдүн көӊүлүн көтөрүп келет. Салтты улап бул сапар Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы №71-жатак мектебинин окуучуларына белек берип, ырчылар менен концерт тартуулап кайттык.

Балдарга арналган белектерибизди көтөрүп мектеп босогосун аттаарыбыз менен ырчыларды көргөн окуучулар «концерт көрөбүз» дешип, бири-бирине сүйүнчүлөп чуркап жөнөштү.

Кайрат Примбердиев «Поезддеги махабат» ырын аткарып окуучуларды бийлетсе, Нооруз Алымбаевдин «Көк жөтөлүн» өспүрүмдөр кошо ырдашты.

Рэпер Добр сахнага чыкканда зал дуу эте түштү. Ал ырдап баштаганда айрымдары отурган жеринде ыргалып бийлесе, айрымдары чыдабай сахнага жарыша чуркап чыгып бийдин атасын таанытышты.

Мектептеги балдар бир туугандай болуп калышкан. Жеткинчектер белек алганына кубанып бири-бирин кучактап да жиберишти.

Жаш ырчы Руслан Абылов менен кыл кыякчы Залина Касымова Аяз ата, Аяз кыз болуп, өнөрлүү балдарга алып барган таттууларды берип кубантышты.

Окуучулардын бири ырдаса, бири бийлеп, айрымдары өзү жазган ырларды окуп белек алышты.

Буга чейин 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата түрдүү тагдырды баштан кечирип жаткан балдар тууралуу жазганбыз. Алардын бири «Акчага, атак-даӊкка түкүрдүм, ата-энемди кайтарып алгым келет» деген Мирбек уулу Санжар ушул мектептин окуучусу. Санжардын гитара кармаган сүрөтү «Супер-Инфонун» 2016-жылга карата календарына басылып чыкты. Балдар календарды барактап анын сүрөтүн көрүүгө ашыгып жатышты. Санжардын болсо кубанычында чек жок. Концерт бүткөндөн кийин мектептин короосуна чейин чыгып, унаабыз жылып кеткенче узатып карап турду.

Ааламда бир дагы бала ата-энесинен айрылып ажырабаса экен. Бирок тагдыр мен, мага окшогон миллиондогон адамдар ойлогондой болбойт. Куу турмуш айрымдарды чиедей кезинен ата-энесинен ажыратып, элегинен эрте өткөрөт. Бул мектепте окуп жаткан 160 баланын да тагдыры окшош. Бири атасынан ажыраса, айрымдары апасынан, кээ бирлери экөөнөн теӊ айрылышкан. Бул балдарга «Аяз атага кат жазып белек сурагыла» десеӊ, бардыгы ата-энесин кайрып берүүсүн каалашарынан күмөнүбүз жок. Жакындарынын караанын издеген жеткинчектерге ата-эне мээримин бере албасак да, аларды бийлетип, ырдатып, белектерибизди берип кайттык.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
SUPER.KG жатак-мектептин окуучуларына майрамдык маанай тартуулады
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан